Тамга, ырчы: “ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ПРОДЮСЕРЛЕР ЧАКЫРЫШТЫ, БИРОК...” 

Эстрада жылдызы Тамга жакында Казакстанда өткөн эл аралык сынакка кыргыз элинин атынан катышып келди. Анын таланты чет элдик музыка адистеринин жакшы баасына татып, жылуу пикирлер айтылды. Аталган сынак ырчыны кандай өзгөрткөнү, чет өлкөлүк продюсерлердин Тамгага кызыгуулары тууралуу төмөнкү маекте сөз кылдык. 

– Тамга, кош келдиңиз! Жакында Казакстанда сиз катышкан эл аралык сынак аяктады. Бул сынакка кантип барып калдыңыз, ал жакта кандай кызыктар болду дегендей?

– Кош келдик, рахмат! Ооба, быйыл күтүүсүз жерден Казакстанда өткөн “Silk Way Star” эл аралык сынагына чакыруу түшүп калды. Кыска убакыттын ичинде даярданып, күч топтоого туура келди. Анткени Тамга аттуу ырчынын жеке ырдаганы башка, ал эми Кыргызстандын атынан катышып ырдоо такыр башка да. Бул мен үчүн абдан жоопкерчиликтүү миссия болду. Командам менен акылдашып, сабактарымды, пландарымды жыйыштырып, сынакка катышууга сапар алдым. Командам демекчи, өзүм түзгөн 10 адамдан турган команда бар. Алар “Тамга” деген бренддин үстүнөн иштешет. Баарыбыз кеңешип, сынакка бет алдык. Барсак атмосфера биз күткөндөн таптакыр башкача экен. Мен анчалык масштабдуу сынак деп ойлогон эмесмин. Дүйнөнүн ар кайсы тарабынан келген артисттер, чоң масштабдагы сахна, жумушка профессионалдык мамиле... Айтор, мунун баары мени бир жагынан таң калтырса, бир жагынан шыктандырды.

– Сынак аяктаганда эң биринчи сезим кандай болду? Жеңилдикпи, таарынычпы же өз күчүңүзгө ишеничтин көбөйгөнүбү?

– Эң биринчи сезим – жеңилдик болду. Аябай жакшы бир дем алдым. Жеңилдедим, бирок ошол эле учурда “ооба, мен дагы көп нерсеге жөндөмдүүмүн” деген ишеним күчөдү. Таарыныч болгон жок. Анткени ар ким өз дараметин көрсөттү деп ойлойм.

– Ал жактагы сахна биздегиден чоңдугу менен гана айырмаландыбы же башка да өзгөчөлүктөр болдубу?

– Масштаб жана технологиялар боюнча айырмачылык болду. Кошуна эле Казакстан бул жаатта бизден ат чабым алдыда экенин байкадым. Ал жакта жарык, үн, декорация — баары бийик деңгээлде экенин көрдүм. Бизге да ошондой деңгээл келет деп ишенем. Анан ал жактагы уюштуруу системи мыкты экени байкалды. Бардык процесстер бат жана так ишке ашырылып жатты. Жалпы артисттерди, калыстар тобун, бийчилерди визажист, стилисттер убак-сааты менен жасалгалап, даярдап, күнүнө ондон ашык фотосессиялар жасалып, видеолор тартылып, маектер алынып жатты. Кээде ушунча иштин баарына кантип жетишип жатышат деп таң калган да учурларым болду.

– Атаандаштарыңыз күчтүү болду окшойт, байкашымча...

– Айрымдар биз күткөндөн да күчтүү экен. Чын жүрөктөн ырдаган, жан дүйнөсү менен абалга сүңгүп кирип сахнага чыккан артисттер көп болду чынында.

– Ким же эмне мотивация берди сизге сынак учурунда? Чарчадыңызбы?

– Мага эң көп мотивация берген – күйөрмандарым жана Кыргызстандын желеги болду. Жогоруда айткандай, бүтүндөй элдин атынан сахнага чыкканда башкача толкунданат экенсиң. Ал эми чарчоо болсо, көбүнчө өзүмдөн болду десем жарашат. Кээде адамдар өзүбүздү аябай “жеп” салат эмеспизби. “Мекенимди уят кылбайын” деген жоопкерчилик абдан күчтүү эле. Ошондуктан азыр аябай чарчаган абалдамын. Чарчоо кээде жагымдуу да болот экен. Азыркы учурда чарчоо жана жагымдуу бир таттуу шалдыроонун ортосундагы сезимдемин.

– Сынакта баарынан кыйыны эмне болду деп айтат элеңиз?

– Негизи аталган сынакка эбактан эле даярданышкан экен. А мен капыстан чакыруу алып, барып калганымды айтпадымбы. Атаандаштарымдан айырмаланып, капысынан эле барып калгангабы, ар бир этап мен үчүн өзүнчө бир чоң сыноо болуп жатты. Ырдап чыккан ар бир чыгарманы 1-2 күндүн ичинде жаңыдан угуп, даярдап чыгууга туура келди. Ошого сынактагы бир дагы этап мен үчүн жеңил болгон жок.

– Казакстандан келгенден кийин стилиңизди өзгөртөйүн деп чечтиңизби?

– Ооба, стилге көбүрөөк көңүл бура баштадым. Имидж – бул да искусствонун бир бөлүгү экенин түшүндүм. Мындан ары да бул нерсенин үстүнөн талбай иштейм деп турам, буюрса.

– Калыстар тобунун сизди таасирленткен сын пикири болдубу?

– Ооба, калыстар тобунун бир мүчөсү “үнүң таза, вокалдык потенциалың чоң, бирок чыгармаларыңды көбүрөөк рэп жакка ооп аткарып жатасың” деди. Ошондон кийин үнүмдүн диапазонун көрсөткөнгө аракет жасап жаттым. Ушундай сындар менен өсөт экенсиң да. Негизи эле жеке жашоомдо деле реалдуу сынды туура кабыл алып, кемчилик болсо оңдогонго аракет кылам. Жогорудагыдай сындан кийин улуттук стили бар, үндү толук ачкан “Майда” аттуу өзүмдүн репертуарымдагы чыгармамды аткардым. Ошол ырды ырдап жатканда “бул жолу өзүмдү толук ачтым” деп сезип, өзүмө баа бердим.

– Сүрдөө, толкундануу деген нерселер баштан өттү болуш керек?

– Коркуу болот экен. Анткени толкундануумду көзөмөлдөй албай калсам, оюмдун баары чачырап кетсе эмне болот деп чочуладым. Ырымдын текстин да, обонун да унутуп калбасам экен деп жаттым. Жашоодо көп сүйлөбөй, сүйлөсөм да акырын сүйлөп, тынч эле өз ишимди кылып жүрө берген жанмын. Биринчи турда ырдап чыкканда уюштуруучулардан баштап катышуучуларга чейин баары аябай таң калышты. “Сахнада такыр башкача ачылат экенсиң” дешти. “Тынч жүрүп эле, таң калтырып койдуң” деп комплимент айтып жатышты.

– Аталган долбоорго катышуу менен чыгармачылыкта жаңы тепкичке көтөрүлдүм деп айта аласызбы?

– Бир нече эл аралык продюсерлер менен сүйлөшүүлөр башталды. Бир топ эл аралык фестивалдарга чакыруу алдым. Түштүк Кореядан жана Кытайдан келген продюсерлер мени өз өлкөлөрүнө чакырышты. Көптөр “кетип калбайсыңбы?” дегендей сөздөрдү айтышты. Кетип калышым үчүн абдан эле күчтүү сунуш болушу керек. Жеке Кыргызстандын музыкасын дүйнөгө таанытасың деген сыяктуу сунуштар болсо, балким, кетмекмин. Бирок андай сунуштар боло элек. Мен дүйнөгө өз мекеним тууралуу гана жар салгым келет. Эмгегим элиме гана арналат.

– Азаматсыз! Эми алдыдагы максаттар тууралуу сүйлөшсөк...

– Максат – чоңураак масштабдагы долбоорлорго өтүү. Дүйнөлүк коллаборациялар, чоң сахналар – ошол жакты көздөп жатам. Жаңы трек жакында чыгат. Андан кийин клип тартуу планымда бар. Жазында жандуу үн менен чоң концерт берсем деп ниет кылып турам.

– Жеке жашоодо жаңылыктар барбы?

– Ал жакта эч кандай деле жаңылыгым жок (күлүп). Болсо, дароо эле сиздерге сүйүнчүлөйм.

– Маегиңизге рахмат! Кыялдарыңызга жетишиңизге тилектешпиз!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1199, 5-11-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан