Мээрим Мураталиева, ырчы, пародист: “ҮЙҮМДҮ, УНААМДЫ ШЫЛУУНДАРГА АЛДЫРЫП ЖИБЕРИП КҮЙДҮМ”

Бул жолу убагында “Аттиң, ай”, “Сырдуу жигит”, “Махабатым” деген ырлары менен элге таанылган ырчы, пародист Мээрим Мураталиева менен маектешип отурдум. Сыртынан күчтүү көрүнгөнү менен, жан дүйнөсү назик, жашык аялзаты экен. Бирде күлдүрүп, бирде ойго салып, айтор, чыгармачылыгы, көп жыл депрессияда жүргөнү, азыркы жашоосу тууралуу кызыктуу кеп салып берди. 

 

“Апамды көндүрүп, мени чоң энем алып калыптыр”

– Атам актёр Акылбек Мураталиев Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайда окуган. Ал жактан искусство институнун (ГИТИС) студенти – апам Валя (калмак кызы) менен таанышып, жылдызы келишет. Чоң ата, чоң энемдин макулдугу менен экөө баш кошуп, мен 1977-жылы 28-мартта Москвада төрөлгөм. Дал ошол жылы чоң ата, чоң энем 50 жашка толуп, той беришиптир. Ата-энем 4 айлык мени көтөрүп алып Москвадан айылга келишет. Той өткөн соң чоң энем ата-энеме “силер студентсиңер, балага алаксыбай окууңарды жакшы окугула. Баланы биз алып калып багалы” дептир. Апам кыйылып көнбөйт. Чоң энем акыры көндүрүп, мени алып калат. Ошентип чоң ата-чоң эненин колунда эркелеп чоңойдум.

 

“Далай келинди көшөгөгө киргиздим”

– Атамдын бир туугандарынын баары жакшы ырдашат. Ата-энем да таланттуу. Демек, талант мага эки тараптан өткөн. Бала кезимде айылда ким келин албасын үйдөгүлөр мага артист көйнөк кийгизип жөнөтүшчү. Жаңы келинге көшөгөнү ачып берип, өзүм жанына отуруп алчумун. Ырдап бер дешсе, ырдачумун. Ошентип кичинемде далай келинди көшөгөгө киргиздим.

Мектепти бүткөн соң Токмоктогу маданият техникумунун хор-дирижёрлук бөлүмүнө тапшырып, анда 1 жыл окудум. Анан Фрунзедеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын комуз бөлүмүнө которулуп кеттим. Ата-энем мен 2 жаш кезимде ажырашып кетип, атам актриса Гүлсара Ажыбековага баш кошот. Ошого каникулда атамдыкына барып жүрүп, Гүлсара Ажыбекованы “мама” деп чоңойгом. Азыркы күнгө чейин “мама” дейм. Анткени өз апамды “апа” дечүмүн.  Ошентип экөөнөн Айдай деген сиңдилүү болгом, аны каратыш үчүн менин окуумду Токмоктон Фрунзеге которушкан. 

 

“Апам мени уурдап Орусияга алып кеткен”

– Каникулда атам менен “мамам” мени өздөрү иштеген театрга кошо ала барышчу. Орозбек Кутманалиев, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов жана башка залкарларды көрүп калдым. Айтор, аралашып жүрүп “театрдын балдары” болуп чоңойдук. Бир окуяны айта кетейин, атам менен ажырашкандан кийин Валя апам келип, мени уурдап Орусияга алып кетип калган. Үйдөгүлөр чаң-тополоң салып мени кайра алдыртышкан. Апам Орусияда иштеп жүрүп Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Кийин көзү өткөндө барып, акыркы сапарга узатып келдим.

 

“Пародисттик өнөрүм 16 жашта дүрт этти”

– Бир жолу атам мени Мар Байжиев атабыздын спектаклинин ачылышына ала барды. Фуршет учурунда атам “менин кызым туурайт” деп столдун үстүнө чыгарып койсо, куудулдарды туурап баарын күлдүрүп, алардын алкап кол чабышканы эсимде. Ар кимди туурап жүрүп, кичинекей пародист катары тааныла баштадым. Кийин 1993-жылы Асылбек Өзүбеков агай Бишкекте өткөргөн концертине мени катыштырды. Анда да ырчы, куудулдарды туурап чыктым. Залдагы эл туруп алып кол чаап, абдан сүрөдү. Мен эйфориядамын. Бул мага жагымдуу ачылыш болду. Ошондон пародисттик өнөрүм дүрт этип кетти. 16 гана жашта элем анда. 

 

“Бир сынакта 22 адамдын үнүн туурагам”

– Көп өтпөй Бүткүл дүйнөлүк театр күнүндө мени эфир үчүн видеого тартышты. Көпчүлүк мени куудул, пародист катары ошол видеодон кийин билди. Ал кезде Галкин чыга элек болчу. Бара-бара концерттерге катыша баштадым. Үйдөгүлөр уруксат беришти эле, Динара Акулованын тобу менен түштүктө 3 ай гастролдо жүрдүм. Анан ырдап да чыкмак болуп достор, музыкант, аранжировкачылардын жардамы менен 6 ыр жаздырдым. Союз кезинде эл жаратман болчу, тыйын куучу эмес. Ырдап, пародисттик кылып сынактардан ута баштадым. Бакыт Букаевдин алгачкы бир долбоорунда 1-орунду ээледим. Ошол кезде эстрадага абдан басым жасалып, концерттер кинотеатрларда, циркте да коюлуп калган эле. 1994-жылы куудулдар сынагы өтүп, Гран-прини Манас Бердибеков, 1-орунду мен утуп алдым. Анда 22 ырчы, куудулду туурап чыккан болчумун. Ошол жылы Улуттук консерваторияга тапшырдым. Анда 2 жылдай окуп, бирок опера ырчысы болгум келбей таштап койдум. Кийин ЖОЖго тапшырып, аны окуп бүтүрдүм.

 

“Үйүмдү, автоунаамды шылуундарга алдырып жибердим”

– "Сахнадан көрүнбөй калдың, чыгармачылыктан алыстап кеттиң" дешти. Бирок теле-радиолордон мурда тартылган клиптерим көрсөтүлүп жатты. Телеканалдар маектешүүгө чакырып эле жүрүштү, болгону эч кандай жаңылыгым болбогонго ар кайсы шылтоону айтып, барбай жүрдүм. Анан кызым төрөлдү, аны карап үйдө отурдум. Кийин алдамчылардын тузагына илинип, Бишкектеги 3 бөлмөлүү үйүмдү алдырып жибердим. Кызымды кучактап талаада калдым ошондо. Балаңды жетелеп бирөөнүн үйүнө батышың деле кыйын экен. Бир жолу шорго малынган жаным, экинчи жолу да малынып, автоунаамды тарттырып жибердим. Бирөөлөр “кайрымдуулук иштерине колдонуп туралы” деп алышып, ошону менен бербей коюшту. Ушул окуялардан кийин жан дүйнөмдө бир силкинүү болду. “Дүнүйө” деген ырымды жаздырып, клип тарттырдым. 

 

"Өлбө, жаным, өлбө" деп жашаган күндөр өттү"

– Ошол күндөн азыркы күнгө чейин же үйүмдү, же машинамды кайтарып ала албай соттошуп келем. Бул кайгы мени депрессияга түшүрдү. Жетиштүү далилдер бар, бирок өндүрө албай жүрөм. Алдамчылар кармалышпайт, үйлөрүндө  турбайт экен. Күйүттөн башымды көтөрө албай калдым. Анан менде кайсы ыр, кайсы клип... Атам “алдамчылардын таңдайында мөөрү болот” деп койчу, сыягы, мени алдагандар да мөөрү бар немелер окшойт. Жан дүйнөм бала кездеги боюнча калып, куулук-шумдукту билбейт экенмин да, көрсө. Ковидден кийин бир аз чыйралып, концерт берейин десем, датасын 1-июлга коюп салышты. Ал күнү жер жерлерде башка концерттер болуп, менин концертим ойдогудай өткөн жок. Оштогу драма театрда да концерт бердим, ошол жакшы өттү. Турмушумда өйдө-ылдый окуялар, "өлбө, жаным, өлбө" деп жашаган күндөр да болду. Жалгыз кыз элем, кызым да жалгыз болуп калды.

 

“Кызым актриса болом деп көшөрүүдө”

– Убагында 7 дубанды түрө кыдырып күйөрмандарды тааптырмын. Ушуга каниет. Сахнаны, гастролго чыкканды, элдин кол чапканын сагындым. Мени колдогондор “концерт бер” деп жатышат. Буга макулмун, бирок ага көп каражат кетет. Жакында жаңы 3 ыр жаздырдым, дагы да жаздырышым керек. Бирок баары келип каражатка такалып, кендирим кесилип турат. Угармандарым да концерт берүүмдү суранып жатышат, алардын сөздөрү да сахнага кайтуума себеп. Демөөрчүлөр  чыкса жакшы болот эле. Унаам да жок пландалган иштерди бүтүрө албай, тойго чакырган алыс жактарга бара албай жүрөм.

Кызым учурда 16 жашта. Убагында артисттердин үй-бүлөсү (үйдөгүлөр) мага “артист болбо” деп кеңеш айтты эле. Болбой койгом. Кызыма да “артист болбо” деп айтып жүргөнүмө карабай “актриса болом” деп көшөрүүдө. Кандагы талант коё бербейт окшойт. Мектепте окуу менен катар Шайыр Касымалиева эженин театралдык студиясына барып жатат. Оюмда азыр жаш эмеспи, мүмкүн, кийин башка кесипти тандаар деп калам. Эми баарын убакыт көрсөтөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1199, 5-11-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан