Венера – сүйүүнүн жана сулуулуктун Кудайы

Деңизде көбүктөн жаралган

Венеранын жаралышы тууралуу бир топ уламыштар бар. Бир уламышта ал Кудайлардын падышасы Юпитер менен табият Кудайы Дионанын кызы болгон деп айтылат.

Башкасында мындай деп айтылат: Кудай Уран (Асман) учурунда ааламдагы Кудайлардын падышасы болот. Ал Жер Кудайы Геяга баш кошот. Экөөнөн титан Кудайлар менен кошо бир көздүү 3 циклоп туулат. Уран циклопторду жек көрүп, аларды кайра Геянын жатынына салып таштайт. Ичиндеги балдары менен кошо Гея да кыйналат. Гея чоң балдарынан “мени азаптан куткаргыла” деп жардам сурайт. Ошондо эң кичүүсү Кронос гана макул болот. Апасы ага өзгөчө металл түрүнөн жасалган орок берет. Кронос атасын орок менен жарадар кылат. Ошондо анын уругунун, канынын деңизге тамган жеринде көбүктөр пайда болуп, андан  өтө сулуу кыз Венера жаралат. Венера сөзү грек тилинен которгондо “көбүктөн жаралган” деген маанини берет. Уран болсо обого кетип, ошол бойдон түшпөй коёт.

От Кудайы Вулканды сүйө албай коёт       

Кызды батыш шамалы Зефир Кипр аралына алып келет. Андан Кудайлар байырлаган Олимп тоосуна алып барышат. Кудайлар анын сулуулугун көрүп сүйүп калып, “мен алам” деп талаша башташат. Ошондо Кудай Юпитер алардын талашына чекит коюп, кыз усталардын пири, от Кудайы Вулканга тиет деп чечим чыгарат. Кыз бул чечимге нааразы болот. Анткени Вулкан түрү суук жана кир Кудай болгон. Үстү дайыма чаң, ыш менен капталып жүрчү. Вулкан аялы Венерага жагуу үчүн алтындан токулган кийим, кымбат таштардан асем тагынчактарды жасап берет. Бирок буларга карабай Венера аны сүйө албай коёт. Венера кийин согуш Кудайы Марсты жактырып, экөөнөн балдар төрөлөт. Алардын бири Купидон. Ал алтын канаттары менен учуп жүрүп, кайсы адамды жаасы менен атса, ал алдынан чыккан каршы жыныстагы адамды сүйүп калчу экен.

Венеранын атын алып жүрүүчүлөр

Венеранын ысымы Күн системиндеги планеталардын бирине коюлган. Күн, Айдан тышкары Венера эң жаркырак асман телосу. Айрым элдерде Таңкы жылдыз, кыргызда Чолпон жылдызы деп аталат.

Андан тышкары айрым өсүмдүктөргө да анын аты ыйгарылган. Мисалы, венера чымынчысы. Бул өсүмдүк бетине чымын-чиркей конуп калса, шап жабылып, анан аны соруп азыктанат. Венеранын “корзинкасы” болсо деңиздин тереңинде жашаган губка. Венеранын чачы – папоротник түрү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1199, 5-11-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан