Гезитибиздин бул санында ырчы Алан мырза менен кызыктуу маек курдук. Жакында ырчы чыгармачылык жолундагы жеке концертин тартуулады. Жетпей калган сүйүүсү, ырлары жана жан дүйнөсү тууралуу пикир алыштык.
АЛАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:
• Башында “үнү жок” деп музыкалык окуу жайларга өтпөй калган.
• Катуу стресстен улам 2 айга үнүн жоготкон.
• Ырдап жатканда кээде ырдын сөзүн унутуп калмайы бар.
• Учурда 13 ыры бар.
– Алан мырза, ырчылык жолду тандоо өз чечимиңиз болдубу же кимдир бирөө кеңеш бергенби?
– Айтылган кеңештерди угам, кеп-кеңеш айткан инсандарга ыраазымын. Бирок чечимди ар дайым өзүм кабыл алам. Өжөрлүк сапатымдын артынан ырчы болдум окшойт. Алдыга максат койсом, кандай тоскоолдук болсо да жетем. Менимче, бул мырзалар үчүн мыкты сапат.
– Сиз үчүн ийгилик деген эмне?
– Менин ийгилигим – өзүм сүйгөн кесипте иштегеним. Тагыраагы, ырчы болгонум. Мыкты чыгармаларды жаратып, элиме кызмат кылуу мен үчүн маанилүү. Белгилүү ырчыларды көрүп, мен да алардай болуп ийгилик жаратсам деп кыялданам.
– Сиздин ырчы болушуңузда үй-бүлөңүздүн же досторуңуздун таасири кандай болду?
– Үй-бүлөм менен досторум абдан колдоо көрсөтүштү. Алгачкы ырымды жаздырууда алар акча каражатын берип, материалдык жактан да, моралдык жактан да чоң салым кошушкан. Ыр жаздырууда мага кошулуп студияга чейин барган досторум болду.
– Эң чоң коркууңуз жана аны жеңүүнүн жолу?
– Эң коркконум – курт-кумурскалар. Жеңүү жолу – курт-кумурскаларга каршы аэрозолдук каражаттар (күлүп).
– Эмнеге ырларыңыз көбүнчө кайгылуу?
– Бардык ырларымдын сөзү өзүмө таандык. “Сен кеткенде” чыгармамды студияда жаздыргандан кийин жарым жылдай уккан эмесмин. Жоопсуз сүйүүдөн улам кайгылуу ырлар жаралды окшойт. Бирок жетпей калган сүйүүнүн да пайдасы тийди. Акын болбосом да, сезимди кагазга түшүрүп ыр жаза баштадым. Сыноолор келсе сынбаш керек. “Ар бир нерсе жакшылыкка” деген сөздүн чындыгы бар экен.
– Демек, “Сен кеткенде” деген ырыңыз сүйлөшкөн кызыңызга арналып жаралган экен да?
– Ошондой десем болчудай. Ар бир ыр белгилүү бир учурга, окуяга же бир адамга арналат эмеспи. Кээде кырдаалды абдан өзгөрткүң келип турса да, эч нерсе кыла албайсың. Аталган ырдын мааниси дал ушундай сезимдерди чагылдырат. Ошондуктан бул ырды студияда жаздырып алып, кайра өзүм уга албай койгом. Ал кырдаалды кабыл алуу үчүн мага убакыт керек болчу. Жыйынтыгында дал ошол “Сен кеткенде” деген ырым аркылуу таарынычым тараган. Азыр эми абал башка, андагы сүйүүмө кайтып баргым келбейт. Бирок ошол кырдаал аталган чыгарманын жаралышына себеп болуп берди.
– Чыгармачылыкта кризиске туш болосузбу? Андай учурда абалдан кантип чыгасыз?
– Ойлончу суроо экен. Андай кырдаалга туш келсем, жумалап, айлап жата берип, акыры бир күнү өзүнөн-өзү эргүү келет. Обондун кайрыктары ойду кытыгылап, ырдын сөздөрү жаралат. Кээде андай кайрыктар, сөздөр түшүмө кирет. Дароо жазып калууга аракет кылам, унутуп калбайын деп. Негизи чыгармачылыкта кризиске кептелбеш үчүн тынымсыз иштеш керек. Бир орунда токтоп калбай, ар дайым өзүмдүн үстүмдөн иштеп, өзүмдү өстүрүп турууга аракет кылам.
– Чыгарма жаратууда адегенде обонбу же сөзбү?
– Мен үчүн маанилүүсү – обон. Адегенде ырдын обону, андан кийин сөзү жаралат. Менин ырларым көбүнчө сүйүү темасында. Себеби сүйүүнү баштан кечирдим да. Эки чыгармамды бир кызга арнап жараткам. Ойлоп көрсөм, ырды ошол кыз угушу үчүн чыгарган экенмин. Башка тематикада, олуттуу чыгармаларды жаратуунун да убакыт-сааты келер.
– Ырлар кандай учурда жаралат? Тынчтык өкүм сүргөн бөлмөдө, жаратылышта, сапарда, балким, түндө?
– Бардык жерден чыгармачылыкка убакыт таба алам. Бирок сөзсүз жалгыз болушум керек чыгарма жаратуу үчүн. Көпчүлүк бар жерде ойлор чачыранды болуп тоскоолдук жаратат да.
– Өзүңүздүн үнүңүздү кантип таптыңыз? Убакыт өткөн сайын үн деле өзгөрө берет дешет?
– Кантип таптым? Өзүм кумир туткан ырчыларды туурап кайра-кайра ырдап жүрүп таптым десем болот. Албетте, үн өзгөрүлүп турат. Учурда бул тармакта вокалдан сабак алып жатам.
– Ырларыңызга фильм тартылса, кайсы режиссёрго кайрылмаксыз?
– Кытайлык Вонг Карвай деген режиссёрго кайрылмакмын. Анткени анын фильмдери да көбүнчө сүйүү темасында. Стили, өзгөчөлүгү, кадрлары жандуу. Мага жагат.
– Студияда ыр жаздырууда эсте калган окуялар тууралуу айтып берсеңиз?
– Алгачкы ырымды жаздырып, ошол ырдын акыркы версиясын угууга баргандагы окуя эсимде калыптыр. Ошол студияда Гүлнур Сатылганова, Султан Садыралиев, “Элес” тобундагы Хан байке отурушуптур. Менин ырым угузулуп бүтүп, чыгып кетип баратсам алар мага жакшы сөздөрүн айтышты. Толкунданганымдан “рахмат” деп эле бурулуп кетиптирмин. Сыртка чыгып алып аябай уялгам. Учурдан пайдаланып аты аталган инсандарга ыраазычылык билдиргим келет.
– Жан дүйнөңүз ар дайым эргип турсун. Элдин жүрөгүнө жаккан ырларды жарата беришиңизге тилектешпиз!
Мээрим Дербишалыева