Каарманыбыз театр жылдызы Гүлмира Ташматова таланты менен тажрыйбасы төп келишкен актрисалардын бири. Суктанарлык мыкты образдары көп. Жакында “Ханышанын көз жашы” спектаклинде Курманжан датканын ролун жаратты. “Эчен ролдорду ойноп, эч качан мынчалык сүрдөгөн эмесмин” дейт ошол образы тууралуу. Театр, жаштык, аткарган ролдору, турмуштук сабактар жана сыноолор тууралуу сүйлөштүк.
– Гүлмира эже, театрда тарыхый улуу инсандардын образын жаратуунун түйшүгү жана сыймыгы тууралуу айтып берсеңиз деп турам. Мисалы, атактуу актриса Бакен Кыдыкееванын ролун ойноодо жоопкерчилиги көбүрөөк болгонбу же сыймыгыбы?
– Албетте, Бакен эженин ролун аткаруу миссиясы мага жүктөлгөндө толкундангам. Анда жаш кезим экен, жаштыкта коркуу сезими азыраак болот эмеспи. Эжени сыртынан көрүп жүрчүмүн, бирок жакындан сүйлөшүп, мамиле кылган эмесмин. Анткени ал биздин театрга келип иштеген убакта мен декреттик өргүүдө элем, кийин каза болуп калды. Ошондуктан мүнөзүн, ички дүйнөсүн анча биле алган жокмун. Бакен Кыдыкеева тууралуу “Талант жана тагдыр” спектаклин алгач режиссёр Алмазбек Сарлыкбеков койгон. Ролду мага бергенден кийин мени Бакен эже менен чогуу жүргөн эжелерге жолуктурду. Алар менен сүйлөшүп отуруп жарата турган ролум мага, менин мүнөзүмө жакын экенин билдим. Мен да Бакен эжедей курч, бетке чабар элем жаш кезимде. Пьесаны Жаныш Кулмамбетов жазган эле, ролум ага аябай жакканын айтып куттуктаганы эсимде. Болгону ошол алгачкы курам менен чыккан спектакль видеого тартылып, сакталып калган жок, ошого өкүнүп калам. Анткени күчтүү курам болгон.
– Ошол ролуңуз тууралуу “кыймыл-аракети, үнүнөн бери Бакен Кыдыкееванын өзүндөй ойногон” дегенди көптөрдөн уктум. Демек, ал кишини абдан изилдепсиз да?
– Туура айтасыз. Изилдеп, ал кишини жакшы билгендер менен көп баарлаштым. Актрисага роль берилгенден кийин кандай болсо да мыкты, ийине жеткире аткарышы керек болот. Анын үстүнө менин да ага окшош жактарым бар болгону үчүн абдан окшошуп калдым окшойт.
– Спектаклде же тасмада жүрөктү титиреткен, өзгөчө таасир калтырган эпизоддор кайсылар болду?
– Актриса катары бардык ролду жүрөктөн өткөрүп ойнойсуң. “Ушунун ордунда болсом, менде кандай сезимдер болмок?” деп ичтен толгонуп, анан чыгарасың. Бир окуяны айтып берейин. Жаныш Кулмамбетовдун “Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн” деген спектаклинде баласы өлүп калган эненин ролун ойногом. Өлүп калган баласынын көйнөгүн көтөрүп алып “ушул балам” деп элестетип ары-бери басып жүрө берет. Мындайча айтканда, күйүттөн жинди болуп калат. Эпизоддук роль болсо да мага абдан чоң таасир калтырган. Берилип ойногом, ошол типтеги аялдын ролу болсо дагы да ойносом деп калам өзүмчө. Тасмалардын арасынан да бири бар. Жаңыл мырзанын көз алдына кара кийинген аял элес болуп келет. Ошону мен аткаргам. Ушул эпизоддорду түндө, мүрзөнүн жанында, ээн талаада, ээн үйдө тартканбыз. Роль аткарып жатып, өзүм ошол образдан коркконум эсимде (күлүп). Тартуучу топ бир аз алыс тургандыктан коркуу болгон окшойт.
– Жаш өткөн сайын актрисанын ролго ылайыктуулугу, талантынын өңүтү, суроо-талаптар да өзгөрүлөт. Мындай өзгөрүүнү сиз кандай кабыл алдыңыз?
– Албетте, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жашыңа карата роль бериле баштайт. Тажрыйбаң топтолот, мурункуга караганда образды терең изилдейсиң. Келбетиң, жүзүң, ал тургай үнүң өзгөрөт. Бул нерсени жакшы эле кабыл алдым. Анткени ар бир курактын өзүнүн жакшы жактары бар. Кээ бир актрисалар “такыр карыгым келбейт, жаш бойдон калсам кана” деп айтып калышат. Билгенге карылык жакшы белек, шүгүр кылыш керек. Ошондуктан сиз айткан өзгөрүүлөр мен үчүн трагедия болгон жок. Мурунку ролдорумду өткөрүп берип, өзүмө ылайык роль алып келе жатам.
– Азыркы учурда кандай спектаклдерде ойноп жатасыз?
– Бакен Кыдыкеева атындагы театрыбыз эки жыл оңдоп-түзөөдөн өтүп, жакында ачылды. Менин 60 жылдык мааракеме карата Султан Раевдин “Ханышанын көз жашы” деген пьесасын коюп, Курманжан датканын ролун аткардым. Анда Курманжан датка апабыздын уулу Камчыбек дарга асылар алдындагы бир күндүк жашоосу чагылдырылат. Элди тандайбы же баласынбы? Бир эле учурда эненин жана ханышанын трагедиясы баяндалат. Ушул спектаклде бир аз чочуладым, анткени Бакен эженин ролун беришкенде жаштык, курчтук кылгам. Бул жолу карасам, Курманжан датканын ролун мен деген кыйындар аткарышыптыр. Андан да кыйыны – Курманжан датканы билген ар бир кыргыз ичинен ошол аялдын образын эбак көкүрөгүнө жаратып коюшкан. Ушул жашка келгиче эчен роль жараттым, бирок мынчалык сүрдөгөн эмесмин. Спектаклди Эркин Эгембердиев деген таланттуу режиссёр койду. Жаңыча көз караш менен тартуулады. Элдин тынчтыгы үчүн уулун курмандыкка чалган эненин образын берүү кыйын болгонуна карабай, ийгиликтүү ишке ашырдык. Эл жакшы кабыл алып, жылуу пикирлер айтылууда.
– Театр өз жолу менен... Кадимки турмушта кандай окуялардан чоң сабак алдыңыз?
– Жаш кезде баары башкача сезилет, курч болосуң. Достор көп болуп, жаныңда жакшы киши жүрөбү, жаманбы, аңдабай эле күлүп-жайнап жүрө бересиң. Жаш өтүп калганда акыл токтотуп, көзүң ачылат экен. Мага эң чоң сабак берген окуя мындай болду: Үч жыл мурун катуу оорудум, операция жасаттым, ошондо көп нерсени түшүндүм. Бир нече ай эмне кыларымды билбей өзүм менен өзүм калдым. Оорубай, тарсылдап жүргөнүңдө тегеректеп жаныңда жүргөндөр “мунун күнү бүтүп баратат, көп болсо эки жыл жашайт” дегенсип четтей башташат экен. Мындай мамиле ооруган адамга катуу тиет тура. Жаныңда ата-энең, бир туугандарың, бала-чакаң, жакындарың эле калышарын билдим. Кимдин ким экенин билгенден кийин жүрөгүң менен ачылып мамиле жасабай калат экенсиң. Мен жардам берип жүргөн, жакын деп санаган адамдар карабай кеткенде турмуштун чоң сабагын алдым деп ойлойм.
– Азыр ал сыноолор артта калдыбы? Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Кудайга шүгүр. Операция жасатып, толук айыктым, азыр жакшымын. Аманчылык болсо эле, Кудай баарын өз ордуна коюп берет экен.
– Таене, чоң эне болгон кандай экен? Ушул бактыңыз тууралуу уксак...
– Жаш кезде “небере ширин болот” дешсе, “кантип эле өз балаңдан да таттуу болуп кетсин” деп ишенчү эмесмин. Көрсө, чын экен. Эки неберем укмуш бир таттуу сезимди тартуулашат. Буюрса, дагы бир уулум үйлөнсө, неберем көбөйүп, бакытым толуп-ташат деген тилектемин.
– Бакыт деген эмне сиздин көз карашыңызда?
– Бакыт – үй-бүлө, ата-энем, бир туугандарым, балдарым жана неберелерим. Ден соолук болуп турса, иш жүрүп турса, ар бир таңдын атканы бакыт.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева