Убакыт тууралуу даанышман ойлор

• “Ачуу, өкүнүч, тынчсыздануу жана таарынычка көп убакыт бөлүү – убакытты текке кетиргендик менен барабар. Убакытты бактысыз мүнөттөргө бөлгүдөй жашоо өтө кыска”.  (Рой Т. Беннетт)

• "Үч нерсе эч качан кайтып келбейт – убакыт, сөз жана мүмкүнчүлүк. Андыктан убакытты текке кетирбе, сөздү кылдат танда, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба". (Конфуций)

• “Убакыт бардык жараатты айыктырат дешет. Мен макул эмесмин. Жаралар калат. Болгону убакыттын өтүшү менен мээ акыл-эсин коргоп, аларды тырык менен каптап, ооруну азайтып коёт. Бирок ал тырык эч качан кетпейт”. (Роз Кеннеди)

• “Жөнөкөй адам убактысын кантип өткөрүүнү ойлосо, акылдуу адам аны кантип пайдаланууну ойлонот”. (Артур Шопенгауэр)

• “Жумуш үчүн убакыт тап – ал ийгиликтин баасы,

Оюн үчүн убакыт тап – ал жаштыктын булагы,

Окуу үчүн убакыт тап – ал билимдин кени,

Достор үчүн убакыт тап – ал бакыттын булагы,

Сүйүү үчүн убакыт тап – ал жашоонун белеги,

Кыял үчүн убакыт тап – ал жан дүйнөнүн тынчтыгы,

Сулуулук үчүн убакыт тап – ал сени курчаган бардык жерде бар,

Ден соолук үчүн убакыт тап – ал жашоодогу жалгыз байлык,

Пландаганга убакыт тап – ал жогорудагы иштерге убакыт тапканга жардам берет”. (Пол Брэгг)

• “Убакыт – бул баарынан көп кааланган, бирок туура эмес колдонулган нерсе”. (Уильям Пенн)

• “Убакыт жок. Чын элеби? Каалоо гана жок, убакыт дайыма бар”. (Сергей Есенин)

• “Кечээки күн кетти. Эртеңки күн келе элек. Бизде бүгүнкү күн гана бар”. (Тереза эне)

• “Биз каалайбызбы, каалабайбызбы – убакыт баары бир баарын алып кетет”. (Стивен Кинг)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан