ДҮЙНӨНҮН ЖАҢЫ 7 КЕРЕМЕТИ

Байыркы дүйнө кереметтеринин ичинен бүгүнкү күнгө чейин жалгыз гана Мисирдеги Хеопс пирамидасы сакталып калганы өкүнүчтүү. Ошол себептен швейцариялык саякатчы, изилдөөчү жана кинематограф Бернард Вебер дүйнө кереметтеринин тизмесин жаңыртууну сунуш кылган. Жаңы 7 кереметти тандоо жолу жөнөкөй: жер шарынын ар бир жашоочусу интернет же телефон аркылуу эң татыктуу тарыхый жайларга, имараттарга өз добуштарын берүүгө укугу бар эле. Бүткүл дүйнөлүк добуш берүү 2001-жылдан тартып үстүбүздөгү жылдын 7-июлуна чейин өткөрүлдү. Ошентип, бул өзгөчө күнү (бир кылымда бир кайталанчу 07.07.07) добуш берүү токтотулуп, көптөн күткөн жыйынтык чыкты.
Дүйнөнүн жаңы 7 кереметин жарыялоо аземи Португалиянын борбору Лисабондо болуп өттү. Саясатчылар, атактуу ырчылар, спортчулар жана дүйнөнүн керемети аталууга татыктуу жерлердин өкүлдөрү катышкан салтанаттуу кечени бүт жер жүзү түз эфирден көрүп жатты.
Ал эми дүйнөнүн эски 7 кереметин сүрөттө көрсөтүлгөн чоң символикалык китепке киргизип коюшту. Бул алардын тарыхта түбөлүк кала тургандыгынын белгиси.

Чичен-Ица шаары
“Чичен-Ица” сөз айкашы “ица уруусунун кудугу жайгашкан жер” деп которулат. Атактуу Чичен-Ица Мексикадагы Юкатан жарым аралынын түндүгүнөн орун алган. Байыркы Майанын эң маанилүү шаарларынын бири. Жөн гана шаар эмес, Улуу Майа цивилизациясынан калган чоң мурас.
Окумуштуулардын айтуусунда, бул укмуштуу шаар биздин замандын VII кылымында тургузулган. Окумуштуулар болжолдошкондой, анын калкынын саны 20 миңден 30 миңге чейин жеткен. Х кылымда шаарды Кукулькан деген адам жетектеген тольтектер уруусу басып алган. Кукулькан үйбүлө күткөн эмес жана өзүн Кудай деп эсептеген. Душмандар менен болгон согуш эски дубалдардагы жазууларда сүрөттөлөт. Балким, так ошол басып алуучулардын таасири адында шаар өзгөрүп, кайталангыс архитектурага ээ болгондур?!
Чичен-Ицанын жалпы аянты 6 чарчы чакырым. Ал көптөгөн түрдүү курулуштардан турган бир бүтүн комплексти элестетет. Шаарда чоң аянт, көптөгөн храмдар жана бир нече базар бар. “Сакалдуу адамдын храмы” абдан жакшы акустикасы менен өзгөчөлөнөт: анын ичинде шыбыр сөздөр да так угулат. Мындан сырткары, Чичен-Ицада 9 топ ойноочу талаа бар. Алардын ар бирин эки тарабынан экиден зор дубал курчап турат. Дубалдардан алардын бооруна орнотулган топ салуучу шакектерди көрүүгө болот.

Таж-Махал күмбөзү
Көпчүлүккө белгилүү болгон кайгылуу санжыра минтип башталат: “Индиянын мусулмандар империясынын султаны Шах-Жахан жубайы экөө 8 кыз, 6 уулдуу болушат. 36 жашка келген Мумтаз Махал 14-ымыркайын төрөп, каза болот. Хан 2 жылга чейин аза күтүп, ыр-күлкү, майрамдарга тыюу салат. Алтургай анын капкара чачы тез аранын ичинде агарып кетет. Сүйүктүү жарын гана эмес, саясат боюнча мыкты кеңешчисин жоготкон Шах-Жахан жубайынын атына “дүйнөдөгү эң кооз күмбөз тургузам” деп ант берет”.
Индия ханышасы Мумтаз Махал (бизче “сарайдын көркү” дегенди түшүндүрөт) ушул таңкалыштуу күмбөздө коюлган. Күмбөздүн аталышы ханышанын кыскартылган ысымы менен Таж-Махал деп аталып калган. Күмбөз-мечит 1632-1654-жылдар аралыгында 20 миң жумушчунун күчү менен курулган. Негизги курулуш материалдары кара, ак мрамор жана күмүш мыктар болгон. Маалыматка караганда, Таж-Махалдын эшиктери да күмүштөн болгон экен, тилекке каршы, алар кийин уурдалып кетиптир. Имараттын сырты баалуу таштар менен кооздолуп турат. Алар күн нуруна чагылышып, ар кандай түстө болуп көрүнөт. Таж-Махалга бейиштин эшигинин символу болуп эсептелген зор дарбаза аркылуу кирүүгө болот. Күмбөз Жамна дарыясынын жанында жайгашкан. Ушул күнгө чейин аны бир да табигый кырсык баскан жок.
Шах-Жахан Таж-Махалдын тушуна өзү үчүн кара мрамордон дагы бир күмбөз курууну чечкен. Бирок, бул тилеги орундалбай калган. Султандын 3-уулу Аурангзеб зулум, ташбоор болуп чоңоюп, бийликти колуна алаары менен атасын жертөлөгө камап салат. Атасынын бир гана суранычы аны терезесинен Таж-Махал көрүнө турган бөлмөгө камоосу болгон. Шах-Жахан өлгөндөн кийин сөөгү жубайынын жанына коюлган.

Мачу-Пикчу шаары
Мачу-Пикчу сөзмө-сөз “эски чоку” деп которулат, кээде аны “инктердин жоголгон шаары” деп да аташат. Тоо чокусунда жайгашкан бул укмуштуу шаар инк урууларынын башчысы улуу Пачакутектин демилгеси менен 1440-жылдарда курулган. Бул шаардагы жашоо I кылымга чейин уланып, 1532-жылы анын жашоочулары изсиз жок болушкан. Алардын кайда кеткендери бүгүнкү күнгө чейин сыр бойдон кала берет.
Табышмактуу шаар азыркы Перудагы Урубамба дарыясынын жээгиндеги бийиктиги 2057 метр болгон дөңдүн башына салынган. Шаар чоңдугу менен башка шаарларга теңеле албайт, анда 200 гана имарат бар. Алардын көпчүлүгү таштан курулган. Окумуштуулар “шаардын тургундарынын саны 1200гө жеткен” деп болжолдошот. Алар айыл-чарба, кол-өнөрчүлүк менен жан багышкан. Мачу-Пикчунун жашоочулары Инти деп аталган Күн Кудайына сыйынышкан. Буга байланыштуу шаарда көптөгөн диний курулуштар бар: курман чала турган жай, чиркөөлөрдү элестеткен жапыз мунаралар жана эң кызыктуусу, Интиуатана деп аталган таш. Бул таш тууралуу бир нече санжыра бар. Алардын бирөөсүнө кайрылсак, шамандар күндү жип менен байлап, Интиуатана ташына бастырып коюшчу. Минтүүнүн себеби, тоо чокусундагы аба өтө суук эле. Ал эми күнү-түнү ташта байланып турган күн Мачу-Пикчуга жылуулук берип турат деп эсептелген.

Ыйса Куткаруучунун Эстелиги
Жер шарынын эң шаңдуу шаары Рио-де-Жанейронун символу болуп калган Ыйса Куткаруучунун эстелиги өткөн жылы 75 жылдыгын белгиледи. Ушул жылдар бою колдорун кенен жайып, бүт шаарды кучагына алып турган эстелик Рио-де-Жанейронун тургундарынын кең пейилдигинин, меймандостугунун белгиси болуп, миллиондогон туристтерди шаарга чакырып турат. Эстеликти дүйнө кереметтеринин катарына кошуу үчүн Бразилиянын президенти да өз добушун берген.
Бул керемет Бразилиянын эгемендүүлүк күнүнө карата тургузулган. Инженер Эктор да Силва Костанын долбоорун шаар тургундары да, мамлекет да, жергиликтүү чиркөөлөр да колдоп, тез аранын ичинде каражат топтошкон. Эстеликтин ачылыш күнү – 1931-жылдын 12-октябры. 1980-1990-жылдары аны калыбына келтирүү иш-чаралары өткөн. 2000-жылдан бери эстеликке 220 басамактуу тепкичтен сырткары эксколатор менен да көтөрүлсө болот. Ал эми кубаттуу жарык шамдар эстеликти кечкисин ого бетер суктанаарлык кооз көрсөтөт. Ыйса Куткаруучу Корковадо тоосунда деңиз деңгээлинен 710 метр бийиктикте жайгашкан. Анын өзүнүн бийиктиги 38 метр болсо, жайылган колдорунун узундугу 23 метр. Курулуштун салмагы болсо 1140 тоннага жетет.

Петра шаары
Жер шарынын дагы бир укмуштуу керемети Иорданиядагы Петра шаары биздин заманга чейинки 9-жылы пайда болгон. Петра менен кошо анын ичиндеги сарайлар, храмдар, үйлөр, жадакалса бир чоң амфитеатр бүгүнкү күнгө чейин эң сонун сакталып калган. Балким, анын себеби шаардын түз жерде эмес, оңой менен киши баргыс болгон тик аскада оюлуп жасалганында болуп жүрбөсүн?!
Жар бетиндеги үңкүр-шаар жер деңгээлинен 600 метр бийиктикте жасалган. Бул калааны ар кайсы уруу башкарып келген: набатейлер, римдиктер, византиялыктар жана арабдар. Ошондуктан, мындагы курулуштардын түрү да ар кандай. Бул шаар үчүн кайталангыс өзгөчөлүктү жаратат. Ал эми заманбап архитекторлор Петраны чыныгы шедевр деп аташат.
Петрадагы 3 кабаттуу күмбөз анын жашоочуларынын динге көп көңүл бургандарын, ал эми 3 миң кишилик театр алардын маданиятты баалагандарын айтып турат. Аскадагы шаардагы имараттар сары, кызгылт, кызыл өңдүү болгондуктан, алыстан өзүнчө планетага окшоп турат.

Улуу Кытай Сепили
“Эгер сен Улуу Кытай Сепилине барып көрбөсөң, демек, сен чыныгы кытай эмессиң” деген жазуу сепилдин боорунда жазылып турат. Жыл сайын миңдеген туристтер Кытайдын эң негизги символун көрүүгө бул өлкөнү көздөй агылышат. Туристтер эмес, Кытайдын жашоочуларынын да арасында сепилди өз көзү менен көрө электер көп экен. Кытайдын тарыхын камтыган бул сепил чынында эле дүйнө керемети болууга укуктуу.
Сепил биздин заманга чейинки III кылымда Цинь династиясы өкүм сүрүп турган кезде курула баштаган. Курулушка Кытайдын ошол кездеги калкынын бештен бири, башкача айтканда, 1 миллион адам катышкан. Сепил бир эле убакта чегара да, душмандардан коргоочу калкан да болгон. 1984-жылы болгон реставрациянын жардамы менен бул укмуштуу курулуш алгачкы көрүнүшүн кайтара алды.
Кытай Сепилинин Ляодун кысыгынан тарта Гоби чөлүнө чейинки жалпы узундугу 6700 чакырым. Дубалдын орто бийиктиги 6-7, ал эми жазылыгы 6-10 метр. Сепилдин ар кайсы жеринде бийик мунаралар бар. Алар алдындагы жана артындагы мунаралар көрүнө тургандай жакын жайгашкан. Илгери жоо келатканда мунарадан мунарага от, түтүндүн жардамы менен белги беришчү.

Колизей Амфитеатры
Байыркы Римдин символу Колизей император Веспасиан Флавийдин учурунда курулуп, анын уулу Тит тарабынан расмий түрдө ачылган. Колизейдин ачылыш салтанатына багышталган той 100 күнгө созулган.
Палатин дөңсөөсүнөн алыс эмес жерде жасалма көлмө бар эле. Аны атайын жаңы имарат Колизейди тургузуу үчүн кургатышкан. Колизей гладиатор мушташтарын өткөрүү үчүн, кийин жырткыч айбандарды камоого колдонулган. Кээде анын ичин суу менен толтуруп, суу оюндарын өткөрүшчү. XI-XII кылымда ал резиденцияга айланып, XIV кылымда диний борбор катары колдонулган.
Колизей эллипс түрүндөгү узундугу 188, туурасы 156, бийиктиги 50 метр болгон зор курулуш. Анын ортоңку бөлүгү арена бир эле учурда 3 миң жуп гладиатор күрөшүүгө мүмкүн болгондой чоң. Аренаны туш тараптан жакшы көрүү үчүн 4 бөлүктөн турган чоң тепкичтер жасалган. Биринчи 20 мрамор тепкич чоң коноктор үчүн, кийинки жыгач тепкичтер карапайым эл үчүн тургузулган.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kurstan_810502
2013-04-21 04:56:07
Таластагы манас атабыздын кумбозу ен кызык ачылыш болот
0
sportsmen.boy
2014-10-04 11:26:17
Туура айтасын?
0
Patriot...kg
2015-11-02 23:26:00
Мм жакшы
0
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан