Олдоксон кыймылы, узун бою, жылмаюу жараткан харизмасы, таланты, айтор, көргөн адамдын эсинде кала турган көп нерсеси бар. Корей тасмаларында бул актёрду көрбөгөндөр аз болсо керек. Турган турпаты, тасмадагы образды ачуу өзгөчөлүгү менен таанылган Ли Гван Су тууралуу кенен маалымат макалабызда.
Туулган жери: Түштүк Корея, Намянжу
Туулган жылы: 1985-жыл, 14-июль
Жылдыз белгиси: бөйөн
Бою: 192 сантиметр
Кесиби: актёр, комик, алып баруучу
Тартылган белгилүү дорамалары: “Скульптуралардын шаары”, “Күн балдары”, “Карма”, “Ажырашуу учурундагы камсыздандыруу”, “Менин өзгөчө агам”, “Кыйроо”, “Тирүүлөй”, “Хваран” жана башка
Акыра
Азыр бою дээрлик 2 метрге чукулдаган актёр балалыгын жылмаюу менен эскерет “кичинемде бою кичинекей, анан топтоголок толук бала элем. Кийин орто класстарда окуганда толуктугум боюма кетти окшойт, арык анан бою узун жигитке айландым”. Үй-бүлөдө 2 бир тууган, өзүнөн 2 жаш кичүү карындашы бар. Узун бою атасын тарткан, аныкы 180 сантиметр, апасы болсо орто бойлуу эле айым. Мектепте классташтарга каймана ат коюу кадимки көрүнүш го, Ли Гван Сунун боюнан улам классташтары "Акыра" (жираф) деп чакырып калышчу. Чыгармачылык карьерасында деле бул каймана ат актёрго карата байма-бай айтыла берет.
Ишке ашпаган моделдик
Жогорку мектептин 2-классында окуп жүргөндө бою узун жигитти моделдик агенттик жумушка чакырган. Бирок Гван Су ал карьерасында бир гана жолу подуимга чыкканын эскерет. Мектепти аяктагандан кийин Dong-ah Institute of Media and Arts – Broadcasting техникалык университетинде билим алган. Медиа-дизайн, өндүрүш, коммуникация багытынын адиси.
Университетте окуп жүргөндө театрга да кызыгып, телевидение жана оюн-зоок ийримине барат. Ал жакта окуган топ менен бирге жаш балдарга оюн-зоок койгон труппага кошулуп кеткен. Анан алгачкы жолу “Оз мамлекетинен келген керемет сыйкырчы” жомогундагы “Страшила” аттуу каармандын ролун ойногон. “Мектепте окуп жүргөндө эле элдин көңүл борборунда болууну жактырчумун. Ага болгон аракетимди жумшайт элем. Азыр дүкөндөрдөн түрдүү моделдеги, түрдүү түстөгү кийимдерди табасың го. Биздин учурда кийимде андай көп түрдүүлүк жок болчу. Болсо да коомчулук кабыл ала элек эле. Мен болсо өзгөчөлөнгүм келип кыпкызыл жинсы шым кийип алчумун. Негизи эле кийимдеримдин көбү ачык түстө болчу, көргөн адамдын көңүлүн сөзсүз бура тургандай” деген болочок актёр карьерасын жомок каарманы менен баштаган.
“Чуркаган адам”
Профессионалдык сахнага 2010-жылдардан баштап келди. Ага чейин чакан ситкомдорго гана тартылып жүрдү. Анан популярдуу болгон дорамаларга (“Шаардык аңчы”, “Баары жакшы, бул сүйүү”, “Дон И”) жолу ачылды, бирок дагы деле экинчи пландагы актёр катары.
Көпчүлүккө тааныткан дорамалар эмес, “Чуркаган адам” («Running Man») телеберүүсүн айтсак болот. Бул оюн-зоок шоусунда актёр 11 жыл аралыгында тартылды, ал жакта да өзүнүн олдоксон жүрүм-туруму, юмору, чыдамкайлыгы, куулугу жана башка позитивдүү сапаттары менен күйөрманга тааныла алды. Берүүдөн ал “Акыра” атына кошо “Азия ханзаадасы”, “Кванватар”, “Чыккынчы Гван Су” жана башка псевдонимдерге ээ болгон. Ал берүүгө тартылбай калганына 4 жыл гана болду окшойт. Берүүдөн кетүүсүнүн себебин актёрлук карьерасына олуттуу көңүл бургусу келгени менен түшүндүргөн. Анан да 2020-жылы автокырсыкка кабылып, бутунун томугуна темир салдырууга туура келген. Ал эми “Чуркаган адамда” физикалык активдүүлүк талап кылынат, андыктан берүүдөн кетүүсүнө ден соолугун калыпка келтирүү зарылдыгы да негизги себеп болгон.
Кинодогу ийгилик
Түштүк Кореядагы эң абройлуу деп саналган Дэсан сыйлыгын алуусу жана кино сынчылардын аны актёр катары “кабыл алуусу, таануусу” 2019-жылы болду. Бул жылы актёр “Менин өзгөчө агам” көркөм тасмасына тартылган. Анда чыныгы жашоодо болгон окуя чагылдырылат. Эки бир туугандын бири эрудит, акылдуу жигит, бирок майыптар арабасында отурат. Ал эми экинчиси дени карды соо, күчтүү, бирок акыл-эси менен мактана албаган бала. Бир туугандардын жашоосу, байланышы көпчүлүктүн жогорку баасына арзып, Гван Су Baeksang Arts Awards, «Көгүш ажыдаар» «Алтын кино» жана башка кино сыйлыктарына ээ болгон.
Актёрдун кино куржунунда 50дөн ашык тасма-сериалдар бар. Кинодон сырткары түрдүү шоу-берүүлөргө да маал-маалы менен катышып коёт. Учурда анын катышуусундагы “Скульптуралардын шаары” дорамасы хит долбоор болуп, экрандан көрсөтүлүп жатат.
“Бизде баары жакшы”
“Чуркаган адам” берүүсү Ли Гван Суга атактуулук эле эмес, түгөй да тартуулады. Ал берүүдө дайымкы катышуучулардан сырткары чакырылган коноктор да болот. 2018-жылы ошондой конок катары татынакай актриса Ли Сон Бин келген. Анан сөздөн-сөз чыгып отуруп актриса идеалындагы мырза Ли Гван Суга окшош экенин айтып актёрду уялтканы бар. Чыныгы жигит экен, сулуунун айтканын кулак сыртынан кетирбей, жигит дароо аракет кылган окшобойбу экөө кыз-жигит катары сүйлөшө баштаган. Андан бери 7 жыл өттү, экөө дагы деле бирге. Жакында актёр катышкан бир берүүдө кесиптештери “түгөйлөр 2 жыл сүйлөшкөндөн кийин же үйлөнүшү керек, же мамилени токтотушу керек. Гван Су, сен качан үйлөнөсүң, үйлөнбөсөң кызды коё бер да...” деп “бурчка такашты”. Актёр “жаман жорукту баштабай жөн тургула, бизде баары жакшы” деп шаштысы кете жооп кайтарды. Түгөйлөр ортодогу бекем мамиленин сырын юморго, тамашакөйлүккө шылташат, анан да бири-бирин түшүнүп, колдой турганын айтышат. Ли Сон Бин Гван Судан 9 жашка кичүү, бирок бул жаш айырмачылык эч кандай тоскоолдук жаратпайт.
Асыл Орозбекова