Баян Акматов, төкмө: “АЙТЫШ ТАРМАГЫ КАРООСУЗ КАЛДЫ, УШУГА АРДАНАМ”

Төкмө акын, ырдын табиятын терең түшүнүп, сахнага чыккан сайын элди сөздүн күчү менен кең дүйнөгө жетелеген таланттардын бири – Баян Акматов. Акыркы жылдары айтыштардан көп көрүнбөй калды. Буга эмне себеп? Төкмөлүктүн азыркы абалына көз карашы кандай? Акын үчүн айтыштын байгеси канчалык маанилүү? Ушул суроолорго маектен жооп таба аласыздар. 

 

– Баян мырза, акыркы мезгилде айтыштардан көп көрүнбөй калдыңыз, бир себеби барбы?

– Ооба, учурда бир аз тыныгуу болуп жатат. Жакында “спорт режимди” кошуп туруп билек түрө киришейин деп турам. Бара-бара адам “карышкыр” болуп калат окшобойбу, боло турган айтышты сырттан карап туруп эле иликтеп-жиликтеп, аягында катышпай эле коёт окшойм деп баш тартып калам. Жаш кезде кайсы жерде айтыш болсо, “кылычты” ошол жерден сууруп чыгып эле катыша берчүбүз да.

– Ошондо азыркы учурдагы айтыштардын сапатына ыраазы эмессизби? 

– Биз өзгөргөн сыяктуу эле айтыштар да өзгөрүп жатат. Анткени бул тармак учурда кароосуз калды. Тармакты “Айтыш” фонду карап турган кезде керемет айтыштар болгон. Кийин “Манас” театры ачылды, айтор, антип, минтип отуруп толук кандуу каралбай калды. “Калыстар тобун алмаштырабыз” деген да пикирлер чыгып, бир бүтүмгө келе албай жаткан учур азыр. Чечилбей турган бир топ маселе бар. Казактарды карап кээде арданасың, укмуш байгелерди коюшат. Мен ушул тапта акындыкты өнүктүрүүдөн мурун, айтыш жаатын өнүктүргөнгө салым кошо алсам деп максат кылып жүрөм.

– Казактарда айтыштын байгеси чоң деп калдыңыз, төкмө үчүн байге абдан маанилүүбү?

– Албетте, маанилүү. Илгертен ошондой болуп келген. “Мен акчаны сүйбөйм” дегендер бар, бирок ошолор жалганчылар. Элдин баары байлыкты жакшы көрөт, болгону акча жүрөккө кирип кетпеши керек. Акча акча катары өз ордунда турганы жакшы. Анын артынан кууп, абийирди ага алмашып жибербеген дурус. Акындардан алтымышы болсо, баары баш байге үчүн ат салышат. Байге болбосо, төкмө эмнеге айтышат? Базарларда короз же ит уруштурушат, ошолордун байгеси айтыштын байгесинен көбүрөөк болуп кетет. Эми биз адамбыз да, ошондо арданасың.

– Айтыштын өңүтүн өзгөрткүңүз келет окшойт...

– Айтыш десе, ичим толо жалын бар, күйүп кетем. Оңдой турган, жасай турган нерсе көп. Айтышта импровизация кылганды жакшы көрөм. Өзгөчө кайрыктарды колдонуп ыр төккүм келет. Мен жараткан кайрыктарды кээде жаш төкмөлөр колдонуп жүрүшөт. Бир жолу бир акын кеңеш сурап калды “кантип чыксам жакшы болот?” деп. Мен ага “аккордеон менен чыгыңыз” деп кеңеш бергем, жакшы болгон. Өзүм барабан менен чыккым келип жүрөт. Айтор, элден өзгөчөлөнүп, жаңы нерселерди ойлоп таап, айтышты өнүктүрсөк деген ой бар. “Жок, айтыш ушундай эле болушу керек” деп калыстар тобу столду бир чаап, өз билгенин айтат. Бирок айтыштын табиятына диктатура туура келбейт да. Мисалы, айтышта орусча сөз кошпош керек деген нерсе бар. Ыңгайы келсе кошо берсин, кайра жакшы болбойбу. Ким кандай чыккысы келсе, кайсы тилде төккүсү келсе жол бериш керек. Доор өзгөрүп жатат, муун алмашууда. Айтышка насаатчы керек, тарыхчы керек, психолог керек, саясатчы керек. Мисалы, акын эл аралык саясатты билбей айтышып алса, эки элдин мамилесине чоң жарака кетиши мүмкүн.

– Мындай суроо туулат: мурунку муундагы акындар сиз айткан нерселерсиз эле сонун төгүп жүрүшкөн да? Эмнеге азыркыларга керек?

– Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр – булар бир жаралган асылдар. Азыр алар кайда? Бири айтышка чыкпай калды, бири Америкага кетип калды, бирин ажал жулуп кетти. Буларга мен айткандардын эмнеге кереги болгон эмес десеңиз, алар адабияттын, маданияттын каймактары менен жүрүшчү, ошолор менен табакташ болушкан. Тапталып чыгышкан. Азыр кайсы акын адабияттын каймактары менен жүрүп таалим алып жатат?

– Көп акындарга замандаш болуп, чогуу иштешип калдыңыз. Кимиси сизди көбүрөөк таасирленте алды?

– Аалы, Жеңишбек байкелердин жанында көп жүрүп, алардан акындыктан мурун адамдыкты үйрөндүм. Таң кала турган сапаттары бар. Мен акындыкка жаңы аттанып жатканда бир окуя болгон. Аалы байке Жеңишбек байкеден сурап жатат: “Устат, мен бир жаңы машине алайын деп жатам, баасы мынча, үлгүсү мындай, кандай дейсиз?” деп. Көрсө, ал унаа ошол учурдун кымбат машинеси экен. Сурап жатканынын себеби “сиздикинен кымбат машине алсам, сизди ыңгайсыз кылып койбоймунбу?” дегени экен, сөздү каймана мааниде айтыптыр. Ортолорунда адеп, сый бар эле. Жеңишбек байке батасын берип, өзү жаңы унаа ала тургандай сүйүндү. Ушул эки акын мага чоң таасир берди. Дагы бир нерсе, экөөндө тең бекем принцип бар. “Ырдабайм” деген жерине барып ырдабайт. Ким чакырса да, канча акча төлөсө да. Акчанын же бийликтин күчүнө салып “ырдап бер” дегендерге барбай коюшат. Көңүлүнө төп келсе, аз эле акчага барып ырдап беришет.

– “Атам мени сүрөтчү кыла албай калдым деп кейийт” дедиңиз эле бир жолу, дагы деле кейийби?

– "Ар бир үйдө Путин менен Зеленский бар" деп айтып калам. Пикирлер келишпейт. Биздин үйдө да ушундай, бирок ал менин атам, мен анын баласымын. Менин жан дүйнөм такыр башка. Атам да дүйнө таанымы кенен, кыраакы, көптү билген адам. Советтик доорду аябай сагынат,  мурунку муун принципке бекем болушат эмеспи, советтик идеология эбак кулаганы менен, аталардын идеологиялары кулабай келе жатат (күлүп). Атам мени кичинемден сүрөтчүлүккө даярдаган. Сүрөт боюнча кайсы мелдеште болбосун биринчиликти алып келчүмүн. Бирок кийин көкүрөгүм акындык деп эңсеп, ошол жакка ыктап туруп алды. Атам дагы деле “кайдагы бир акындыкка кетип калдың” дейт. Улуу муунда “эмнеге мен айткандай болбой калды?” деген диктатуралык ойлор бар да. Азыр такыр сүрөт тартпайм, бирок аябай сагынам. Чет өлкөгө барганда эл шопинг кылса, мен сүрөт галереяларына барам.

– Акындык дараметиңизге өзүңүз кандай баа бересиз?

– Укмуш мыктымын, кыйратып салдым деп айта албайм. Бышканга аракет кылып келе жатам. Менден да күчтүүлөр, менден да көп изденгендер бар. Бирок сахнага чыга келгенде окуган китебиң же канча университетти бүтүргөнүң роль ойнобой калат. Элди тартып алуу жөндөмү болот, ошол нерсе менде бар. Комуз черткенди билбеген акындар бар арабызда, а менин пайдубалым бекем. Кичинемден терме, санат менен чоңойдум, мыкты устаттардан сабак алдым. Жазган обондорум кыргызда эле эмес, чет өлкөгө чейин хит болду. Шүгүр десем болот.

– Баян мырза инсан катары бактылуубу?

– Бакытты ар ким ар түрдүү түшүнөт. Мен үчүн бакыт – Кудайдын ыраазычылыгын издөө, алуу. Ай-ааламды жараткан Кудай эмеспи. Ошол улуу зат пенде катары мага ыраазы болсо, мындан өткөн бакыт барбы? Баян деген – төрт тамгадан турган аты бар бир акын. Салмагы 87 килограмм, бою 1 метр 87 сантиметр, төрөлгөн жылы 1987-жыл (күлүп). Төрт тарабымды төп, стандарт кылып жаратып коюптур Кудай, бактылуумун.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан