30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки талаш-тартыштар каралууда. Айрым округдарда шайлоо жараксыз деп табылып, кайрадан шайлоо өтөрү белгилүү болду. Талапкерлер арасында нааразылар дагы бар.
Добуш берүүчү көзөмөлдөнгөн
Жалал-Абаддагы №13 округдун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мындай чечимди БШК 3-декабрда кабыл алды. Себеп – аталган шайлоо округунда талапкерлердин бири тарабынан мыйзам бузуу болгону аныкталды. Тагыраагы, округдагы шайлоо тилкесинде талапкер Бакытбек Сыдыковдун тарапташтары тарабынан добуш берүүчүлөрдү видеого тарткан, добуш берүүнүн купуялуулугун бузган фактылар аныкталганын билдирди БШК. Маалыматта айтылгандай, аталган округдагы 35 шайлоо тилкесинде талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз видеокөзөмөлдөрдү орнотуп, добуш берүү учурунда шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турган. Округ боюнча жалпы 94 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Талапкерлердин өкүлдөрү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн видеого тартууну токтотууга жасаган аракеттерине баш ийишкен эмес.
Шайлоо комиссиясынын иши да каралат
БШК аталган округда участкалык комиссиялар өз милдеттерин канчалык деңгээлде так аткаргандыгын аныктоо үчүн алардын иши да караларын кошумчалады. Айта кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча аталган округдан талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга озуп чыккан болчу.
Бардык талапкер жарыштан четтетилди
Эми 1 айдын ичинде кайра шайлоо дайындалмакчы. Бирок жаңы шайлоого 30-ноябрдагы шайлоого катышкан талапкерлер ат салыша албай турганын билдирди БШК. Аталган округдан 14 талапкер катышкан эле, БШК баарын жарыштан четтетти, алар: Талант Мамытов, Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, Чынара Жураева, Гүлназ Нурбаева, Сайдулла Нышанов, Олмаскан Султанова, Гүлназ Жээнбекова, Жаныбек Курбаналиев, Мунара Маматалиева, Айбек Саипов, Нурланбек Кенжебаев, Айгүл Карабекова, Мейкинбек Абдалиев. БШКнын чечими боюнча талапкерлер сотко кайрыла алышат. 4-декабрда талапкер Айгүл Карабекова БШКны сотко бергенин ЖМКларга билдирди. “Кимдир-бирөөнүн айынан биз жабыр тартпашыбыз керек. Мыйзам бузган жокпуз, Сыдыковдун айынан биз эмнеге четтетилишибиз керек?” деди ал.
160 миңдей шайлоочусу бар
Белгилей кетсек, аталган округга Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын №2423, №2428, №2140, №2141 шайлоо участкалары, Базар-Коргон районунун Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары толугу менен, Ноокен районунун Садырбаев, Алиев, Момбеков айыл аймактары, Кочкор-Ата шаары жана Майлуу-Суу шаары толугу менен кирет. Округда 159 906 шайлоочу бар.
Кайсы талапкерлер нааразы?
Талапкер Элдар Абакиров №26 шайлоо округунда мыйзам бузуулар болгонун билдирип БШКга арыз жазды. Ал аталган шайлоо округундагы добуш сатып алуу фактысына шектүүнү кармап, жазага тартууну же округ боюнча шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.
– Кеминдин Калмак-Ашуу айылында 5-6 киши 460 миң сом менен кармалды. Бирок бул иш аягына чыкпай калды. Акчанын кимге таандык экени белгисиз,- дейт Абакиров. Аталган округдан талапкерлер Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев жана Жамиля Исаева алдыга озуп чыгышкан.
Талапкер Мавлян Аскарбеков 13-округдан башка округдардагы күмөндүү жагдайлар да териштирилиши керек деп билдирди. Ал билимдүүлөр эмес, акчалуулар жеңип кетишти деп нааразы болууда.