Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Демек, ушунча нерсени көтөрүп өлбөсөм, менин бул жашоодо дагы жасай турган ишим бар экенин сездим. Сиз менсиз калсаңыз катуу кыйнала турганыңызды билдим. Тагдырга эмне жазса, ошону көтөрүү керек дешет, менин дагы да болсо көтөргөнгө алым бар окшойт. Эне болгум келген, мен жана Жараткан гана билет, бул наристени канчалык күткөнүмдү, үмүт кылганымды... Бирок болбоду, айла жок.

– Мени кечир, мен сени, наристебизди сактай албай калдым. Сени бардык нерседен коргойм дегем, тескерисинче, бардык башыңа келген жамандык менин айымдан болууда. Сен кечирсең деле, мен өзүмдү кечире албайм.

Акбар Айкөлдүн тизесине башын коюп ыйлап жатты. Кайсы бир убакта ал апасынын тизесине башын коюп ыйлады бекен? Дегеле бир аялзатына ушул аялга муктаж болгондой муктаж болду бекен? Апасы көп учурда улуу байкесин эркелетип жакшы көрчү. Акбар бала кезинде “эч качан балдарымды биринен бирин айырмалап жакшы көрбөйм, бирин жакшы көрсөм да, аны билгизбейм” деп ойлочу. Анткени агасын ушунчалык жакшы көргөнүнө карабай, апасынын ага караган көздөрүн көргөндө кызганыч жүрөгүн уялачу. Мени деле ушинтип бооруна кысып кучактаса дечү, бирок апасы үчүн жалгыз агасы гана бар сыяктуу эле. Кийин агасы эрте каза болуп калганда аркасынан бат эле апасынын көзү өтүп кетти. Кийин аялына ушунча жакын болдубу? Мариям анын акылдаша турган адамы, сырга бекем ишенимдүү жары,  бекемдиги жана чыдамкайлыгы менен аны суктандыра турган аял эле. А бирок жан дүйнөсү менен багынып, анын жанында алсыздыгын, көз жашын көрсөтө турганчалык жакын эмес эле. Көрсө, эркек мындай жакындыкты бир гана аялдан ала алат тура. Ушул жакындыкты Айкөл да жүрөгү менен сезип турду. Күйөөсүнө сыртынан ал муктаж көрүнгөнү менен, Акбар ага муктажыраак экенин сезип турду. Бул аял үчүн болуп көрбөгөндөй сыймыктуу нерсе эмеспи. Бир адам ага муктаж болуусун сезүү, анын жашоосунда дем бере ала турган бир улуу касиети бар экенин билүү ар бир аялга бакыт эмеспи. Куду жаш баладай ийини солкулдап, тизесинде ыйлап жаткан күйөөсүнүн чачынан сылап жатты.

– Баары жакшы болот,- деди акырын шыбырай.

– Кайраттуум менин, сенин күчүңө рахмат.

– Мен ал күчтү сизден алып жатам. Мени күчтүү кылган сиздин сүйүүңүз,  ким эмне десе да сиздин жаныңыздамын.

– Мени таштаба, кандай күн болсо да мени таштаба, жаным.

Акбар анын алакандарын өптү. Көз жашын аарчып, оор үшкүрдү. Чарчаганын сезди. Ал өмүр бою адамдар менен күрөшүп келген, кандай болсо да бир жолун тапканды билчү. Бирок бул жолу каршысында турган адамдар өз балдары жана 20 жылдан ашуун бир жаздыкты бөлүшкөн жары болуп жатпайбы. Алар менен кантип согушуу керек, эмне менен куралдануу керек түшүнө албады. Бирок ушул боюнча жайына койсо, алар кайрадан чабуулга өтө турганын да сезип турду.

– Адамды эки ара жолдо калтырбасын Жараткан,- деди чарчаңкы.

– Кызым, менин кызым ушундай нерсеге барат деп эч ойлогон эмес элем. Эмне дээримди билбейм. Макул, ызасын түшүнүп турам, мага айта албаган нерселерин, түшүнө албай, түшүндүрө албай жаткан таарынычын билип турам. Бирок адамга кол салуу деген эмне? Мен ушундай кылып тарбияладым беле буларды? Башым жетпейт. Мендеги эң жакшы нерселерди балдарыма арнагым келди. Ушулар жакшы тарбия алсын, жакшы нерселерге жетишсин дедим. Бирок эң башкы нерсени бербей калган окшойм. Адамгерчилик деген нерсени бере албаган окшойм.

– Баары өттү-кетти, болгон окуяны оңдой албайбыз. Үйгө кетели, эс алыңыз. Абдан чарчаганыңыз билинип турат. Мен да чарчадым.

– Врач сени дагы бир күн калсын деди. Биротоло жакшы болуп чык, Айкөлүм. Эртең алып кетем. Сен айткандай баары жакшы болот!

ххх

Мариям Саниянын жанында отурду. Көздөрү чарчаңкы. Эмне кыларын билбей калган сыяктуу.

– Тигиниси арыз жазыптыр кызыма, атасы “эмне болсо ошол болсун” деп койду. Наргиза болсо көгөрүп отурат. Белек эмне кылып жүрөт, бир Кудайдын өзү билет. Кичүүм ооруп калды, беркиси мектепке барбай жатат. Эмне кыларымды билбей калдым, Сания. Акыл кош. Эмне кылсам болот?

– Элдин алдына ачыктап сал! Болгонун болгондой айтып, абийирин төгүп сал!

– Эмне-е?

– Мыкты канал бар, курбумдун каналы, элдин баары көрөт. “Меценат, көрүнүктүү Акбар Азизовичтин аялы арманын айтып чыгыптыр” десе болду, эл шар аккан суудай кетет деп кой. Аброю, ушуга чейин топтогон кадыр-баркынын баарын топон суу агызгандай кетти дей бер.

Мариям коркуп кетти. Андай жолго бара албайт болчу. Жанталаша башын чайкап жиберди.

– Жок, Сания, ал кандай болсо да менин балдарымдын атасы. Интернет айдыңында бул нерсе түбөлүккө калат да. Көргөн сайын балдарымдын жүрөгү тилинеби? Башка жол издейли.

– Сен өч алгың келеби?

– Акбарданбы? Жок, мен болгону анын кайра бизге келишин каалайм. Ансыз болбойт экен жашообуз. Дем алып жатам, бирок аба жетпей жаткандаймын. Жашап жатам, бирок тирүү өлүктөймүн. Мен эле эмес, балдардын да жашоосунун маңызы атасы экен. Ал жокто томсоруп, ар кимиси ар жерде. Ал келди дегиче чогулуп, атасы менен кобурашып калышат. Кадимкидей жандана түшүшөт. Ансыз болбойт экен жашообуз. Мен анын мурункудай эле үй-бүлөбүз менен чогуу болушун каалайм.

– Айкөлдөн да өч алууну   каалабайсыңбы?

– Каалабайм деле. Болгону жашообуздан кетсин.

– Мариям, сен кандай аялсың деги? Мен сага жол көрсөтүп жатам, а сен туруп алып мага “мать Тереза” болуп чыга келесиң. Аны каалабайм, муну каалабайм дейсиң да. Анда эмнени сурап жатасың менден? Жардам бер деп жатасың, мен сага мен билген жолдорду айтып жатам. Кантип экөөнөн өч алууң керек экенин...

– Коомчулукка билгизбей эле...

– Эртең дагы боюнда болот. Ал жаш аял, шуулдатып дагы экини төрөп берсе, Акбар сенин балдарыңды  унутат. Ошону каалайсыңбы? Өмүр бою сенин балдарың атасынын сүрөтүн гана көрүп, өзүн көрбөй калышын каалайсыңбы?

– Жок!

– Анда чеч, чечим чыгар! Эгерде баарынан өч алгың келсе, кемелерди өрттө! Акыркысына чейин өрттөп сал. Анан Акбардын абалын көрөбүз.

Сания табасы кана сүйлөп жатты. Куду Акбардын аброюн жерге чапса, бүтүндөй эркек аттуунун баарынан өч алчудай ызасы кайнап жатты. Өзүнүн башка эркектерден ала албай калган өчүн чогултуп туруп Акбардан алчудай оолукту. Мариямдын ичиндеги отко бензин чачып жатты.

ххх

Эртең менен үйгө чыгууга камданып жаткан Айкөл палатанын эшиги тыкылдаганынан ачты. Маңдайында Мариям турган экен. Бири-бирин бир саамга тиктеп калышты. Айкөл салам айтты. Мариям суз башын ийкеди.

– Сүйлөшкөнү келдим.

– Келиңиз.

Айкөл столдо отурган аялды тике карады. Чарчаңкы көздөрү, санаалуу жүзүн байкады. Мариям тиги кызды таң кала тиктеп калды. Айкөлдүн көздөрүндөгү жылуу мээримди байкады. Душманындай  жектеп карабаганына, “кандай неме болду экен?” деп кызыгып тиктебегенине же “мен сенин күйөөңдү тартып алдым” дегенсип кыйын болуп текебер карабаганына таң калды. Аны жөн гана  түз тиктеп турду. Ушул көз караштан айта турган оюн жоготкондой боло түштү Мариям.

– Арыз жазыпсың менин кызыма...

– Ооба, ачуум менен жазгам. Бирок кайра ойлондум. Кабатыр болбоңуз, арызымды кайра алам. Сиз бул үчүн келсеңиз...

– Жок, бул үчүн келбедим. Акбарды коё бер дейин деп келдим.

 

 (Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1195, 7-13-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан