ТЕРИНИН СУЛУУЛУГУН КАМСЫЗ КЫЛГАН РЕТИНОЛ

Косметологияда ретинол заты териге тийгизген көп түрдүү таасири менен белгилүү: теридеги ашыкча майлуулукту жоготот, жаш куракка байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын алат, майда бырыштарды жазат жана башка. Бирок бул көрсөтмөлөрдү окуп алып эле, курамында ретинол бар косметика каражатын сатып алууга ашыкпаңыз. Туура эмес колдонуу менен териге пайда эмес, зыян келтирип алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Макаладан ретинол деген эмне, аны кантип колдонуу керек жана кимдерге болбой турганы тууралуу маалыматтарды табасыз.

 

Кандай иштейт?

Ретинол – бул ретиноиддер тобундагы зат. А витамининин туундулары же башкача айтканда, анын структуралык аналогу болуп саналат. Ретинол бар базалык кам көрүүчү каражаттарды туура колдонууда байкаларлык жакшы таасир берет. Туура эмес колдонууда тери сезгенип кетет.

Ретиноиддер териге клеткалык деңгээлде таасир этет. Колдонгондон кийин алар эпидермиске кирип, ферменттердин таасири астында акырындык менен А витамининин активдүү формасы ретиноин кислотасына айланат. Дал ушул кислота тери клеткаларына таасир этет жана алардын ички процесстерин "кайра программалайт", “уктап бараткан” тери клеткаларын толук кандуу кайра ишке киргизет. Мунун натыйжасында төмөнкүдөй таасирлер байкалат:

 Тери жаңыланат. Жаш кезде теринин үстүнкү катмары болгон эпидермис ар ай сайын (28 күн) жаңыланып туруу касиетине ээ. Теридеги өлгөн, катыган, кургаган клеткалар өзү түшүп, алардын ордун жаңы клеткалар ээлейт. 30-40 жаштан баштап теринин жаңылануусу 2 ай (50-70 күн) же андан көп убакытты талап кыла баштайт. Менопаузадан кийин андан да көп убакыт талап кылынышы ыктымал. Натыйжада теринин “өлүк” клеткалары эпидермистин бетине чогулуп, май бездерин жаап салышат. Тери бозоруп, жылтырабай, кургап, түлөп, бырыштар жана майда тактар пайда болот. Теринин поралары чоңоюп, безеткилер чыгып баштайт. Ал эми ретиноиддер жаңылануу процессин тездетүүгө жардам берет, теринин жылмакайлыгын, нымдуулугун жана бир калыпта тонуста болуусун калыбына келтирет, пораларды ичкертет, тери жаңыланат.

Терини жашартат. Теринин ийкемдүүлүгүнө фибробласт клеткалары тарабынан өндүрүлгөн структуралык белоктор – коллаген жана эластин заттары жоопкерчиликте. Булар да жаш кезде жетиштүү деңгээлде бөлүнүп чыгып, териде көйгөй жаралбайт. Убакыттын өтүшү менен коллаген жана эластиндин бөлүнүп чыгышы жайлайт, натыйжада тери шалбырап, ийкемдүүлүгүн жоготот. Ретиноиддер болсо теридеги структуралык белоктордун жетиштүү өлчөмдө бөлүнүп чыгышына көмөкчү болот.

Акне менен күрөшөт. Акне эмнеге чыгат – теридеги май бездери көп жана активдүү иштегенинен улам. Май көптүгүнөн теринин поралары толуп, бездердин иштешине тоскоолдук жаратып, териде “тыгын” пайда болот. Бул тыгындардын баштары кычкылтектин таасири астында кычкылданып, кара чекиттерге айланат. Бул тыгындар сезгенүүнү жана жарылууну пайда кылган сutibacterium acnes бактериясынын көбөйүшүнө шарт түзөт. Ретиноиддер майдын өндүрүшүн жөнгө салуу менен көйгөйдүн тамырын чечүүгө жардам берет.

Тактардын алдын алат, азайтат. Биздин терибизди ультрафиолет нурларынан сактап турган меланин деген зат экенин билебиз да. Меланин организмдеги табигый боёк деп саналат. Тери жабыркаган учурда ошол жерди коргоо максатында меланин көбүрөөк бөлүнүп чыгат да, териде так пайда болот. Безеткиден кийин, тытык, тешик жана башка жаракаттардын ордун так басканы меланинден улам. Ал эми ретинолду колдонгондон кийин тери жашарып, жаңыланганда меланин “коргоо” процессин азайтып, тактардын өңү да теринин табигый түсүнө жараша өзгөрүп, билинбей баштайт.

Терс натыйжа

Ретинолду колдонор замат укмуш сонун жыйынтык көрөм деп ойлонбош керек. Анткени бул зат теридеги клеткаларды башынан баштап иштөөгө түртөт. Андыктан башында жагымсыз эффекттер байкалышы мүмкүн. Эң биринчи эле тери түлөп, сыйрыла баштайт. Теринин бул катмары ультрафиолет нурларынан, бактерия, аллергендерден коргоп турат. Эгер ретинолду акырындан көндүрүп колдонбосо, көп өлчөмдө пайдаланса терини жабыркатып салат.

Акырындап көбөйтүү

1. Алгач курамында 0,1% ретинол бар гана косметикалык каражат алабыз. Муну менен биз тери менен ретинолду тааныштырабыз. Бири-бирине кандай реакция кыларын байкайбыз.

2. Аптасына 1-2 жолу гана сүйкөңүз. 2 апта колдонуп көрөбүз.

3. Эгер териде терс таасирлер байкалбаса, 3-аптадан баштап 2 күндө бир сүйкөп баштаңыз.

4. Байкаңыз, териде эч кандай сезгенүү белгилери байкалбаса 5-аптадан баштап күнүгө колдонгонго өтүү керек.

5. 3-5 ай ушул ыкмада колдонуу керек. Андан кийин курамында 0,3-0,5% ретинол бар крем алабыз. Бир жылдан кийин гана 0,5-1% ретинолго өтсө болот 

Качан?

Ретинол ультрафиолет нурларын, күндү, негизи эле сырткы факторлорду көп жактыра бербейт. Күнгө чыкканда кычкылданып, таасирин жоготот. Андыктан ретинол бар каражатты кечинде жатарда гана колдонуу зарыл.

Кантип колдонобуз?

!!! Ретинол колдонордон мурун дерматолог менен кеңешип алган туура.

 Алгач бетти жумшак таасирлүү тазалагычтар менен жуу керек. Жуучу каражаттын (гель, пенка жана башка) курамында агрессивдүү ПАВ, щелочтуу компоненттер, спирт болбошу керек.

 Ретинол суу менен кез келгенде таасирин күчөтөт, активдүү иштеп баштайт. Андыктан кургабаган бетке сүйкөбөңүз, тери сезгенип кетиши мүмкүн.

“Канча көп болсо, ошончо жакшы” деп балтайта көп сүйкөгөн болбойт. Жупжука катмар гана сүйкөңүз (2-3 тамчы жетет).

 Массаж жолу менен сүйкөө ыкмасы да жарабайт. Тери ретинолго сезимтал келет, укалоо ыкмасын колдонсоңуз тери кызарып, кычышуу күтүлүшү мүмкүн. Манжалардын учу менен акырын сүйкөп коюу жетет.

  Көздүн тегерегиндеги териге сүйкөбөңүз. Бул аймакта тери өзгөчө жука жана тери астындагы май жок болгондуктан, анын коргонуу касиеттери дээрлик жокко эсе. Сезгенүү процесси дароо байкалат – көз кызарып, шишик, кургактык жана тери тартылышып ыңгайсыздык жаралат.

   Ретинол сүйкөгөндөн 15-20 мүнөттөн кийин курамында церамид, эркин май кислоталары, холестерин, ниацинамид заттары бар кремди сөзсүз колдонуу керек. Бул крем теринин коргонуу катмарын сактап, нымдуулукту сыртка чыгарбай, теринин ашыкча кургап кетүүсүн алдын алат.

   Ретинол колдонгондо баары бир тери кургап, сыйрылат. Кургап жаткан терини кол менен сүргүлөгөн болбойт, скраб да колдонбоңуз. Аптасына эки жолу энзим пудрасын колдонуп тазаласаңыз жарашат.

  Ретинол күндү, ультрафиолет нурларын жактырбайт дедик. Андыктан жылдын кайсы мезгили болбосун эшикке чыгарда, үйдө болобу күндөн коргоочу spf кремин колдонгонду унутпаңыз.

Көнүү же аллергия?

Ретинолду колдонуп баштаганда териде көнүү процесси акырындык менен жүрүшү керек. Тери акырындап кургайт, түлөйт, жукаргандай сезилет. Биринчи сүйкөгөндө бир аз кызарышы мүмкүн. Бул адаптация процесси 1-1,5 айга созулат. Эми көнүү процесси менен аллергияны алмаштырып албаңыз.

Эгер ретинолду сүйкөгөндөн кыска убакыттан кийин эле тери күйүп жаткандай аябай ачышса же  кычышса, кызарса, шишисе, ыйлаакчалар чыкса же башка терс белгилер байкалса, тери көнүп жатат деп күтүп отуруу болбойт. Бул теринин ретинолго каршы аллергиялык реакциясы. Бул учурда ретинолдон баш тартабыз, терини жууйбуз да, дароо дерматологго баруу керек.

 

Асыл Орозбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1196, 14-20-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан