Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы энергетикалык кризис боюнча президент Садыр Жапаровдун ага айткан сынына кайрадан жооп берип, азыркы бийликти сындады. Өткөн аптада башталган кайым айтышуу күч алды.
Кескин сын, ачык айыптоо
Алмазбек Атамбаев 17-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына пост жарыялады. Анда президент Жапаровду калп айтууга, негизсиз каралоого айыптады.
– Өлкөнү башкарып жатканыңа 5 жыл болду. Алгачкы жылдары эл сага чоң үмүт артты, айтканыңдын баарына ишенди. Сен элге кандай гана убада кылбадың: сөз эркиндиги, көз карандысыз ЖМКлар, адилет шайлоо, адам укугун коргоо... Ошол 5 жыл бою мени каралап, эсиңе келген ушактын баарын моюнума жүктөп келдиң. Колумдан келишинче унчукпай, такыр болбосо сылык, сабырдуу жооп берип жаттым. Эми сен азыркы энергокризистин да себептерин мага оодарып, калпты катырып, мени күнөөлөп жатасың...- деди Атамбаев. Мурдагы президент энергетикалык кризисти тереңдеткен себептердин бири – өлкөдөгү майнинг-фермалар дейт.
Атамбаев Жапаровду “5 жылдын ичинде сөз эркиндигин өлтүрдүң” деп күнөөлөдү, башка да көптөгөн сындарды айтты.
Президент жооп бере элек
Мындай билдирүүгө президент Садыр Жапаров жооп бере элек. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Атамбаевдин постунун астына комментарий жазды.
– Сөз эркиндиги боюнча мактанбай эле коюңуз, сиздин убакта муунтуу чегинен ашкан. Анын бир мисалы мен. Мага карата 2 миллион сом доо, башкаларга алды 10 миллион сом доого жыгуулар болгон. Саясий куугунтук тууралуу сөз кылбай эле коёлу, эң көп саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү кармалган. Азыр сиздин уулдарыңыз саясатка эркин аралашып, командаңыз каалаганын сүйлөп жүрөт,- деди Орунбеков.
Кайым айтышуунун башталышы
Мындай кайым айтышуу өткөн аптада башталган. Президент Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык кризис боюнча пост жазып, анда мурдагы бийликтердин тушунда өлкөдө ири энергетикалык долбоорлор ишке ашырылган эмес деп белгилеген.
Бул постко Алмазбек Атамбаев жооп кайтарып, “мурдагы бийлик эч нерсе жасаган эмес дегени – 2010-жылдан кийин өлкөнү энергетикалык кризистен алып чыккан миңдеген адамдын эмгегин шылдыңдоо” деген.
14-ноябрда президент Жапаров Атамбаевге жооп берип, аны “дал ушул Атамбаевдин тушунда энергетика сазга баткан” деп айтты. Жапаров Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБин жаңылоо сыяктуу долбоорлор ишке ашырылганы ырас экенин, бирок алардан миллиондогон сом уурдалып кеткенин да кошумчалаган.
Бабанов, Исаков аралашты...
Талкууга мурдагы премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов менен Сапар Исаков да аралашты. Бабанов Атамбаевдин тушунда адилетсиз шайлоолор болгонун, азыркы учурда өлкөдө туруктуулук орногонун белгилеп, мурдагы президентти жеке таарынычы болсо да акылман, тажрыйбалуу аксакал катары туура кадам жасоого чакырды. Ал эми Сапар Исаков “мурунку бийлик эч нерсе жасаган эмес” дегенди четке какты. “Жоопкерчиликти “акыркы 30 жылга” оодаруудан же мурунку бийликти күнөөлөй берүүдөн энергетика системи бекемделип кетпейт. Бүгүнкү күндө элге шарт түзбөй, тескерисинче, шарт коюлуп жатканы чындык” деди Исаков.