Той дасторконуна же той себеттерге нан пирамидалары, той боорсок, булочканын түрлөрү коюлууда. Аларды буйрутма берип жасатып жатышат. Бирок “өзүбүз жасасак болобу?” деген суроосу бар айымдар да көп. Аларга ашпоз Канимет Жеңишов рецепттерди сунуштайт.
ПИРАМИДА НАН
Керектелүүчү азыктар (бир пирамида үчүн):
Жогорку сорттогу ун – 1 килограмм
Каймак май же маргарин – 150 грамм
Суу – 450 миллилитр
Ачыткы – 12 грамм
Кумшекер – 50 грамм
Туз – 15 грамм (1 аш кашык)
Кооздоо үчүн:
Жумуртка – 1 даана
Айран же сүт – 2 аш кашык
Кара жана ак күнжүт
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач унду элеп алабыз.
2. Жылуу кол күйбөгөн сууга кумшекер менен ачыткыны жана 2 аш кашык ун салып аралаштырып апара даярдайбыз. Үстүн жаап, жылуу жерге 10-15 мүнөт коёбуз.
3. Камырга эритилген каймак майды куябыз. Ачыткы аралашмага тузду кошуп эритип, унга куюп жумшак камыр жууруйбуз.
4. Камырды жылуу оройбуз, 2-3 саатта ачыйт.
5. Камырды биринен бири кичирээк болгон 6-7 бөлүккө бөлөбүз. Тоголоктоп, үстүн майлык же целлофан менен жаап көтөрүлгөнчө күтөбүз.
6. Көтөрүлгөн субалаларды ортосунан баштап жукартабыз. Чекеси 2-3 сантиметрдей калың бойдон калат.
7. Электр табасына 2-3төн салабыз. Ортосун атайын нанга сүрөт түшүргөн басма менен басып, ал болбосо вилка менен сайгылап коюу керек. Бул ортосу көтөрүлүп кетпеши үчүн зарыл. Чекелерин 3-4 сантиметр аралыкта кыйгачтап бычак менен кесип же кол менен чымчылап чыгабыз. Бетине чалынган жумуртканы сүйкөйбүз. Кара күнжүттөн гүл сымал 5-6 жерге сээп, ак күнжүттү бардык бетине себелейбиз.
8. Даяр болгон нандарды 180 градуста 20 мүнөт коюп бышырабыз. Муздаган соң гана пирамида кылып тизебиз.
ТОЙ БООРСОК
Керектелүүчү азыктар:
Жогорку сорттогу ун – 1 килограмм
Кумшекер – 30-50 грамм
Сүт – 120 миллилитр
Суу – 250 миллилитр
Ачыткы – 10 грамм
Өсүмдүк майы – 25 миллилитр
Каймак май же маргарин –
85 грамм
Туз – 15-20 грамм
Бышыруу үчүн өсүмдүк майы
Даярдоо ыкмасы:
1. Жылуу сүткө жылуу сууну, кумшекер жана 1 аш кашык ун кошуп апара жасап коёбуз. 10-15 мүнөттө көөп чыгат.
2. Эленген унга эриген майды, өсүмдүк майын кошобуз. Ал эми апарага тузду кошуп аралаштырып, унга кошуп камыр жууруйбуз. Жылуу ороп, өзүнөн 2-3 эсе көтөрүлүп ачыганча күтөбүз.
3. Камырды субалага бөлүп, үстүн жаап тыныктыра турабыз. Жукалыгы 0,4-0,6 миллиметрлик жайымдарды жайып, кичине тегерек форма менен кесебиз.
4. Көп өлчөмдөгү ысып турган майга салып боорсокторду бышырып чыгарабыз. Даамдуу, жумшак той боорсоктору даяр.
КРУАССАН БУЛОЧКА
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 600 грамм
Каймак май – 80 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сүт – 170 миллилитр
Суу – 140-150 миллилитр
Ачыткы – 10 грамм
Кумшекер – 50 грамм
Туз – 12 грамм
Толтурмасы үчүн:
Эритилген жумшак шоколад, джем, повидло же кумшекер колдонсоңуз болот.
Даярдоо ыкмасы:
1. Сүттү ысытып, оттон чыгарып, каймак майды салып эритип алабыз. Үстүнө жылуу сууну кошобуз. Бул аралашмага кумшекер, туз, ачыткыны кошуп аралаштырабыз. Ачыткы кошуп жатканда суюктук жылуу болушу керек. Болбосо ачыткы күйүп, көппөй калат. 10-15 мүнөт үстүн жаап коё турабыз.
2. Унга жумуртканы чегип, үстүнө апараны кошуп камыр жууруйбуз. Камыр жумшак, колго жабышчаак болушу мүмкүн, бул убакта ун кошпош керек. Колго өсүмдүк майынан куюп ийлей берсек камыр жабышпай калат. Жумшак камырдан көөп турган, жумшак булочкалар чыгат. 2-3 саатта ачыйт.
Эгер батыраак ачышын кааласаңыз, бат көтөрүүчү ачыткы кошуңуз.
3. Даяр камырды 4-5 субалага бөлүп, кол менен калыңдыгы 0,6 миллиметрлик жайымдарды жаябыз. Жайымды пицца сымал үч бурчтук 8 бөлүккө бөлөбүз. Четтерине толтурмадан бир чай кашыктан салып, бурчту карай оройбуз.
4. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, булочкаларды салабыз. Беттерине жумурткадан сүйкөп, 50 градуста ысып турган электр мешине 10 мүнөт коёбуз. Бул убакта булочкалар жакшы көөп чыгат. Мындан соң гана 180 градуска көтөрүп, 15-18 мүнөт коюп бышырабыз.
5. Даяр болгон булочкалар муздаган соң идишке салып, кумшекер упасынан себелейбиз.
Асел Ишенбай кызы