«ДАҢАЗАЛУУ ДООРДОН» ДА КЫМБАТ “АЛЫСКЫ ШААР” СЕРИАЛЫ

Түркияда эле эмес, он чакты өлкөдө популярдуу болгон “Алыскы шаар” (“Uzak Sehi”) сериалы тууралуу сөз кылалы дедик. Тасма тартылары тууралуу маалымат чыкканда анын ийгиликке жетпей турганын айткандар көп болгон. Бирок тагдыр оюну алардын оюн башка нукка бурууга аргасыз кылды. Түрктөрдүн көптөгөн кинолорунда адатка айланган клан, мафия, сүйүү үч бурчтугу, үй-бүлөлүк карама-каршылыктар бул сериалда да абдан кенен...

 

Тарткан өлкө: Түркия

Чыккан жылы: 2024-жыл 1-сезон, 2025-жыл 2-сезон

Жанры: драма, криминал, мелодрама

Режиссёру: Ахмет Катыксыз жана Эмре Айбек

Баш каармандардын ролунда: Озан Акбаба, Синем Унсал, Гонжа Жиласун, Мүфит Каяжан жана башкалар

 

Эмне жөнүндө?

Алия баласы Дениз жана күйөөсү Боран Альбора менен Канадада жашап жаткан. Айттырбай келген кырсык алардын үй-бүлөсүнө аза кайгысын салды. Боран автокырсыктан каза болду. Жолдошунун сөөгүн өз мекенинде, түрктөрдүн каада-салты менен жерге берүүнү көздөгөн аял Мардинге барууну чечет. Бирок ал жакта Альборалардын үй-бүлөсүнүн өзүнүн мыйзамы бар болчу. Ал мыйзамда Алия үчүн орун жок эле. Тескерисинче, ал өзү үчүн, баласы үчүн Альборалар кланы кооптуу экенин сезет. Баласын алып кайра Канадага кетем дегенине клан каршы чыгып, "баланы калтыр да, өзүң кете бер" дешет. Бирок Алия баласын калтырып кете алмак эмес. Ушул учурдан баштап ал чиеленишкен, кооптуу үй-бүлө менен кармашка бет алат...

Сериалда мурда көрүп жүргөн эле темалар. Бирок көпчүлүктүн жашоосунда бар маселелер, жасалмалуулуктун жоктугу, мыкты актёрдук чеберчилик, анан да эмне болуп кетер экен деген кызыгуу көрөрманды сериалга байлагандай.

“Даңазалуу доордон” да кымбат

“Алыскы шаар” сериалы түрк кинематографиясындагы эң кымбат долбоорлордун катарына кирди. Буга актёрдук курамга төлөнгөн олчойгон гонорар, тартуучу топтун эмгек акысынан тышкары эски таш үйлөрдү реконструкциялоо иштери да кирген. Тасма жаратуучулар кооз локацияны компьютердик графиканын жардамы менен жараткысы келген эмес. Андыктан бардык кадрлар чындыкка дал келиши үчүн бир нече таш үйлөр реконструкцияланган, оңдолчусу оңдолуп, куруу иштерине убакыт, акча сарпталган.

Актёрлор кийген кийимдер, асем буюмдар, курал-жарактар жана башка реквизиттердин баары буюртма менен жасалган.

Баш каарман Жихандын автоунаасы атайын тасма үчүн “күчтөндүрүлгөн”. Жихандын Range Rover унаасы тасмадагы негизги каармандардын бири десек болот. Мидьяттын кууш көчөлөрүндө чымын-куюн болуп куугунга түшүүгө, атышуу сценаларына катышууга, талаа-түздө жүрүүгө кадимки унаанын алы жетпейт эле. Андыктан корогон көп суммадагы каражатка карабай унаа кайрадан жасалып чыккан.

Айтор, жалпылап келгенде 1-сезондун ар бир сериясын тартууга 2 миллион лира (4 миллион сомдон жогору) каражат кеткен. “Даңазалуу доорго” да мынча каражат кеткен эмес дешет сериалдын жаратуучулары. Сериал тартылып, экранга чыгууга даярдалып жаткан учурда эле ондон ашык өлкө аны көрсөтүү укугун сатып алышкан. Баса, “Алыскы шаар” көрүү боюнча да “Даңазалуу доордон” озуп кетти. “Алыскы шаар” – 7,2 баллдык (10 баллдык шкала менен эсептелет) рейтингде, ал эми “Даңазалуу доор” – 6,9 көрсөткүчтө турат.

Депутатты тыйган эл

Биринчи сериясы экранга чыгары менен Түркияда чыныгы резонанс жараткан. Мардин аймагынан чыккан депутаттардын бири сериалды катуу сынга алды. Анын ою боюнча, сериалда шаар тургундары терс өңүттө чагылдырылган, сюжетте эскирген салттарды, кылмыштуу элементтерди жана азыркы реалдуулукка туура келбеген патриархалдык жашоо образы көрсөтүлгөн. Кызыгы, депутаттын сөзүнө коомчулук күтүүсүз реакция жасаган. “Алыскы шаарды” күйөрмандары гана эмес, Мардиндин жашоочулары да коргоп, долбоорду кемсинтүү катары эмес, салт менен заманбап жашоонун карама-каршылыгын терең көркөм чагылдыруу катары кабыл алышканын айтып чыгышкан. Ошону менен эл өкүлүнүн сөзү мамлекеттик деңгээлге чыга албай, айтылган сөз боюнча кала берди.

Башка актёрлор тартылмак...

Ооба, азыр экрандан көрүп жаткан актёрлор эмес, башкалар ойномок “Алыскы шаарда”. Кимдерди көрмөк эмеспиз: Жихан Альборанын ролундагы актёр Озан Акбаба башында “Менин энем Анкара” сериалына тартылмак. Бирок ал сериалдан баш тартып, Жихандын образын жаратууга макул болгон. Ал эми Алиянын ордуна актриса Эсра Билгич каралып жаткан, бирок акыры роль Синем Унсалга буюрган. Актриса Гонжа Жиласун негизи эле сериалдарга тартылууну токтотуп турууну чечкен экен. Бирок оюн өзгөртүп, “Акыркы шаарда” Фидандын ролун ойномок болот. Сценарийди окуп чыккандан кийин өзүнө Садакаттын образы туура келерин байкайт да, режиссёрго барып Садакаттын ролун сурап алган. Журналисттерге берген маегинде бир күнү үйүнө такси менен бара жатса, таксист Садакаттын жаман аял экенин айтып урушуп барган, Гонжа айым өзү жөн гана актриса экенин, Садакат сериалда гана болорун түшүндүрө албай койгонун айткан. 

Кичинекей жылдыз

  • Көпчүлүктүн сүйүктүү каарманына айланган Дениз Альбораны кичинекей актёр Кузей Гезер жаратты. Кузей 2019-жылы Стамбулда төрөлгөн. Тасма талаасында жаш актёрду апасы жана эжеси коштоп жүрүшөт. Эжесинин ысымы – Дениз.
  •  “Алыскы шаар” ливандыктардын “Al Hayba” аталышындагы сериалынын ремейки. Экөөнү салыштыра келгенде түрктөрдүкү оригиналдан эки эсе жакшы чыккан. 1-сезондун сюжети так оригинал версияныкындай, ал эми 2-сезондун сюжети түрк сценаристтеринин эрки менен жазылгандыктан, Альбора кланынын окуясы кантип бүтөрү окурманга кызык бойдон калууда. Учурда 2-сезонунун 8 сериясы гана экранга чыкты.
  •  Башка көптөгөн түрк сериалдары сыяктуу эле “Алыскы шаар” да Мардинде (Мидьят) андан сырткары Стамбулда тартылган.
  •  Азербайжан да аталган сериалды тартуу укугуна ээ болду. Алардыкы “Унутулган шаар” деген аталышта жана 30 серия менен чыгары айтылууда.
  •  Түркияда 2025-жылдын “Мыкты сериалы” сыйлыгына ээ болду.
  •  Сериал тартылгандан кийин анын локацияларын көрүү максатында Мардинге келген туристтердин саны көбөйүп, бир жылда бир нече миллион лира бюджетке түшкөнүн маалымдаган шаар бийлиги.
  •  Актёрдук курам атка минүүнү, курал колдонууну, Мардиндин акцентин үйрөнүүгө көп убакыт коротушкан. Андан сырткары тартуу иштери да көп убакытты алган. Биринчи сезондо Мардинге актёр-актрисалар өздөрү эле келишсе, 2-сезонду жаратуу үчүн үй-бүлөлөрүн кошо көчүрө келишкен.

 

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1195, 7-13-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан