СУУК БАШТАЛДЫ, ООРУБАШ ҮЧҮН ДАРЫГЕРДИ УГУҢУЗ!

Суук башталганда кулак, мурун, тамак оорулары күчөйт. Дарыгерге баргандар да, өз алдынча дарыланам деп ооруну күчөтүп жибергендер да бар. Бул ирет врач-отоларинголог Саадат Иманбаева кеңеш берет.

“Суукка чыксам эле мурдум куюлат”

– Суук түшүп, кыш келди дегиче сыртка чыксам эле мурдумдан суу куюлуп баштайт. Үй ичинде жылууда жүрсөм акпайт. Билишимче, муну суукка аллергия деп коюшат экен. Конокко барганда абдан ыңгайсыз болом, мурунду шырылдатып тарта берип. Кантип дарыланып, арыла алам мындан?

Элина, 29 жашта, Кант

– Суукта мурундан суунун агышы – бул суукка болгон аллергия. Бул медицинада сууктан болгон ринит деп айтылат. Врачка барып текшерилиңиз. Ал суунун агышын токтотуучу дарылар менен кошо антигистаминдик (аллергияга каршы) дарыларды да жазып берет. Дарылангандан кийин суу агуу токтойт.

“Гайморитим көп кармап кыйнады”

– Менде өнөкөт гайморит бар. Кыш келгенден тартып суукка чыксам эле бат-бат кармай берет. Дене табым көтөрүлүп, шалдырап, мурдумдан чимкирик агып кыйналам. Мурдум бүтүп, тамагыма какырык жабышып калгансып кетпейт. Гайморит бат-бат кармабашы үчүн эмне кылсам болот? Тамагыма жабышып кетпеген нерсе эмне?

Гүлпери, 43 жашта, Кара-Балта

– Гайморит кармабашы үчүн иммунитетти чыңдоо, мончого түшкөндөн же башты жуугандан кийин суукта жүрбөө керек. Башкысы – суук тийүүгө жана сасык тумоого чалдыкпоого аракет кылуу зарыл. Сасык тумоолоп калганда дароо дарыланып баштап, гаймориттин козголушуна жеткирбеңиз. Көчөдөн келгенден кийин мурунду жылуу суу менен чайкап туруу да жардам берет. Туздуу суу менен да чайкап жүрсө болот. Гайморитте мурундун былжыр челинен бөлүнүп чыккан суюктук (маңка) кекиртекке акырындан тамчылап куюлуп, жабышып кала берет. Тамакты кырынып, ал какырыкты кетиргендей болгонуңуз менен, ордунда кайра пайда болот. Бул көбүнчө чалкадан жатканда сезилет. Анын кетиши үчүн гайморитти толук дарылоо керек. Врач башка дарылар менен кошо какырыкты кетирүүчү дары жазып бериши мүмкүн.

 

“Мурдум сынгандан кийин жытты жакшы сезбей калдым”

– Учурунда бокс менен машыгып жүрүп мурдумду сындырып алгам. Азыр мурдум кыйшык. Жакшы дем ала албай, жытты да жакшы сезбей калдым. Эми кантип дарылансам болот? Жыт билүүм калыпка келеби?

Бекболот, 42 жашта, Талас

– Жакшы дем ала албоо, жыт сезүүнүн төмөндөшү, бул мурундун кыйшыктыгынан болууда. Андыктан текшерилүү зарыл. Мурундун кыйшайган жеринде аба менен кирген инфекция, микробдор топтолуп гайморитти чакырат, эт (полип) өсүп кетиши да мүмкүн. Буларды тактатыңыз. Эт өсүп чоңоюп кетсе жыт билүү начарлайт. Кандай болгон күндө да мурдуңузду операция аркылуу түздөтүүңүз керек. Адам жакшы дем ала албай кыйналса, мээге кычкылтек толук жетпей, гипоксия жаралып, башы ооруп кыйналат. Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү да төмөндөйт.

 

“Кулактан ириң агуу токтобой жатат...”

– Оң кулагымдан аз-аздан ириң агып калчу, улам тазалап коюп эле жүрө берчүмүн. Кийин дарыгерге кайрылсам, аппараттар менен текшерип, “кулагыңдын тарсылдагы тешилгени калыптыр” деди. Дарыландым, бирок дагы деле кээде ириң агып калат. Бул канткенде токтойт? Кулактын тарсылдагы жарылып калса адам керең болуп калабы?

Эльвира, 21 жашта, Бишкек

– Эльвира, сиз кулагыңыздан аккан ириңди лабораторияга анализге алып барып текшертүүңүз зарыл. Лабораториядан кайсы микроб түрү ириңге себеп болуп жатканын жана ал кайсы антибиотиктен жок боло тургандыгын аныктап беришет. Врач сизди ошого жараша дарылап, ириңин токтотот. Эгер ириң сөөккө чаап кетсе, аны чиритип, ошондон улам да ириң токтобой жатышы мүмкүн. Мындайда операция аркылуу сөөк тазаланып, ириң токтойт. Жарылган тарсылдакты операция аркылуу бүтөбөсө, керең болуп калуу коркунучу чыгат.

 

“Үнүм чыкпай калды”                                  

– Жакындан бери үнүм чыкпай, шыбырап сүйлөп калдым. Үйдөгүлөр “бул суук тийгенден болушу мүмкүн” деп бир-эки дарыны ичиришти. Жардам берген жок. Суук тийбесе деле үн чыкпай калышы мүмкүнбү?                                       

Жанара, 43 жашта, Бишкек                             

– Үндүн чыкпай, шыбырап сүйлөп калуунун  2 себеби бар. Биринчиси – вирустук инфекциядан үн чыгаруучу байламталардын сезгениши. Экинчиси – көкүрөк клеткада рактын бар болушу. Анткени рак үн чыгаруучу байламталарды басып калып, үн чыкпай калат. Эгер вирустук инфекциядан болсо, анда отоларинголог вируска каршы дарылар менен дарылайт. Рактан болсо, онкологдорго кайрылуу керек.

 

“Кулагыма үн угулчу болду”

– Кулагымда чуулдак (шум) пайда болуп, кетпей жатат. Жакында сууга кулап түшкөм, ошондонбу деп күмөнсүп жатам. Чуулдаган үн кагылган коңгуроонун үнүнө окшоп кетет. Муну кетирүүнүн жолу барбы?                                          

Мухтар, 53 жашта, Нарын

– Кулакта үндүн угулушу бир нече себептерден улам болот. Мисалы, кулактын отит, лабиринтит ооруларынан, кан басымдын көтөрүлүшүнөн, суук катуу тийип же инфекциялардын айынан кулактагы угузуучу нервдердин сезгенишинен. Отоларингологго көрүнүп, дарылансаңыз кетет.

 

“Баламдын мурду жагымсыз жыттанып жатат”

– 6 жаштагы баламдын мурдуна кагаз тыгылып калыптыр. Аны 5 күндөн кийин билдик. Врачка алып барсак, кагазды алып чыккан, бирок мурдунун ичи жыттангансып жатат. Гайморит эмеспи? 4 жаштагы баламдын оозу жагымсыз жыттанат, кээде тамак ичкенде жутууда кыйналат. Бул ангинабы?

Назира, 34 жаш. Бишкек

– Балаңызды кайра врачка текшертүүңүз кажет. Кээде мурундун былжыр челине суук тийгенде да жагымсыз жыт пайда болот. Андыктан врач рентген аппаратына салып көрүп, анан так диагнозун айтып, дарылайт. Көрбөй туруп диагнозун айтууга мүмкүн эмес.

 

“Тамак безин алдырса кийин зыяны тийбейби?”

– Кызымдын көптөн бери тамагы ооругандыктан врачка текшертсем, ангина деп диагноз коюп, операция жолу менен дарылайбыз деди. Оорусу көп кармайт. Операциясыз эле дарыласа болбойбу? Тамак безин алдырып салса кийин зыяны тийбейби?

Дамира, 47 жашта, Манас

– Сиз мыкты ЛОР врач таап кызыңызды кайрадан текшертиңиз. Ошол врачтын айтканына жараша иш кыласыз. Ооздогу алкым бездери организмди тамак-аш жана аба менен микробдордун кирип кетишинен коргойт. Башкача айтканда, коргоочу кызматты аткаруучу иммундук орган. Аны алып салса, иммунитет жабыркап, кийин бала инфекциялык ооруларга бат-бат учурай турган болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан алдырып салгандан көрө оорунун көп кармабашына кам көрүп, ооруса толук дарылатуу туура.

 

“Муздак ичсем тамагым шишийт”

– Муздак ичсем, муздак аба менен көбүрөөк дем алып койсом эле таңдайым шишип, дене табым көтөрүлүп кетет. Кышында эртең менен көп кармайт. Анан түшкө жакын барып оорутуу басаңдайт. Жайкысын бутум үшүп калса да кармайт. Туз менен чайкоо керек деп угуп, аны да жасадым. Укол да алгам. Эмне кылсам кармабай калат?

Айкыз, 25 жашта, Манас

– Белгилерине караганда фарингит дартына окшошуп жатат. Фарингит – тамактын чел кабыгы, кан тамырлар ичкерип, тамак керектүү азык-заттар менен толук камсыздалбай калганда келип чыгат. Анын үстүнө сизде муздакка сезгичтик жогору экен. Мындай адамдар муздак тамак-аш жесе, суусундук ичсе тамагы да дароо ооруп калат. Сиз эми врачка көрүнүп, диагнозуңузду тактатып, дарыланыңыз.  

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан