Кыш жакындаганда Кыргызстанды электр жарыгы менен камсыздоо маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Бийлик кышында свет өчүрүүлөр болорун ачык эле билдирүүдө.
Мисалы, президент Садыр Жапаров 27-октябрда Кара-Көл мини ГЭСинин ачылышында өлкө энергетикалык кризистен чыгышы үчүн дагы 2,5 жыл керек экенин айтты.
– Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз. Көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер салынып, ишке берилип жатканы менен завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала-бакчалар курулуп, алар да электр кубатын көп колдонушуп, электр энергиясынын дефицитин кууп жете албай жатабыз. Кудай буюрса, 2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой, 30 жыл чыдаган жаныбыз дагы 2,5 жыл чыдап коёлу,- деди президент Жапаров.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев “кышка толук даярбыз деп айтууга эрте” дейт. Ал кышындагы кыйын абалдан электр жарыгын үнөмдөө аркылуу чыгуу керектигин, анткени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан кыйла аз экенин белгилеп жатат. Өлкөдө эмитен эле электр жарыгы маал-маалда өчүрүлүп, бул көрүнүш нааразы пикирлерди жаратууда.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү учурда 10,8 миллиард метр кубду түзүүдө. Былтыр бул маалда ГЭСте 12,5 миллиард метр кубга жакын суу бар эле.
Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы боюнча рекорддук деңгээл 2008-жылы катталган. Анда кышка жакын 9,5 миллиард метр куб гана суу топтолуп, өлкө боюнча тынымсыз свет өчүрүүлөр болгону белгилүү. Айтылуу “тезек тергиле” деген сөз ошол учурда айтылган.