Бөлмө гүлдөрүн өстүрүү боюнча кеңештер

1. Чыгыш же түштүк-чыгышты караган терезелер бөлмө гүлдөрүнүн дээрлик бардык түрлөрү үчүн идеалдуу келет. Көлөкө сүйүүчү гүлдөр үчүн батыш, түндүк же түндүк-батышты караган терезелер ылайыктуу. Түштүктү караган терезелер күн нуруна чыдамдуу, жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөр үчүн ылайыктуу. Күн нурун сүйгөн гүлдөргө кактус, суккуленттер, роза жана гибискустар кошулат. Ал эми көлөкө тарапка адиантум, марант, цикламен сыяктуу гүлдөрдү коюу керек.

2. Өзгөрмөлүү аба ырайын жактыра бербеген гүлдөр бар. Мисалы, Бенжамин фикустарын бөлмөнүн шамалдаган жерине коюп койсоңуз, жалбырактары күбүлүп түшүп баштайт. Андыктан эшик-терезени ачып желдетүүдө гүлдөр кандай реакция кылганын байкоо керек, жалбырактары түшүп, саргарып же башка белгилер байкалса, бөлмөнү желдетүүдө аларды башка бөлмөгө коё туруңуз.

3. Азалия гүлүн жактыргандар үчүн кеңеш: азалия гүлдөп турган учурда анын топурагы ным бойдон турушу керек. Бир аз кургаса эле гүл соолуп калышы ыктымал. Ошол эле учурда ашыкча сугаруунун да кереги жок. Топурак нымдуулукту сактап турса болду.

4. Бөлмө гүлдөрүнүн топурагын алмаштыруу жана аны башка идишке көчүрүү процесси бир жылда бир же эки жылда бир болгону жакшы. Оюңа келгенде эле көчүрө берүүгө болбойт. Мисалы, фикусту 2 жылда бир көчүрүү сунушталат, андан эрте болбойт. Көчүрбөй коюуга да болбойт, анткени гүл өскөн топуракта пайдалуу заттар, минералдар калбай калат да, гүл “оорукчан” болуп калат. Негизи гүлдөрдү жазында же күзүндө көчүрүү жакшы.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1194, 31-октябрь-6-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан