КУЙРУК, САРЫ МАЙ, КАЗЫ... Пайдасы жана зыяны эмнеде? 

Адатта кыргыздын дасторконунда сары май, куйрук, чучук, сүрсүтүлгөн эт, казы сыяктуулар болот. Улуттук даамдарыбыз. Эл арасында бул азыктар тууралуу пайдалуу же зыян деген талаштуу көз караш бар. Бул жаатта адистер эмне дешет? Пайдасы көппү же зыяныбы?   

 

Зина Темирова, терапевт: “Аялдар май жебесе төрөбөй калышат”

– Алгач куйрук, сары май, казынын жалпы пайдасы, зыяны, кимдерге колдонууга болбостугу, 1 күндүк нормасы тууралуу сөз кылалы.

ПАЙДАСЫ:

• Энергиянын булагы болуп эсептелет. Адамда энергия запасынын 80 пайызын түзөт.

• Калориясы жогору болгонго адамды ток кармайт.

• Клеткалар үчүн “курулуш материалы” болуп берет.

• Тамак-аш менен организмге кирген A, E, K, D витаминдерин эритет.

• Ички органдарды курчап, аларды жаракаттарга кабылуудан сактап турат.

• Гормондордун калыптагыдай иштелип чыгышына таасир этет. Мисалы, аялдын организминде холестерин жетишпесе, гормондордун шайкештиги бузулуп, тукумсуздук, эрте менопауза жаралат. Башкача айтканда, май жебеген аял төрөбөй калышы мүмкүн.

ЗЫЯНЫ:

Аталган азыктарды нормадан ашыкча колдонуу төмөнкү ооруларды жаратат:

• Гепатоз (боорду май басуу).

• Атеросклероз. Малдын майынын курамында холестерин көп. Алардан пайда болгон май түйдөкчөлөрү кан тамырларга туруп калып, кандын жолун бүтөйт. Инфаркт, инсультка чалдыгуу коркунучу бар.

• Жогорку кан басым оорусу.

• Семирүү. Курсактагы май ашыкча болуп кеткенде ички органдарды кысып калат да, алардын калыптагыдай иштешин бузат.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

• Кант диабети, холецистит, инфаркт, инсульттан жабыркагандарга, подагра, панкреатит, гепатоз, атеросклероз, өттүн таш оорусу барларга, ашыкча салмактууларга, канынын курамында липиддин өлчөмү жогоруларга болбойт. Организмге сиңиши кыйыныраак болгондуктан жаш балдарга, кош бойлууларга, жаңы төрөлгөндөргө бербеген оң. Ашказан-ичеги, бөйрөк оорусу барлар врач уруксат берсе гана жеши керек. Өнөкөт оорулары курчуп турган учурларда колдонуу сунушталбайт.

1 КҮНДӨ КАНЧА ЖЕСЕ БОЛОТ? 

– Ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жок чоң адамдар салмактарына жараша жешсе болот. Мисалы, салмагы 60 килограмм адам үчүн сары май, куйрук, казынын жалпы салмагы 1 күндө 60 граммдан ашпашы зарыл. Салмагы 90 килограмм болсо, 90 граммдан ашпашы кажет. Эгер майлуу эт, майлуу ичеги жесе, анын да салмагы 60-90 граммдан ашпаганы жакшы. Аталган азыктарды жашылчалар менен чогуу жесе, сиңимдүүлүгү жакшы болот. Калориялары жогору болгондуктан канча көп жесең, ошончолук көп кыймылдашың керек, ошондо семирүү болбойт. 

САРЫ МАЙ

Сары майдын курамында B, A, E, D, PP, K, B1, B2, B5 витаминдери, май кислотасы, фосфор, темир, кальций, селен, марганец, цинк, жез жана башкалар бар.

Пайдасы:

• Май кислотасы кан тамырларды тазалайт, ичеги-карын микрофлорасына оң таасир тийгизет.

• Суук тийгенде ысык сүткө кошуп ичсе, дем алуу органдарын “майлап”, какырыктын чыгышына жардам берет.

• Көз, сөөк ооруларынын алдын алат.

• Иммунитетти бекемдейт.

• Антиоксиданттык касиетке ээ. Башкача айтканда, эрте картаюунун алдын алат.

КУЙРУК

Куйрук дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөрдүн ашканасында колдонулат. Курамында цинк, май кислотасы, жез, магний, селен, B, A, E витаминдери жана башкалар бар.

Пайдасы:

• Тери жана тырмактын абалын жакшыртат.

• Зат алмашууну активдештирет.

• Организмдин ооруларга, стресске туруктуулугун бекемдейт.

КАЗЫ

Курамында альфа-линолендүү кислота, май кислотасы, A E витаминдери жана башкалар бар.

Пайдасы:

• Организмден коллагендин талаптагыдай иштелип чыгышын шарттоо менен теринин абалын жакшыртат.

• Сезгенүүгө каршы таасирге ээ.

• Жаранын эрте айыгышына, муундардын кыймылдуу, сөөктөрдүн, булчуңдардын бекем болушуна салым кошот.

• Заара кубалоочу касиети да бар. 

Дүйшөнбек Чомоев, элдик дарыгер: “Өпкө ооруларында куйруктун пайдасы жакшы”

– Адамдар ысыкчан же суукчан экенине карап мүнөздөп тамактанышы зарыл.  Ысыкчандардын организмине күчтүү, майлуу тамактар жакпайт. Алардын ичинде казы, сары май, куйрук да бар. Бул азыктар өт, боор, уйку бези, жүрөк-кан тамыр жана кан оорулары барларга болбойт. Ал эми суукчандар организми кыйналып калбагыдай өлчөмдө колдонушса болот. Куйрук койдуку жана кочкордуку деп бөлүнөт. Кочкордун куйругу ысыкчандарга, гипертония, боор, өт, уйку бези оорусу барларга жакпайт. Койдукун ченеми менен колдонууга болот. Муун-сөөк, өпкө ооруларынан айыгууда салым кошот, иммунитетти бекемдейт жана төмөнкү кан басымды көтөрөт. Бирок организм эңсегенде чеги менен гана жеш керек. Ден соолугу чыңдар табитинин тартышына жараша чеги менен жей берсе болот.

Сары май суукчандарга жагат. Гипертония, кант диабети, панкреатит, гепатоз ооруларында болбойт. Өпкө, бронхит оорусунда сүткө кошуп ичсе какырыкты жибитип чыгарат.

Казы ысыкчандарга болбойт. Суукчандар аз-аздан жесе болот. Казы айрым адамдардагы өнөкөт ооруларын козгошу мүмкүн.

Шайлообек Үркүнбаев, фармацевтика илиминин кандидаты: “Майсыз витаминдер сиңбей, көйгөй жаралат”

– Нукура чучук, сары май, карта, куйрук жеш керек. Өт суюктугунун иштелип чыгышы, өт баштыкчасындагы ташты, кумду эритүү үчүн да нукура майлар зарыл. Майлар тамак-аш менен кирген A, E, K, D витаминдерин эритет. Май жетпесе алар эрибейт да, организмде алардын тартыштыгы жаралат. Мисалы, A витамини жетпесе көрүү начарлайт, иммунитет түшөт, тери кургап, бырыш түшөт. D витамининин тартыштыгынан булчуң, муундар ооруйт, адам суукка бат урунат. Бул витаминсиз кальций сиңбейт, анемия жаралат. E витамини аз болсо жүрөктүн иштеши, эркектердин бел кубаты начарлайт. Аларды жегенди адатка айлантуудан мурда ички органдарды, анын ичинде боорду, өт баштыкчасын шлак, уулардан тазалап алуу керек. Чучук, карта, куйрукту аптасына 2-3 жолу, 2-3 кесимден жеген туура. Аны ошончо өлчөмдөгү этке кошуп жесе андан жакшы.

 “Май жегенде оорулар жаралат, кан басым көтөрүлөт, кыйналышат” дегендерге айтарым бул. Мисалы, Нарын – бийик тоолуу, суук жер, кан басым жогору. Алар кыштан казы, куйрук, сары май менен чыгышат, алар күч-кубат берет. Оору жарала турган болсо нарындыктар кырылып калышмак.

Менден аталгандарды өт баштыкчасы алынгандар, боордун цирроз, гепатит оорусу барларга жесе болобу деп көп сурашат. Болот дейм. Өт баштыкчасы алынган адамда суюктугу болбойт деп ойлобогула. Өт суюктугун боор суткасына 1 литрдей  иштеп чыгарып турат.  Өт баштыкчасына тамакты эритүүгө кеткен өт суюктугунун ашыкчасы гана чогуларын билүү оң.

Семирүү кондитердик азыктарды көп жегенден, ак унду тамак-ашка көп колдонуудан, таттуу, газдалган суусундуктарды көп ичүүдөн, организмде зат алмашуу бузулуудан келип чыгат.  

Сары майды нанга шыбап жесе, жупкага кошуп ичсе да болот. Андан тамак кууруп жасаса да болот, анткени өсүмдүк майындагыдай болуп канцерогендер  чыкпайт. 1 күндө колдонуу нормасы – 2-3 чай кашык. Негизи сары май тери, боор, ашказанга жагымдуу.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1199, 5-11-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан