Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Жашоонун бороону Акбардын үй-бүлөсү үчүн дагы да токтогон жок. Куду кимдир бирөө атайылап аларга оюн уюштуруп жаткандай ызы-чуу улана берди. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү эмне кылып жатканына акыл токтото албай, белгисиз бир күрөштүн каарманы болуп жатышты. Наргиза үйүнө келбей, кимдир бирөөлөр менен өзүнчө батирге чыгып кетти. Белек улам бир окуяга илешип милициядан башы чыкпай жатты. Анысы аз келгенсип кичүүсү ооруп калды. Мариям эмне кыларын билбей калды. Кырсык жалгыз келбейт деген чын экен да. Кимисине акыл айтып, кимисин сактап каларын билбеген абалда эле. Акбардын да иши жакшы жүрүшпөй, өнөктөштөрү менен пикир келишпестик күндө күчөй берди. Балдарын бир ойлосо, Айкөлдүн ден соолугун бир ойлоп санаага батып жүрдү. Бир күнү ага телефон чалуу келди.

– Алло, Акбар байке, ким сизди социалдык тармакта “Санта Барбара” кылып жатканын таптык. Элди сизге каршы тукуруп жаткан адам ким экенин билдик.

– Ким экен? Менин бизнестеги атаандаштарым болсо керек, ээ?

– Сания деген аял заказ кылганын билдик. Аткаруучулар башка адамдар экен.

– Сания? Койчу, ай...

Акбардын Сания менен дегеле иши болбой калганына көп жылдар болгон. Мариямдын курбусу катары гана баш ийкешип учурашканы болбосо, ысыгы да, суугу да жок эле бул аялга. Буга кайсы жин тийди? Же күйөөсүн иштен алып койгонуна жини келип жатты бекен? Эми колунан келбеген ишти ага зордоп жасатабы? Адамдарда такыр эле уят калбай калганбы? Буларды колдоп канча жардам берди эле... Ичинен ушуларды ойлоп алып, жини кашайып машинесин айдап, дароо Саниянын иштеген жерине келди. Акбарды көрөрү менен ал кубарып кетти. Жашоодо кайсы бир эркектен коркуп, сүрдөй турган болсо, ошол эркек Акбар болчу Сания үчүн. Куду тээ жаш кездегидей жүрөгү алкымына тыгылып, түрсүлдөй сокту. Ал жасалма жылмайды.

– Салам.

– Алик алдык. Биз сүйлөшчү сөздөр бар, Сания...

– Кел, кабинетимде сүйлөшөлү.

Маңдай-тескей отурушту. Толкундоосу акырын тарап, Саниянын ичинен табасы канып жатты. Ушинтип гана алдына келмек, канча жылдар көрсө да көрмөксөн болуп келди. Ооз учунан салам айтып, кол бергенге жарабай жүрдү. Канчалык тигилип карабасын, каректерин ала качып бурулуп кетчү. Же муздак гана карап койчу. Тек гана Мариям үчүн баш ийкешип учурашып жүргөнүн Сания билчү эле. Минтип маңдайына келип, көздөрү көздөрүнө чагылып отурганына төбөсү көккө жете кубанып жатты.

– Сен кылдың мунун баарын, ээ?..

– Эмнени?

Сания билмексенге салмай болду, бирок көздөрүн качырганынан Акбар билип калды.

– Мен сага эмне кылдым? Ушунча элдин алдында менин аброюмду кетиргендей, чакалап таштанды төккөндөй... Бул жоругуң сага эмне берди?

– Ха, мага эч нерсе кылган жоксуң. Аялың менен балдарыңа кылдың. Ал кантип өч алуу керек экендигин сурады. Мен жолун айттым. Жакшы акчага ишке ашырып бердим. Болгону ошол.

– Калп айтасың! Мариям андайга барбайт.

– Акбар, сен мурдуңдун учундагы нерсени көрбөй келе жатасың. Өмүр бою...

– Эмне экен ал, мен көрбөй сен көрүп жаткан нерсе?

– Сага ким дос, ким кас экенин...

– Досум сенсиңби?

– Мен дос болмокмун, эгерде жакшы сүйлөшсөң. Мени байкасаң...

Сания ага жакын келди. Аялдын ысык деми дал жүзүнө уруп турду. Акбар эмне кыларын билбей столу менен кошо артка чегине берди.

– Сен жиндисиңби?

– Мени такыр байкабай келдиң.

– Ия?

– Мариямды аларыңда мен сага жалындым. Жалбардым. Мени укпадың.

– Эй, андан бери канча жылдар өттү. Биз бала элек да.

– Мен ошондо эле аял болчумун. Ошондо эле...

Акбар башын чайкай берди. Тиги кызуулана сезими тууралуу сүйлөп жатты. Саниянын балалык сүйүүсү ага бир жомоктой сезилди. 

– Жиндисиң,- деди айласы кетип.

– Ооба, мен жиндимин. Сен дедим. Канча күйөөгө тийсем да сага окшошподу. Сага окшошун таппай койдум. Жарты болуп жашадым. Күйөөм болуп туруп... Мариямдын да жарты болуп жашашын кааладым. Каалаганымдай болду. Акыры андан да кеттиң.

– Мариям менен ушунча жыл курбу болуп келдиң. Ал сени абдан жакын курбусу катары ишенчү. Жылан турбайсыңбы накта...

– Азыр деле ишенет. Ишенгени үчүн мага акчасын берип, социалдык тармактарга сени “укмуш” кылып көрсөткөнгө жардам берди. Болбосо сенин кайда жүргөнүңдү, ким менен эмне кылып жүргөнүңдү мен кайдан билмекмин?!

– Мариям бул иштин ичиндеби?

– Албетте, мен бир тыйын да төлөгөн жокмун. Ишенбесең мына!

Сания шыңк күлдү. Телефонунан ага которулган акчанын суммасын көрсөттү. Мариямдын атынан которулуптур. Акбар теңселе түштү. Эшикке бет алды.

– Акбар, дагы да уландысы бар.

– Ушунчаңда токтот, бул ишке да мен киргизгем эсиңде болсо, кайра чыгарып салыш да колумдан келет.

– Макул, кандай кылсаң ошондой кыл. Мага баары бир.

Саниянын кабинетинен чыкты. Бирөө башынан ылдый кусунду төгүп салгандай жипкирди. Мариямдын мындай кыянатчылыгын эч мээсине сиңире албай жатты. Ушунча жылдан бери ким менен жашап жүргөнүн билбеген экен. Ачуусун токтотконго аракет кылды. Урушуу-талашуу менен маселе чечилбей турганын түшүндү. Мариям менен ажырашууну чечти.

ххх

Мариям колундагы сот кагазын карап турду. “Кандай күн болсо да сени менен ажырашпайм” деген күйөөсү. Дагы убадасынан кайтты. Кайсы убадасынан кайтпады дейсиң, ошентсе да ишенгиси келбеди. Акбарга телефон чалып, үйгө келишин өтүндү. Кирип келгенде ичи сыйрыла аяп кетти. Мурункудай эмес, арыктап, санаа тартып калгандай эле. Унчукпай алдына тамак коюп, чай берди. Кичүү балдарын эркелетип, аларды бөлмөсүнө кетирип коюп Акбарга тике карады.

– Эмне болду?

– Ажырашпайм мен! Сотко да барбайм.

– Анда тынч жашашың керек болчу. Санияга акча бере электе ойлонсоң болмок.

– Эмне-е?

– Мен баарын билем. Сен аброюмду төгүш үчүн акча берипсиң Санияга. Ал да ишин жакшы аткарыптыр. Эң күлкүлүүсү эмне, билесиңби? Сен койду карышкырга кайтартыпсың. Анын өзүнчө максаты бар экен. Сен Саниянын колунда оюнчук болгонуңду бир билип кой.

Акбар Сания менен сүйлөшкөн сөздөрүн телефонго жаздырып алган эле. Аны Мариямга угузду. Ал оозу ачылып отуруп калды. Андан да “мен өмүр бою сен деп жашадым” деген жеринде ордунда катты да калды.

– Кандайча?

– Сага үйлөнө турганымды укканда мага келген. Мени сүйөрүн айтып жалынды. Жалбарды. Биз бала элек да, 18 жаш болчубуз. Мен анын ушунча жылдар бою ошол кекти көкүрөгүндө түйүп жүрөт деп ойлогон эмес элем. Сенин курбуң катары гана мамиле кылчумун. Жылан экенин сезип турчумун. Ал оңтоюн күтүп жүрүп сени да, мени да чагып алганын көрдүңбү?

– Мага кеңеш берген жалгыз адамым эле да. Сен тууралуу жалгыз ошол менен сырдаштым. Ага ыйладым. Башка эч кимге айтпаган сырымды ага айттым. Кантип ушундай болсун?

– Мариям, дагы бир жолу айтам. Мен сенин душманың эмесмин. Мен жүрөгүмдүн буйругун аткардым. Сен муну эмнеге үчүнчү дүйнөлүк согушка айландырып жибердиң, билбейм. Ооба, кыйын, ким болсо да ыйламак, кыйналмак, бирок мынчалык эмес да. Акыры түшүнөт деп ойлогом. Көп нерсеге көз жумдум. Жетишет, мындан ары мага ушунча кара ниеттик кылган адам менен жашай албайм.

 

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан