Алмаз Шаадаев, «ЖАНЫМАЙ»

“Супер-Инфонун” www.super.kg сайтынын үч жылдан берки активдүү форумчусу Алмаз Шаадаев 4 айдан бери ырдап келет. Чоң сахнага “Жылдын суперлери-2010” концертинде “Жанымай” аттуу ырын ырдап чыккан. Учурда дал ошол чыгармасына клип тартты.

АЛМАЗ ШААДАЕВ
Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району
Туулган жылы – 11.09.1990
Бою – 168 см, Салмагы – 58 кг
Репертуарындагы ырлары – “Жанымай”, “Кыялдануу”, “Нарыным”
Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм-саякат бөлүмүнүн 3-курсунун студенти

Режиссёру – Сүйүн Откеев
Оператору – Аман Мүркулов
Сарпталган каражаты – 1500 доллар

«ТОЛКУНДАНЫП ТАРТЫЛДЫМ»
Клип тууралуу Алмаз: “Бул ырдын сөзүн чыгармачылыктан жардам берип келген эжем Анара Чилетирова жазган. Мен үчүн ырдын мааниси менен клип төп келиши эң башкы ролдо. Ошондуктан бул клипти тартуудан мурда кыргыз ырчыларынын бир канча клиптерин көрүп чыктык да, окшоштурбаганга аракет жасадык. Буюрса, оюмдагыдай эле жаралды. Албетте, алгачкы клибим болгондон кийин камеранын жана режиссёр, операторлордун алдында бир аз сүрдөп, толкундандым. Бирок бул толкундануум алгачкы 10-15 мүнөттө гана болду. Андан кийин көнүп кеттим»,- дейт.

«КҮЗГҮГӨ БОЮМ ЖЕТПЕЙ...»
– Клип тартылып жаткандагы кызыктуу учур күзгүнү карап ырдаган жерим болду. Себеби күзгү боюмдан бийик болгондуктан, кыштын үстүнө чыгып алып ырдадым. Андан кулап кетпеш үчүн бир орунда кыймылдабай ырдадым. Мен чарчаган убакта да режиссёрлор чарчабай, кайра-кайра ырдоого туура келди.

Клипти тартууга бир ай убакыт кеткен. Башкы ролго көптөгөн сулуулардын арасынан сынак аркылуу 17 жаштагы Надирабегим аттуу кызды тандап алышкан. Видеоклипте атайын сюжет жок. Анда жигиттин кызга болгон сагыныч-кусасы чагылдырылган.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Aydashka
2011-03-11 23:26:28
Azamatsyn Almaz,myndan kiyinki dagy choon-choon iygilikterdi kaalaim!Dagy koptogon yrlaryn,klipterin menen elge taanymal bolup juro ber!
0
jaan
2011-03-12 00:59:32
azamat!kiyinki klibine 4eyin bjuyn ossun!
0
jaan
2011-03-12 01:00:25
iygilik
0
Nurjanka
2011-03-12 02:04:01
Мага жакты аябай соонун клип, ыр да соонун маанилуу уккулуктуу ыр экен Азаматсыз ийгилик сизге!!!
0
Arstan
2011-03-12 02:43:23
Азаматсын Алмаз! Биринчи клибин мыкты болуптур мага жакты,келечекте мындан да мыкты сонун ырларын,клиптерин менен Кыргыз элимдин атактуу ырчысы болушунду тилейм,дагы да жакшы жагымдуу ырларды жарата бер бар бол,ийгилик сага!
0
meerime
2011-03-12 03:14:22
Azamatsyn , alga umtula ber yryn jana klibin aiabai jakshy chykkan!
0
kyrgyzka
2011-03-12 04:45:15
Ynyn ayabai jagymdyy eken Almaz, yryn menin en jakshy koryp ykyn yrlaryma ailandy, iuglik kaalaiym. Kop-kop yrlardy jarat.Azamatsyn.
0
MIRDJAMELL
2011-03-12 16:05:07
Эн сонун тартылыптыр!!!Окендер айткандай "На первый раз оочень даже нормально"
0
AIPESHA
2011-03-13 00:38:08
Birinci klip u4un ayabay jakwy tartilgan. Saga $igarma4ilik iygilikterdi kaalaym.
0
janymai
2011-03-14 08:52:39
Men jonundo yrdaitgo Almaz,e? Janymaidy atkargan kyz tatynakaiken. Daiym alga!
0
ymyta
2011-03-14 15:42:23
Андай деле эмес го....Же форумда жургон учун эле мактап жактап салгансынарбы..Айтор эч кандай деле тан калтарлык деле нерсе жок..
0
farhat
2011-03-14 20:00:13
молодец,Алмако баатыр,так держать и ты всех высот достигнешь деп Фархад Шаадаев.
0
ayza
2011-03-18 09:13:51
Bizdin baykebiz shou-duynodo kooop iygilikke jetsin deyli!Azamatsiz!
0
AeCHka
2011-03-20 16:27:47
Форумда жургон учун эле мактап жатышкандыр деп Умута туура эмес ойлоп жатасызко.Ар бир жаны нерсени коро билиш керек, сезе билиш керек. Форумда жалан эле музыканы тушунбогондор журушот деп ойлоп жатасызко, ээ чон кыз? Бул ырга, клипке тан калыштын кереги жок, жон кана чын дилинизден кабыл алып угуп,коруп коюнуз. Алдын ала рахмат!
0
lady07
2012-01-26 02:51:44
sonun ur...sonun klip...sonun ur4u...dagu emne kerek))) baaru sonun...ALGA ALMAZ4IK))))
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан