КУРМАНДЫКТАН АҢЧЫЛЫККА: "СКУЛЬПТУРАЛАРДЫН ШААРЫ" ДОРАМАСЫ

“Скульптуралардын шаары” же болбосо “Жасалма шаар” аталышы менен экранга чыккан корейлердин дорамасы 2025-жылдагы мыкты долбоорлордун катарына кошулду дешет кино сынчылар. Ананчы, “боевиктин атасы” деп саналган актёр Жи Чан Ук башкы каарман, андан сырткары актёрлор До Кёнсу, Ли Кван Су да бар. Сериалдын бюджети анын масштабдуулугунан кабар берет. Алдыда сөз дал ушул долбоор тууралуу болсун.

 

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2025-жыл, 5-ноябрь

Жанры: триллер, драма, боевик

Сценаристи: О Сан Хо
Режиссёру: Ким Чан Жу, Пак Шин У

Канча серия: 12

Башкы ролдордо: Жи Чан Ук, До Кёнсу, Ли Кван Су жана башка

Кадимки эле күн болчу...

Пак Тэ Жун көптөгөн курьерлердин бири, бош убактысында гүл өстүрөт, аларга камкордук кылат. Анан да келечекте кафе ачып иштетсем деген кыялы бар. Иниси менен ынтымактуу жашашат, өзүнө төп келген татынакай сүйлөшкөн кызы, достору да жанында. Айтор, жөнөкөй жашоосуна ыраазы болуп, алынын келишинче иштеп, жашап жүрөт. Ал күн кадимки күндөрдүн эле бири болчу. Тагыраагы, иш күнү аяктап калган кеч эле. Үйүнө кетүүгө камынып жатканда жерде жаткан телефондун чырылдаганын угуп калат. Алса бир кыз “телефонумду мен айткан дарекке алып келип бериңиз, акчасын жакшы төлөп берем” дейт. Ар бир тыйынды эмгек менен тапкан жигит телефонду айтылган дарекке таштап кетет. Анын эртеси баары башталды... Капарсыз гүлдөрүн карап жаткан жигитти полиция кызматкерлери кармап кетип, зордукталган, өлтүрүлгөн кыздын кылмыш ишин моюнуна илип коюшту. Досторунун тапкан далилдери жарабай, Тэ Жун камалып кетти.

Түрмөдө чыныгы тозок жашоо башталат. Боорукер, эч жамандыгы жок жигитти сабап, зордогондор көп болот. Кошумча адвокат инисинин асынып алганын угузат. Сүйлөшкөн кызы да таштап кетет. Кечээки тынч жашоосу бүгүн тозокко айланат. Чыдабаган жигит бир нече жолу өз жанына кол салууга аракет кылды. Бирок Кудайдын планы башка окшобойбу, аман калат. Түрмөдөн дин жолунда жүргөн бир адам менен таанышып, анын таасири астында жашоого үмүт артат, машыгып, күчтөнүп, өз жемин жедирбегенге өтөт. Арадан жылдар өтүп түрмөгө дагы бир жаш жигит түшөт. Ал байкуш да Тэ Жун көргөн кордукту көрө баштайт. Анын эмне болуп түрмөгө түшкөнүн сураганда дал өзүнүкүндөй сценарий угат. Бала да курьер болуп иштеп, баягы телефонду жеткиргенден кийин жалган жалаа менен камалып кеткен экен. Көп өтпөй ага да апасынын асынып каза болгонун айтышыптыр... Ошондо Пак Тэ Жун өзүнүн атайын сценарий менен камалганын, инисинин өлтүрүлгөнүн билет да, өч алам дейт. Ал үчүн түрмөдөн чыгышы керек...

Сериалды көрүп баштай электер бул кыскача мазмунду окуганда эле кызыгып калды болуш керек. Калгандарын тасмадан көрүңүз, өкүнбөйсүз.

“Саткын шаар” тасмасынын кеңейтилген версиясы

2017-жылы “Саткын шаар” (“Подставной город”) боевигинде жалган жалаа менен түрмөгө түшкөн адамдын тагдыры чагылдырылган. Андагы башкы каарманды да актёр Жи Чан Ук ойногон эле. Ошол образына актёр 2025-жылы “Скульптуралардын шаары” дорамасында кайтып келди. Дорама тасмадан негизги сюжет: каармандын жалган жалаа менен түрмөгө түшүшүн гана алган. Тасмага караганда сериалда каармандарды, окуяларды көп чагылдырууга мүмкүнчүлүк бар. Андыктан сценаристтер менен режиссёрлор алынын келишинче эмгек кылганы көрүнүп турат.

Кымбат дорама

“Скульптуралардын шаары” дорамасына кеткен бюджетти көргөндө эле анын канчалык масштабдуу экенин байкаса болот. 35 миллиард вон (болжолдуу 24 миллион АКШ доллары) корей кино рыногунда кымбат деп саналат. Мындай бюджетти дүйнөгө тарала турган тасмаларга же франшизаларга коротушат. Сериалды жаратуучулар тобокелдик кылышты, акталды окшойт. Сериалдын бир чыкканда 4 сериясы көрсөтүлүп, дароо эле жылдын мыктылары менен ат салыша тургандай деңгээлде экени билинди. Эми ар апта сайын 2ден сериясы көрсөтүлөт да, 1-сезон 12 серия менен аягына чыгат. 2-сезон тууралуу азырынча маалымат чыга элек.

Жаратуучулар

Киномандар тасмага баа берүүдөн мурун актёрдук курамдан сырткары аны жараткан адамдарга да маани беришет. Бул ирет “Скульптуралардын шаары” дорамасынын сценарийин буга чейин криминалдык хит дорамаларды (“Таксист”, “Криминал шаар: Өч алуу”) жазып жүргөн О Сан Хо колго алган. Ал эми режиссёрлук пультта өз ишинин чебери, кинорежиссёр (тарткан белгилүү сериалдары “Псих, бирок баары жайында”, “Жылдыздардан сура”) Пак Шин У жана Ким Чан Жу (“Артка эсеп”, “Амазон мергени”) болду.

Негизги каармандар

Жи Чан Ук

Түрмөгө жалган жалаа менен камалып кеткен, алгач курмандык болуп, акыры аңчылыкка өткөн Пак Тэ Жундун ролунда айтылуу актёр Жи Чан Ук. Анын аты эле бул тасмага чоң салмак кошту десек болот. Ал ар бир ролунда көрөрманды каарманына ишендире алат. Бул ирет да эч нерседен капарсыз каармандын жашоосундагы окуяларга жараша кандай өзгөргөнүн эмоциялар, мимика, кыймыл-аракети менен ишендире жакшы ачып берген. “Скульптуралардын шаары” – өч алуу тууралуу жаңы, көп багыттуу, жаңы түстөр кошулган, көптөргө жага турган дорама. Андагы визуалдык эффекттер да абдан сапаттуу”,- дейт актёр. Адатка айлангандай, бул сериалда да Жи Чан Ук кооптуу трюк, мушташ сценаларынын көбүндө дублёрсуз өзү тартылган.

До Кёнсу

Дорамадагы негизги терс каарман Ё Хандын ролун актёр До Кёнсу аткарды. Дүйнөгө белгилүү EXO тобунун ырчысы D.O. аты менен да таанымал актёр үчүн бул карьерасындагы биринчи терс каарман. “Сценарий өзгөчө кызыгуу жаратты. Сюжеттин динамикалуу түрдө өнүгүшү, андагы экшн сценалар, куугунга түшкөн эпизоддордун баары бириккенде кандай жыйынтык болорун чыдамсыздык менен күттүм”,- дейт жаман адамдын ролу жарашкан Кёнсу.

Ли Кван Су

Дорамада дагы бир терс, куу каарман бар, До Гён аттуу. Аны көпчүлүккө белгилүү актёр Ли Кван Су ишке ашырды. Режиссёр Пак Шин У “Ли Кван Су До Гёнду аткаргандан кийин анын ордуна башка адамды элестетүү болбой калды” десе, сценарист О Сан Хо “Ли Кван Су биздин дораманын баалуу бермети десек жарашат. Анда жөнөкөй адамды өзгөчө кылган, жөнөкөй сөзгө салмак кошкон касиет бар” дейт. Ал эми мактоого арзыган актёр өзүнүн сериалдагы каарманы жөнүндө “башкалар менин каарманымды көргөндө өзүн ыңгайсыз сезгендей аткарсам деген ой болду. Көрүүчүлөр менин персонажымды тынчсыздануу, кооптонуу менен кабыл алышына бүт күчүмдү жумшадым” деп ой бөлүшкөн. 

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан