Эмне үчүн кан басым көтөрүлүп, бирок түшпөй коёт?

Кээде кан басымы көтөрүлүп, түшпөй жатса, муну гипертония оорусу деп ойлоп кардиологго шашкандар бар. Бирок андай абал бөйрөктүн басымынан улам жаралып жатканын биле бербейт. Мындай оору бөйрөктүн гипертензиясы деп аталат. Бул боюнча Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясынын жетекчиси Талайбек Байсекеев маалымат берди.

 

Бөйрөктүн оорусу

Реналдык гипертензия бул – бөйрөктүн оорусу. Бөйрөк өзүндөгү оорулардын айынан иштешинин бузулуп, артериалдык басымынын көтөрүлүшү. Бат өнүгүп, өөрчүп кетчү дарт. Убагында дарылабаса аягы өлүм менен аяктап калышы толук мүмкүн. Мурун бул оору жашы улууларда көп кездешсе, акыркы 10 жылда жаштарда көп жолугууда.  

Ооруга көбүнчө кимдер чалдыгат?

• Кош бойлуулар

• Ашыкча салмактагылар

• Өнөкөт бөйрөк, кант диабети оорулары барлар

• Фаст-фудду көп жеп, таттуу газдалган суусундуктарды жана спирттик ичимдиктерди көп ичкендер

• Тамеки чеккендер 

Дарттын 2 түрү бар

Биринчи түрү – бөйрөк артериясынын стенозу (бүтөлүшү, ичкерип кетиши). Буга төмөнкүлөр алып келет:

• Бөйрөк артериясынын атеросклерозу. Бөйрөктө 2 артериялык кан тамыр бар. Алардын биринин керегесинин бир жерине холестериндик түйдөкчөнүн туруп калышынан ошол жер ичкерип, кандын аздан өтүп калышы. Бир артериянын ичкеришинен бөйрөккө кан аз барып калат. Бөйрөктүн кандагы суюктукту чыпкалап, заараны, ашыкча сууну бөлүп чыгаруусу бузулат. Бөйрөк мындайда ренин гормонун жана кандын жетишсиз болуп жатканын компенсациялоо үчүн альдостерон гормонун бөлүп чыгарат. Рениндин таасиринен артерия кан тамырлары ичкерет. Альдостерондон кандын курамындагы натрий (туз), суу бөйрөктө кармалып, бөйрөктө айланып жаткан кандын көлөмү чоңоёт. Кан тамырлардын ичкерип, кандын көлөмүнүн көбөйүшүнөн бөйрөктөгү басым көтөрүлүп, түшпөй бир калыпта кармалып тура берет.

• Тромбоэмболия. Буттагы варикоздо уюп калган кан (тромб) үзүлүп, канга кошулуп жылып бөйрөктүн бир артериясына барып такалып, аны бүтөп, бөйрөккө кан жетишерлик барбай калат. Бөйрөк мында деле ренин, альдостерон гормонун бөлүп чыгарат. Андан аркысы жогорудагыдай эле уланат. Кан барбаган бөйрөктүн ткандары жабыркап, адамдын өмүрүнө коркунуч жаралат.

• Кош бойлуу аялдарда, ашыкча  семиздерде кездешчү бөйрөктүн реналдык гипертензиясы.

Кош бойлуулардын курсагындагы түйүлдүк чоңойгон сайын, ал эми семиздердин ичиндеги майы заара чыгаруучу түтүкчөнү кысып калат. Ошого заара толук чыкпай, калганы бөйрөктө кала берет. Бөйрөк өзүндө топтолгон кандын курамындагы натрий, суудан көлөмү чоңоюп, анан басымы көтөрүлөт.   

Жаракаттын айынан заара чыгаруучу каналды кан тамырдын кысып калган учурлары болот. Мында деле жыйынтык жогорудагыдай болот. 

• Бөйрөктүн тубаса чүрүшүп жаралып калуусу. 

• Рактын айынан бөйрөк артериясынын кысылып, кандын андан ары өтпөй калышы.

 

Экинчи түрү – бөйрөк оорулары. Бул түрүнө бөйрөктүн гломерулонефрит, поликистоз (көп барсылдактуу), гидронефроз оорулары, булардан тышкары диабеттик нефропатия алып келет. Жалпысынан баарында тең бөйрөктүн кан курамындагы заара, ашыкча сууну чыпкалоо милдети начарлап жүрүп отуруп, басымы көтөрүлөт.

Булардын ичинен кан тамыр хирургиясында эң көп кездешкендери бөйрөк артериясынын атеросклерозу, тромбоэмболия жана кош бойлуу аялдарда, ашыкча семиздерде кездешчү бөйрөктүн реналдык гипертензиясы. Фаст-фуд, картошка калдырканын көп жеп, таттуу газдалган суусундуктарды жана спирттик ичимдиктерди көп ичип, тамеки чеккендердин бөйрөгүнүн артериялары аталгандардын курамындагылардын терс таасиринен улам жыйрылып иштей берип, капталдары сезгенип, акырындап ичкерет. Ичкерген артериялардан бөйрөккө кан жетишерлик барбай, басымы жогорулайт.

Ал эми бөйрөктүн гломерулонефрит, поликистоз, гидронефроз оорулары, диабеттик нефропатиядан болгон түрүн нефролог врач дарылайт.

Белгиси: шишүү, зааранын толук чыкпоосу

• Кан басымдын туруктуу көтөрүлүп туруп алышы. Жүрөк-кан тамыр оорусу болгон гипертонияда дары ичкенде кан басым түшөт. Ал эми бөйрөктүн гипертензиясында түшпөйт. Түшүрүү үчүн комплекстүү дарылоо керектелет.

• Баштын оорутушу, көңүлдүн айланышы

• Денедеги шишик

• Чарчоо, алсыроо, бөйрөктөгү оорутуу

• Зааранын чыгышынын бузулушу

• Жүрөктүн лакылдап кагышы

• Тромбоэмболия дартында бөйрөк туш кескин ооруп, дем ала албай эстен тануу күтүлөт

Диагноз

• Аускультация (курсак көңдөйүн тыңшоо), бөйрөктүн УЗИси

• Артерияларда стеноз бар экенин аныктоо үчүн допплер-ангиография

• Кан басымдын бар экенин аныктоо үчүн көздүн чарасынын түбүн текшерүү

• Радиозотоптуу диагностика жана башкалар

Дарыланбаса комага түшүп калуу мүмкүн. Дарыланбаса бөйрөктүн иштеши начарлап, жүрөк-кан тамыр оорулары жаралат. Мисалы, инсульт, миокарддын инфаркты, булардан тышкары комага түшүп калуу же өмүр менен коштошуу коркунучу бар.

Дарылоодо стент коюлат, тромб эритилет

• Консервативдүү дарылоо. Эгер аталган дарт бөйрөктүн ооруларынан улам чыгып жатса, анда ал ооруларды айыктыруу менен кан басымды калыптандырууга болот.

• Операциялык ыкма. Бөйрөк артериясынын атеросклерозун консервативдүү дарылоодо май түйдөкчөсүнөн улам бүтөлгөн кан тамыр калыбына келе албайт. Андыктан оорунун кайрадан кармашы күтүлөт. Мындайда артериянын бүтөлгөн жерин калыпка келтирүү керек болот. Бул үчүн кан тамыр хирургдары ангиопластика жасап, кан тамырдын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлгөн жерине стент (тирөөч, жасалма кан тамыр) коюшат. Тирөөч кан тамырды калыпта кармап турат.

Эгер ангиопластика жасоого мүмкүнчүлүк болбосо (май түйдөкчөлөрү чоң же алар тамырды узатасынан жаап калса), анда аорта-коронардык шунт коюлат. Бул – кан тамырдын ошол жарабай калган бөлүгүн шунт менен алмаштыруу. Тагыраак айтканда, шунт – артериянын керектен чыккан бөлүгүнүн ордун алмаштырчу жасалма кан тамыр. Стент коюлар менен кандын жүрүшү калыптанууга өтүп, бөйрөктөгү басым түшө баштайт.

• Бөйрөктүн тромбоэмболия дарты күтүлгөндө кан тамыр хирургдары дары-дармекти колдонуп, кан тамырдагы уюган канды эритип жибере алышат. Артериядагы кандын жүрүшү калыпка келип, бөйрөктөгү басым ылдыйлай баштайт. Ушул эле учурда кандын кайрадан уюй башташынын алдын алып, атайын дарыларды куюшат. Дарылар жардам бербеген учурда операция керектелет.

• Рактын, жаракаттын айынан заара чыгаруучу каналды кан тамыр кысып калган учурда уролог хирургдар операция жасап, кысып турган кан тамырды кесип, алып салышат. Заара кенен чыгып, бөйрөктөгү басым калыптана баштайт.

Дарылоодо башка ыкмалар да колдонулат. 

Кош бойлуулар үчүн керектүү поза

Бул поза ичтеги түйүлдүктүн айынан заара түтүкчөсү кысылып, бөйрөк сезгенип, андагы басымдын көтөрүлүшүнүн, ошондой эле эртең менен шишип калуунун алдын алат. 

Позада бир нече мүнөт турууда ичтеги бала ылдый түшүп, кысылып турган заара түтүкчөсү бошоп, бөйрөктөгү заара толугу менен табарсыкка куюлуп кетет. Муну кош бойлуулуктун 20-аптасынан тартып үзгүлтүксүз уктап турар менен жана кечинде жатарда, башка убакта деле  колдонууга болот.

  

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан