Үлгүсү – Toyota Camry 35
Чыккан жылы – 2004
Кыймылдаткычынын көлөмү –2400 сантиметр куб
Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 210 чакырым
Баасы – 10 миң доллар
– Салам, Каныбек мырза! Автоунааңыз менен таанышалы. Кана, жоргоңузду бир мактаңызчы анда...
– Саламатсызбы? Бул унааны алганыма 3 ай болду, Кыргызстанда мындай унаалар көп эле. Менимче, Toyota’лардын эң “жумшагы” ушул болуш керек. Экөөбүз тил табышып жакшы “сүйлөшкөнгөбү”, айтор, жолдо калтыра элек. Калтырбай эле койсун.
– Мырзалар автоунаасын улам жаңысына, күчтүүсүнө алмаштыргысы келишет, сизде андай нерсе жок окшойт?
– Негизи, бардык нерсенин жаңысы жана чоңу жакшы. Бирок мен өзүмө, чөнтөгүмө ылайыктап иш кылган адаммын. Лизингге же банктан насыя алып, кымбат унаа алууга умтулгандардын катарына кирбейм. Тапкан каражатыма кандай унаа келсе, арзанбы, эскиби, уялбай эле айдап жүрө берем.
– Учурда автоунааңыздын “ден соолугу” кандай?
– Азырынча “ден соолугу” чың эле. Убагы келсе “доктуруна” бир көрсөтүп коём го. Тамадалыкка мени ар кайсы аймакка чакырышат, кайда чакырышса да ушул унаам менен барып жатам. Бул мени сыйлап жолдо калтырбаганга мен да аны сыйлап, аптасына 2-3 ирет жуудурам. Негизи мен узак сапарда көп жүргөндүктөн мотор майын өз убагында алмаштырганга аракет кылам.
– Азыр күйүүчү май кымбат. Күнүгө бензин куюу чөнтөккө күч келтирген жокпу?
– Акчаны өзүм табам да, күйүүчү майдан аянбайм. Бакты толтура куям да, жүрө берем. Качан эстегенде же бактын “датчиги” кызыл болуп күйүп калганда барып кайра куюп коём.
– Унааңыздын ичинде кандай буюмдар “кожоюн”?
– Салондо пиджак, шымым, чөнтөк телефонумдун кубаттагычы “хозяин”. Мен кымбат, өзгөчө, бренддик кийимдерди гана кием деп умтулбайм. Пиджак, шымдын кайсынысы жакса, ыңгайлуу болсо ошону алып кие берем. Бирин сөзсүз унаага салып коём. Анткени өзүм билбей эле той болуп жаткан жерге барып калсам “кирип куттуктап кой, ырдап кой” дегендер болот. Ошондо тигилерди шак кийип, кирип кете берем.
– Куудулдун багажында эмнелер болот экен, ачып көрбөйлүбү?
– Мейли, көргүлө. "Машина – экинчи үй" деп айтылат эмеспи. Андыктан багажда көп нерсе жүрөт. Тойлор башталгандан тартып багаждан түшпөчү нерселер: алмаштырып кийчү бут кийим, тойдон салып берген кешиктер.
– Буга чейин кандай үлгүдөгү унааларды айдагансыз? Өз акчаңызга биринчи жолу алган унааңыз?
– Бул менин 10-унаам. Буга чейин Toyota Granvia, Toyota Camry 25 жана 55, Toyota Avensis, Honda Fit жана башка унааларды айдадым. Маңдай терим менен тапкан өз акчама бирини жолу 280 миң сомго Honda Fit унаасын сатып алгам. Анда ыраматылык атам тирүү болчу. Ага унаа алганымды айтсам, “эч кимге айтпай эле алып койдуңбу?” деп таң калган. Анан куттуктады. Мен алгандан кийин андай машинанын баасы көтөрүлдү. Ошондо кайра 550 миң сомго саткам.
– Алгачкы ирет рулга отургандагы кызыктарды айтып бербейсизби?
– Кичине кезимде менин кызыкканымды билип, атам алдына отургузуп, рулду өзү менен кошо карматып койчу. Бутум педалга жетчү эмес. Айдап үйрөнөм десем 2-классымда ыраматылык жездем көңүлүмдү кыйбай унаасына отургузуп, көрсөтүп, үйрөтүп баштады. Бир кезде “эми өзүң айдачы, “сцеплениени” тээп туруп, 1ге салып коё бер” деди. Анын айтканын кылдым. Машинаны булкунтуп-жулкунтуп бир топ жерге чейин айдап барып токтогом. Ошол эсимден эч кетпейт.
Дүйшөн деген аяш атамдын 1818 деген номурлуу Москвичи бар эле. Машина айдаганды жакшыраак билип калганымда ошонун рулуна отурдум. Жакшы айдаганыма толкунданып, кубандым. Москвич мага укмуштуудай сонун, андан артык машина жоктой сезилди. Ошондо Кудайдан “ушундай бир Москвичим болсо болду эле. Өмүр бою айдайт элем” деп суранганым эсимде. Кийин унаа ала турган кезге жеткенче Москвичтен жакшы унааларды билип, ага кызыгуум тарап кетти. Кудайга шүгүр, Жараткан мага Москвичтен кымбат машиналарды берип жатат.
– Унаага байланыштуу ырым-жырымдарды колдоносузбу?
– Мен олуттуу куудулмун деп койбоюнбу (күлүп). Андай ырым-жырымдарга ишенбейм. Дилимде, тилимде Куран сөздөрү бар. Айдаганда ичимден дуба окуйм, эң башкысы ошол.
– Айдоочулук күбөлүктү окуп алгансызбы же сатып алгансызбы?
– Айдоочулуктун окуусуна тапшырып, сынакта берилген 15 суроого жооп берип өтүп кеткем. Ал кезде компьютерден сынак тапшыруу жок эле. Жол кыймылынын эрежелерин жакшы билгенимдин сыры атамдын 2-3төн машинасы боло турган. Аларды жакшы карап, жуудуруп, оңдотуп турчу. Жанында жүрүп, жол эрежелерин кичинемден үйрөнүп баштагам. Ошонун пайдасы тийген.
– Унаа оңдогонду канчалык билесиз?
– Чынын айтсам, 10-20 пайыз эле билем. Бирок кайсы жери бузулуп жатканын үнүнөн сезип турам.
– Эми сиз сапарда жүргөндөгү окуялардан уксак...
– 2004-жыл болчу. Атамдар Бишкектеги Спорт сарайында концерт коюп, ал бүткөндө баарыбыз сыртка чыктык. Атамдын продюсери Рысбек Жабиров жапжаңы Мерседес унаасын сатып алыптыр. Өзү болсо айдаганды эми үйрөнүп жүрүптүр. Ошого атам мага “машинаны сен айдап албайсыңбы?” деп калды. Атам, Рысбек ага, дагы бирөө артка отурду. Спорт сарайынан чыгып Киев көчөсү менен кетип баратам. Атам бир кезде “Каныбек мыкты айдоочу. Мотордун иштегенин тыңшап, машина менен сүйлөшүп айдайт” деп мактап калды. Дал ошол кезде аркы көчөгө кайрыла бердим эле, капкагы жок “люкка” машинанын арткы дөңгөлөгү “тарак” деп түшүп кетсе болобу. Баарыбыз 10 секунддай тыптынч болуп калдык. Ошондо атам “кээде ушинтип чуңкурга да түшүп турат” деп баарыбызды күлдүргөн.
Бир жолу жол кырсыгына кабыла жаздагам. Атамдын “Беш абышка, беш кемпир” тобу менен Каракол шаарына бара жатканбыз. Унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыра элек болчумун. Кар жаап, жер тоңголок тартып баштады. Ошондо унаанын арткы дөңгөлөгү тайгаланып сай жакка түшүп кете жаздаганбыз.
– Көпчүлүк рулда сөгүнөт экен, сизчи, сөгүнөсүзбү?
– Жолдо тыгын жаралып, ызы-чуу түшүп жатышса да, башка унаа жолумду кысып кирсе да сөгүнө албайм. Анткени атам бизге жакшы тарбия берген. Өмүрүмдө анын сөгүнгөнүн уккан эмесмин. Атам менен гастролдоп 22 жыл чогуу жүргөнүмдө да уккан эмесмин сөгүнгөнүн. Азыр ойлосом, атам мага ата эле эмес, агай да болуптур.
– Жол-белде таанып, учурашкандар көп болсо керек?
– Мени жолдо кайыр сурап турган лөлүлөрдөн бери тааныйт деп коёюнбу, тамаша. Таанып учурашмак тургай чайга, тойго чакыргандар, телефонумду сурагандар деле көп болот.
– Жолуңуз дайыма ачык болуп, аман жүрүңүз!
Канымжан Усупбекова