Миңжашар Мирзаев, ырчы: “АТЫМА ТАТЫКТУУ ЖАШАП, ИЗ КАЛТЫРГЫМ КЕЛЕТ”

Жаш таланттардын арасынан өз үнү менен өзгөчөлөнө алгандардын бири – 33 жаштагы Миңжашар Мирзаев. Сахнага болгон күчтүү кызыгуусу жана тынымсыз эмгеги менен бүгүнкү күндө өз угармандарын таба алды. “Интервидение” долбоорунда “Номад” триосунун  мүчөсү болгон ырчы чыгармачылык жолу, катышкан сынактары жана башкалар тууралуу айтып берди.

 

– Саламатсызбы, Миңжашар? Сиз музыка тармагында канчадан бери келе жатасыз?

– Саламатсыздар, баш-аягы 15 жылдан бери музыка чөйрөсүндө жүрөм. Буга чейин бир топ жергиликтүү жана эл аралык сынактарга катышкам.

– Балалыгыңыз кайсы жакта жана кандай  жагдайда өткөн, ата-энеңиздин сиздин өнөр жолуңузга колдоосу, салымы болгонбу?

– Балалыгым борборубуз Бишкекте өттү, ушул шаарда төрөлүп-өстүм. Ата-энемдин менин музыка дүйнөсүнө келип калышыма аябай чоң салымы бар. Кичине кезимден баштап эле атам менин талантымды байкап, ырдаганымды көрүп, чыгармачылык чыйырга салды. Фортепиано жана вокал ийримдерине берип, кичинемден машыктырды. Бир аз чоңойгондон кийин ордум сахнада экенин түшүнө баштадым окшойт. 9-класста ырчы болом деп толук чечтим. Анткени 8-классымда таякем үйүбүздө  жашап, ал гитара алып келип чертип жүрдү. Таякеме катуу таасирлендим, гитара чертүүнү үйрөндүм. Бир жылда өтө жакшы жыйынтыкка жеттик, ошондо өзүмө болгон ишеним пайда болду. Билимим боюнча айтсам, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал жагында окугам, кийин Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетин бүтүрдүм. Анан Кытай мамлекетине кетип, ал жакта беш жыл жашап келдим. Ал жакка чыгармачылык жактан өнүгөйүн деп барганбыз, кошумча тил жагын да өздөштүрүп келдим.

– Сизди көпчүлүк “Ну-ка, все вместе!” долбоорунан кийин жакшы тааныды, бул сынакка кантип катышып калгансыз?

– Бул долбоор менин чыгармачылыгымда чоң трамплин болуп бере алды. Ушуга катышсам деп көп кыялданып жүрүп катышып калдык. КМШ өлкөлөрүнө атыбызды чыгарган долбоор ушул болду десем туура болот. Кийин Бек Исраилов, Азат Раимбердиев жана мен трио “Номад” болуп чыктык. Бул трионун түзүлүшүнө таланттуу ырчы агабыз Өмүрбек Андарбековдун салымы бар. Идеясын ошол айткан. Ошентип үчөөбүз ырдап чыгып калдык. Трионун да жашоомдо өзгөчө орду бар. Дагы далай жакшы чыгармаларды тартуулайбыз деп ишенем.

– Эң алгачкы ийгилигиңизди эстеп берсеңиз, кандай сезимдер менен коштолгон?

– Бул окуя мен Кытайда жүргөндө болду. Анткени ал жакта “Голос” аттуу франшиза долбоорго катышкам. Чоң сахнага ошол жактан аттандым десем туура болот го, масштабдуу долбоор эле. Ырдап бүткөндө карасам, жымыраган эл мени колдоп турушкан экен. Ошондо биринчи жолу “мен ырчы катары калыптанып калыптырмын” деген сыймык пайда болгон. Көп эмгек кылдым, эми жыйынтыгы чыгыптыр деп көкүрөгүм толгон. Башкача бир толкундоону, ийгиликтин таттуу даамын сездирген сезимди ошол жактан сезгем. Биринчи ийгилигим катары ошол күндү эсептейм.

– Сахнанын сыртында, кадимки жашоодо  Миңжашар кандай инсан?

– Кадимки жашоодо аябай жөнөкөй, тамашалап сүйлөгөндү жакшы көргөн адам. Жалпысынан алганда оор басырыктуу, мүнөзү тынч, жети өлчөп бир кескен, бирөөлөр жинине тийсе теңелбей койгон инсан.

– Жаш ырчыларга мотивация жетишпейт дешет, анткени мамлекет сыйлык бербейт, колдон жетелебейт дегендей. Баарына өз күчү менен жетүү керек болот. Мындайда сизди алдыга түрткөн эмне деп ойлойсуз?

– Туура айтасыз, бизди ойлогон эч ким жок (күлүп). Ошого карабай алдыга умтулуп келе жатабыз. Мени алдыга түрткөн эмне десеңиз, азыркы учурда өнөрдүн сапаты азайгансып бара жатат, ошол сапатты оңдогум келет. Кийинкилерге үлгү болсом дейм. Мамлекетибиздин атын чыгарсак, кыргыз деген атты баары билсе деген изги тилегим бар.

– Фанаттарыңыздын эсте калган белеги же сахнадагы күлкүлүү окуялардан эстеп кетсеңиз...

– Эркек адам гүлгө көп кызыкпайт эмеспизби, бирок бир жолу мени таң калтырган окуя болгон. Бул да Кытай мамлекетинде болгон, аябай жакшы көргөн угарманым бар экен. Чоң маараке эле. Ырдап жатсам, бир жарым метрлик узун, чоң розаны алып келип берген. Кооз экен, күтүлбөгөн, бирок жакшы таасир калтырган белек болгон.

Бир күлкүлүү окуя болгон, “Ну-ка, все вместе!” долбоорунда катышып жатканбыз. Екатеринбург шаарында даярданып жаткан элек. Бизге “Сергей Лазарев менен Николай Басков келет, жакшы даярдангыла. Жакшы кийим кийип келгиле” дешти. Мен бир кийим алып, пиджак анан шым алмакпыз. Бирок шымымды чоң алып алыптырмын. Кашайып курумду да унутуп калыптырмын. Ырдап жатсам шымым улам түшөт (күлүп). Калыстар тобуна билгизбей улам көтөрүп коём. Аягында тигилер деле байкап калышты окшойт. Ошол абалымды эстеп кээде жылмайып калам.

– Миңжашардын жакынкы 5 жылдык планы кандай?

– Максаттарым чоң. Анткени жакынкы 5 жыл болобу, буюрса, атымды КМШ өлкөлөрүнө гана эмес, дүйнөгө угузсам деген пландарым бар. Кайсы мамлекетте маданият өнүккөн болсо, ошол өлкө өнүгүп жатканынын белгиси эмеспи. Ошондуктан элимдин атын көп өлкөлөргө угузуп, даңктасам деген оюм бар. Атымды Миңжашар деп атам төрөлө электе койгон экен. “Уулумдун кылган иши, изи кыргызда миң жыл жашасын” деп тилек кылыптыр. Ысымымдын өтөсүнө чыгып, жакшы бир из калтырып кетсем деп ойлойм.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз...

– Жүрөгүмдүн ээси, жаркылдаган жарым бар. Балабыз жакында үчкө чыгат.

– Маегиңизге рахмат, ийгилик каалайбыз сизге! 

 

Нуржамал Жийдебаева

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан