“Чоочун киши” сериалынан таанылып, көрүүчүнүн эсинде калган актриса – Арина Исакова. Ар бир ролу аркылуу өзүн да, көрүүчүнү да сынап келе жаткан Арина айым “ар бир күндү акыркы күнүмдөй жашайм” дейт. Аялдык бакыт, тасма талаасы, үй тиричилиги тууралуу баарлашып отурдук.
– Саламатсызбы, Арина? Бүгүн туулган күнүңүз экен, куттуктайбыз!
– Саламатсыз, чоң рахмат!
– “Эгемен клаб” КВН долбоорунда калыстар тобунда болдуңуз. Калыстык кылуу кандай экен?
– Калыстар тобунда отуруу мага жакты. Бир жыл мурун биринчи жолу комедиялык тасмага тартылгам, ошондо драмалык актриса комедияны ойной алабы деген ойлор болгон. Продюсерибиз Эмил Эсеналиев эле, ошол тасмадан улам бири-бирибизди жакшы билип калганбыз. “Мындай кылбайлыбы, тигини кошуп койсокчу” деп тасмага идея берип, айтор, Эмил байке менен жакшы иштешкенбиз. Калыстык кылуу – чоң жоопкерчилик экен, жон терим менен сездим. Бирок милдетибизди так аткардык, адилетсиздик кылып бирөөгө тартып койгон жокпуз.
– Драмалык актрисанын комедияда роль жаратышы кандай болду чын эле?
– Элди ыйлатканга караганда күлдүргөн оор. Чоң чеберчиликти талап кылат. Актриса катары ар кандай жанрга даярмын. Ар бир жанрдын өзүнүн оордугу бар, кээде турган жерден ыйлашың керек болот. Актриса жүрөк менен иштеши керек, жүрөк иштебесе көз жаш чыкпайт.
– Кыргыз киносуна учурда хейт көп. Ошол тармактын ичинде жүргөн адам катары айтсаңыз, сындар туура эле айтылып жатабы?
– Менимче, сын – бул өсүүнүн көрсөткүчү. Тасмалар көп тартылгандыктан, мурун тартылбаган жанрлар да чыгып жаткандыктан азыр элде тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Мурун жылына он чакты гана тасма чыгат эле, азыр кыргыз киносунда ар тараптан өсүш бар. Өсүш болгон жерде сөзсүз сын да болушу керек. Хейттин бар экени – кубандыра турган нерсе.
– “Чоочун кишиге” токтолсок, Зыйнаттын образынын сиздин карьераңызга таасири кандай болду?
– Зыйнаттын ролу менен өз “кутучама” жакшы бир образды салдым. Бул образга өзүмдөн да көп нерсе коштум. Жесттери, турушу, отурушу, көз карашы дегендей, баарын пластилинден жасагандай кылып түзүп чыктым. Китептеги образды мыкты чыгарып бергенге аракет кылдым. Жакшы образ чыгардым деп ойлойм, бирок жеке жашоомо көп деле таасир эткен жок.
– Өзбек тасмаларынын биринде тарыхый күчтүү аялдын ролун ойноптурсуз, өзүңүздү күчтүүлөрдүн катарына кошосузбу?
– Аялдар өзү күчтүү болушат, айрыкча кыргыз аялдары күчтүү жана сабырдуу болобуз. Көчмөн калк болгонубуз үчүн генде катылган нерсе окшойт. Өзбек туугандардын тасмасына тартылганымда ат чапканымды көрүп баары таң калышты. Аларда аялдар эмес, эркектер да ат чапкандан бир аз коркуп турушат экен. Ат чабуу – кыргыз аялдары үчүн кадимки эле көрүнүш деп элибизди ал жерден мактап өттүм (күлүп). Өзүмдү күчтүү аялдардын катарына кошкум келет. Аталган тасма "Бахадыр Жалаңтөш" деген тарыхый тасма, үч улуттан кыздар кастингге катышыптыр. Тасмада моңгол кыздын ролун ойнодум. Масштабдуу, тарыхый тасма, жаңы технология менен тартылды.
– Жолдошуңуз Аскар Качкынбаев да актёр эмеспи, үйдө чыгармачылык боюнча талкуулар болуп турабы?
– Ооба, ага же мага тасмага тартылуу сунушу түшсө, талкуу кылабыз. “Сценарий жакпады, баш тартып эле койбойсуңбу?” деп же тескерисинче, "тартыл" деп колдоп турабыз бири-бирибизди. Бирок үйдө роль ойнобойбуз, даярданбайбыз. Биздики деле кадимкидей үй-бүлө, бала-чака, тиричилик, барчылык, жокчулук менен камтылган жашоо.
– Колдоонун бар экени чыгармачылык жактан өсүшкө шарт түзөт да...
– Ооба, Кудайга шүгүр, колдоо бар. Кайнене, кайнатам да тоодой караан болуп балдарыбызга каралашып турат. Мага бул чоң жеңилдик. Биздин үйдө аялдыкы же эркектики деп бөлүнбөйт жумуштар. Мен, мисалы, мык каксам, жолдошум тамак жасап жүрө беребиз. Долбоорлор менен жумалап, айлап кетип калышым мүмкүн. Андайда жолдошум балдарды карап, жуунтуп-тарантып бардык иштерди кыла берет. Же жолдошум жумушта болгондо мен эркек кыла турган иштерди кылып коюшум мүмкүн.
– Эркектин милдети – сыртта иштеп каражат табуу, аялдын милдети – үй иштери, бала тарбиялоо деген чектөө жок?
– Аскар “үйдү тазала, минтпейсиңби, бул иш калып калыптыр” деген сыяктуу майда нерселерди айтып отурбайт. Анткени жумуштан чарчап келеримди билет, түшүнөт. Болгону кайын журтка барганда кызматымды жакшы кылганга аракет кылам. Колго камыр жайып, үй тазалап, уй саап, малга чөп салып... Анткени апам мени кичинемде “турмушка чыкканда жетишесиң” деп кылдырбайт эле, ошондуктан иш кылуу мага кызык. Мен да жолдошума “акча таап кел, үй албайлыбы эми, мага ал керек, бул керек” деп кыйнабайм. Анткени билем, ал мен жана балдары үчүн колунан келгенин кылат. Ашыкча эле дүнүйөкор болуп, көңүл калтырышкан туура эмес деп ойлойм. Мисалы, өз үйүбүз жок, мамлекет деле маданият кызматкерлерине үй бере калбайт. Кадимкидей эле коомдук унаада жүрөм (күлүп). Айрымдар таң кала карап калышат, жүзүм жылуу учурайт да. Санасам, балдарды окууга, бала бакчага жеткирүү үчүн 8 жолу автобус которот экенмин. Бирок мунун баары мага оорчулук эмес, балким, мындан да оор нерселерди көргөн үчүн болушу мүмкүн.
– Оор нерсе демекчи, башыңыздан бир топ сыноолор өттү, эң оор сыноо кайсы курагыңызга туш келди?
– 14 жашыма туш келди. 14 жаштагы кыздар чоңоюп, жигиттерге серп салып калышат эмеспи, а мен ал куракта бала эле болгон экенмин. 14кө чыккыча куурчак ойногом. Апам эч нерсе кылдырбай, эркин жана эрке чоңойтуптур. Балким, дүйнөдөн эрте кетерин билип, мени балалыкка канып жашап алсын дегенби деп да ойлойм. Апама көз тийип, капыстан көз жумду, 48 гана жашта эле. Мага оор болду, балалыктан дароо эле чоң жашоого өтүп кетиптирмин эми ойлосом. Бирок ошол убакта эле кайгымды ичке катып, күчтүү болгонго аракет кылчумун. Эки агам бар, кичүүсүнө жакын элем, апамдан кийин ал кырсыктап каза болуп калды. Ушул эки чоң жоготуу башымдан өткөндөн кийин, мен өлүмдү түшүндүм. Балким, ошол үчүн азыр ар бир күндү акыркы күнүмдөй жашоого аракет кылам. Уктаарда “бүгүн эмне жакшы иш кылдым, жакшы эне болдумбу, күйөөмдүн көңүлүн калтырбадымбы, элге жакшылык кылдымбы?” деп өзүмдөн сурап, жооп таап, анан уктайм. Жашоонун майда-барат нерселери мага чоң көйгөй эмес.
– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Энелик жоопкерчилик сиздин көз карашыңызда кандай?
– Эки эркек балабыз бар, улуусу сегизде, кичүүсү беште. Энелик сезимди балалуу болгондон кийин сен арткы планга кетип, бала үчүн жашоо деп түшүнөм. Балалуу боло электе “эмне болмок эле” деп кол шилтеп койгон нерселер алдыга чыга келет экен. “Менсиз менин балдарымды ким жакшы көрөт?” деп өзүңдү да балдарың үчүн этияттап, экстримден алыс болуп, ден соолукту карап каласың. Ойлонуп көрсөм, төрөбөгөн аялдар төрөгөн апасынан да өтүп балдарга мээрим төккөн учурлар болот. Эне болбой туруп энелик милдетти сезүү ар бир аялдын тээ табиятында бар нерсе окшобойбу.
Мээрим Дербишалыева