Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Чубак Сатаев. ЧАГЫЛГАН ИЗИНДЕЙ ӨМҮР

№436 11-17-март, 2011-жыл


Чыныгы талант кандай мезгилде болсо да, өз баасын ала алат. Чубак Сатаевдин аткаруусундагы кыргыз жыттанган ырлар азыр да элдин эсинде. Биз гана эмес, казак боордоштор агабыздын ырларын жактырып, жаңы өмүр берип жаткандары сыймык эмей эмне!
Эл оозунда калган Чубак Сатаевди эскерүү кечеси 10-мартта болду.

АККОРДЕОН ШЫГЫН ОЙГОТУП…
Чубак ага 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. Атактуу агабыздагы таланттын көрөңгөсү апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып жүрүп, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнүп алат.
Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургунаалы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болот. “Сен олуттуураак ырларга өт” деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. Мына ушул убактан баштап Чубак деген ысым ар бир кыргыздын оозунда, ырлары кулагында боло баштайт. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшө элек.

33 ЖАШ, 33 ЫР
“Талантынанбы, жылдызынанбы, эл Чубакты көргөн жерден конокко чакырууну сыймык көрүшчү” дешет замандаштары. Кээде чакыргандар кезекке туруп, “сеникине барбайт, мен коюмду союп, күтүп жаткам” деп мушташып да кетишчү экен. Чубак ага да элге өзүн бүтүндөй арнаган бейм. Ошондон улам жайы-кышы дебей гастролдоп жүргөн ырчы ден соолугуна көп көңүл бурбайт.
Чубак Сатаев эки жолу чоң жол кырсыгына кабылат. Биринде велосипед менен келе жатканда машина уруп кетип, мээси чайкалып калат. Экинчисинде Токтогулдан гастролдон келе жатып автокырсыкка кабылып колу-буту сынып, дарыгерлер бутун кесүүнү чечишет. Бактыга жараша, Калык аттуу табып бутун кестирбей дарылап, бутуна тургузган экен. Чыныгы таластыктардай “дерзкий” мүнөз Чубак агага да тиешелүү экен. “Акты ак, караны кара деп балп эттире айтып басып кетчү” дешет. Эч кимден тайманбаган чечкиндүүлүгү менен бирге эле анда боорукер жүрөк жана ак көңүлдүгү, жөнөкөйлүгү басымдуулулук кылган. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.
Талант 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышат. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калат. Реанимацияда 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен экен.
Чагылгандай кыска жашап, бирок терең из калтырган Чубак ага кыргыздын жүрөгүндө түбөлүк жашайт.

ИНСАНДЫК ТАГДЫРЫ
Ырчынын жеке тагдыры да мазмундуу экенин айта кетели. Чубак Сатаевдин биринчи сүйүүсү курсташына арналган экен. Экөө сүйлөшүп, Чубак ага аскерден кат жазып, келгенде үйлөнүүнү көздөйт. Тилекке каршы, кыздын эки агасы кайтыш болуп кетип, анын туугандары өлгөндөргө сый-урматы бүткөнчө турмушка чыкпасын айтышат. Бирок ата-энеси уулунун үйлөнүүсүн талап кылат. Ошентип, нике кайып болуп биринчи жубайы Айшага үйлөнгөн. Андан Кубаныч, Бакыт, Таалай аттуу үч уулдуу болот. Кийин жылдызы жанып турган маалда экинчи жубайы Кенжеге үйлөнөт. Өмүрүнүн көп бөлүгү ушул аял менен өткөн экен. Бирок экөөнүн ортосунда бала болбойт.
Турмушта Чубак аганы “3” деген сан коштоп жүргөн экен. Туулган күнү – 13-январь, жашоосундагы 3 аялзаты, 3 уулу, 33 жаш,
хитке айланган 33 ыры, жадакалса өлгөн жылы да 1993-жылга туш келет.

ЖАКЫНДАРЫ ЭСКЕРИШЕТ...

Кубаныч Сатаев, уулу:
Атам үйдө көп болчу эмес. Келген учурда биз үчүн чоң майрам болчу. Мен 6-7 жашымда атам кийинки аялы Кенжеге үйлөндү. Бирок мен атамдын мээримине, камкордугуна өксүк болгон жокмун. Атам гумандуу, камкор ата эле.
Атам менен Өзгөнгө гастролго барганым эсимде. Концерт бүткөндө эл атамды курчап алды. Атам элдик адам болгон. Эл арасында турганда көзү бажырайып, бапылдап, башкача болуп кетчү. Ошентип, анын кетейин деген ою жок. Менин курсагым ачып, “ата, кетеличи...” десем, “азыр, күчүгүм” деп коюп эле ордунда турат. Негедир атамдын ошол жоругун көп эстейм.
Эң негизгиси, атам “жакшы атанын уулу” деген нерсени калтырды. Ошол мага жетет. Көп жерде атамдын аты менен баркым көтөрүлүп калат. Ал кездин адамдары материалдык байлык топтоону ойлонушпаса деле керек. Атам март болчу. Бир жолу кафеде отурса, ырдатып калышат. Адамдар столго акчаларды таштай беришет. Акча додо болуп үйүлгөндө, атам ага колун да тийгизбестен, кафенин ээсине берип, кетип калган экен.

Кушчубек Сатаев, иниси:
– Агам тууралуу айта берсе, гезит бети жетпей калчудай. Ошондуктан анын бир туугандык жүрөгүн айтып берейин.
Бир туугандардан экөөбүз өзгөчө жакын элек. Чубак агам үйлөнүп, үй салып баштады. Экөөбүз баткак болуп иштеп жатканбыз. Жеңем түшкү тамакты алып келди. Анда тун уулу Кубан кичинекей. Агам аябай баласаак эле, аны колуна алып, эзилип эркелетип калды. Анда жеңем “балаңды жакшы көрөсүңбү же Кушчубектиби?” деп калбаспы. Агам да, мен да жаман болуп кеттик. Жүрөгүм дүкүлдөп, эмне дээр экен деп жатам. Ал “Кушчубекти жакшы көрөм да. Ал менин колума кол болуп жатпайбы” деди. Жаш баламын да, ыраазы болгонумдан көзүмө жаш тегеренип кетти. Эми ким баласын жаман көрсүн, агамдын менин көңүлүмдү сыйлаганы да.
Акыркы жолку элеси да көз алдымда. Түн ичинде чакыртып алды. Барсам, үйүнүн тепкичинде аппак көйнөк кийип, колун чекесине тийгизип, ойлонуп туруптур. Демейде шайыр агам мелтиреп ойлуу. Машинаны оңдотуп жатсам, “мен кеттим Таласка. Көлгө барбайм” деп коштошуп калды. Кетип баратып кайрылып келди да, бооруна кысып-кысып алды. “Мен сени жакшы көрөм, маңка. Болгону, аккордеонду жакшы ойноп жүрчү”,- деди. Караңгыга ак көйнөгү менен сиңип кеткенче тиктеп туруп, жүрөгүм кысылып кетти.


ЧУБАКТЫН ЖОРУКТАРЫНАН

Жубайы Кенже Чубакты аябай кызганчу дешет. Бир күнү эртең менен шылдырак черткен досу Каныбек менен көпкө жоголуп кетишет. «Болду-болбоду жанагы сыра саткан челектин жанында эле» деп ал жакка барса, эки дос эки келин менен отурушат. Алар Чубакты бир көрүү үчүн келген күйөрмандары экен. «Жаштык, жалын чагыңда, ойноп-күлгүн, жалында» деп эми ырдап баштаганда, жанына Кенже пайда болот. Анда ал жеңеме стаканды сунуп, «ме, Кенже, сен сүйлөп койчу» деген экен.

Чубактын бир таанышы Айыл чарба институтунун жатаканасынын коменданты болуп иштеп калат. Ал жерден анда-санда достору менен эс алганга Чубак үчүн бөлмө алып берип коёт. Бир жолу Чубак жатаканага үч күн түнөп калат. Телефон шыңгыраса эле чуркап барып, «комендант слушает» деп ала коёт. «Ай, Чуке, койсоңчу, аялың издеп чалып калса, кармалып калба» деп эскертсе, «бул жакты кайдан билмек эле» дейт. Аңгыча эле телефон дагы шыңгырап калат. Адатынча «алло, комендант слушает» десе, аялы экен, үнүн таанып калып «кайда жүрөсүң?!» деп кыйкырып баштайт. Анда шашып кеткен Чубак ага эмне кыларын билбей «девушка, вы не туда попали» деп трубканы коюп коюптур.

Бир жолу Чубак байке досу менен троллейбуска түшөт. Ичиндеги жүргүнчүлөр «Чубак, Чубак» деп шыбырашып калышса, Чубак катуу үн менен «мен Сыргакмын, КамАЗ айдайм» деген тура, иниси Сыргактын атын сатып.

Нуржамал Жийдебаева
kооm@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
14.03.2011. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
19-12-2010
Соӊку аракети:
15-11-2018 22:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Талантынызга таазим!Мындай таланттар чанда жаралат!
14.03.2011. 23:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
01-02-2011
Соӊку аракети:
17-10-2014 00:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каякта жашасам ошол жак!!!!
0
Негизи чыныгы талантуу ырчылар ушулар эле да.Чубак байкебизди ырчы эле экен деп ойлосом "Кумондорда"болуп кеткен го. Бирок дагы деле бар болгондо коп деген ырлар чыкмак бул байкебизден!!!Кайталангыз талант, баласына ишенбейм жакпайт мага, болбосо атасы жок болсо дагы, баласын дагы деле багып жатат!!!Кыйын экен озу ыр чыгарып ырдап корсун.Ошондо коробуз!!!Жок дебейм ырларын бирок..........!!!
15.03.2011. 14:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-12-2010
Соӊку аракети:
20-03-2011 15:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Berlin
0
Men uchun bul adam oto jogorku dengeeldegi talant bolgon. Chubak akebizdin yrlaryn ukkanda jurok ezilip ezilip ketet go chirkin.
16.03.2011. 16:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
18-03-2009
Соӊку аракети:
01-05-2014 23:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
60 жылы туулган болсо жаш эле турбайбы..азыр деле ырдап журсо кана эле атаганат.
17.03.2011. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
26-01-2011
Соӊку аракети:
15-12-2016 20:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
кыргыздын 1-шлягери
18.03.2011. 13:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
22-10-2018 10:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
0
Студенттик кезде Чубактын концертин калбай издеп журуп корор элек.Аттин омуру кыска экен.Уулу Кубанычтын атасынын ырларын ырдап кун корбой, оз алдынча, башкача оз жузу менен ырдаса болмок.Санжар Бердибеков менен Кубаныч Сатаев аталарын гана туурап калышты, аны менен копко узай албайт ко?
19.09.2013. 15:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
08-06-2016 09:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
Takeshbek jana Kadam, Кубаныч озу деле обон чыгарып ырдап журот. Кыргыз жери, Эстедим, Болунбо кыргыз деген ырлары бар. Балким башка да жаны обондору бар. Адамды билбей туруп жаман суйлобогуло да. Кубаныч менен Санжар го атасынын баласы аталыптыр, а силер кимсинер? Кичине ойлонуп суйлогулочу? Псевдоним менен отуруп сын айткан оной албетте. Атасынын атын чыгарган адам чыгарат! Чыгара албагандар деле журбойбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: