27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь жана Тажикстандын президенттери катышып, аймактык коопсуздукка байланышкан маселелерди талкуулашты.
Пашинян бул жолу да келген жок
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул жолу да уюмдун жыйынына катышууга келген жок. Ушуну менен уюмдун акыркы бир нече саммитине катышпады. 26-ноябрда Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Мнацкан Сафарян Армения ЖККУдан чыгат деген маалыматтарды четке какты. “Күн тартибинде андай маселе жок. Биз уюмдун ишине катышпайбыз, бирок чечимдерди кабыл алуусуна тоскоолдук да кылбайбыз”,- деди чиновник.
Пашинян Армения уюмдан чыгышы мүмкүн экенин кыйытып, бирок акыркы чечимди чыгарбай келе жатат. Армениянын ЖККУдагы статусу “тоңдурулган” абалда.
Орусия жана Кыргыздын тигүү тармагы
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөгө 25-ноябрда мамлекеттик сапар менен келип, Бишкекте 2 күн болду. Сапардын алкагында Кыргыз-Орусия ортосунда бир катар документтерге кол коюлганы кабарланды. Көпчүлүктү учурда Кыргызстандагы тигүү өндүрүшү кабылган кризис, Кыргыз товарларынын Орусияга киргизилбей жатышы кызыктырып турат. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “бул маселе сүйлөшүлдү, жакын арада көйгөй чечилет” деп билдирди 26-ноябрда. Өлкө президенттерине “Ала-Арча” резиденциясында кыргыз маданияты тааныштырылып, иш-чара учурунда Путин комузга кызыгып, улуттук аспапты колуна алып чертип көрдү.
Бир жылдык иштин жыйынтыгы
Президент Садыр Жапаров аймактык жана глобалдык коопсуздуктун негизги темалары боюнча пикир алышуу болгонун билдирди.
– Сессия аралыгында коопсуздук боюнча жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы конкреттүү кадамдар жасалды. Уюмдун эл аралык кадыр-баркын бекемдөөдө жана тышкы саясатты координациялоону кеңейтүүдө активдүү иштер жүрдү,- деп белгиледи Жапаров.
Төрагалык Орусияга өтөт
Уюмдун кийинки саммити 2026-жылдын 11-ноябрында Орусияда өткөрүлөт. Мындай чечим Бишкек саммитинде кабыл алынды. 1-январдан тарта ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Орусияга өтөт. Путин уюм 2026-жылы “Көп кырдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук: бирдиктүү максат – жалпы жоопкерчилик” деген ураандын астында иш жүргүзөрүн билдирди.
Уюмдун баш катчысы алмашты
Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун баш катчылыгынан бошотулуп, ордуна Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалды. Мындай маалымат ЖККУнун Бишкектеги саммитинде жарыяланды. Масадыков буга чейин ЖККУнун баш катчысынын орун басары болуп иштеп келген. Жаңы кызматка 2026-жылдын 1-январынан тарта киришет.