КҮНҮМДҮК ЖАШООДО КЕРЕКТҮҮ КЕҢЕШТЕР

1. Майда мык сымал сөйкөлөрдү жактыргандар үчүн пайдалуу кеңеш. Мындай сөйкөнү башкаларга аралаштырып кутуга салсаңыз, бир түгөйүн таап, экинчисин тапкыча бир топ оодарып издегенге туура келет. Мындай ыңгайсыздыктан кутулуу үчүн топчу жардамга келет. Сөйкөнүн кулакка кире турган учу бата тургандай тешиги бар топчу табыңыз да, эки тешигине түгөй болгон сөйкөлөрдү жайгаштырыңыз. Эми сөйкөнү издеп убара болбойсуз.

 

2. Ушул сыяктуу эле ыңгайсыздык жараткан учур моюнга таккан чынжырчаларды сактоодо жаралат. Чынжырча өзүнө-өзү оролуп, түйүн жаралып, аны чечүү кыйынга турат. Муну алдын алуу үчүн шире ичүүдө колдонулган желим түтүкчөлөрдү алабыз. Керектүү көлөмдө түтүкчөнү кесип алып, ага чынжырчанын бир учун киргизип өткөрүп алып, экинчи учу менен бириктиребиз. Чынжырча чаташып түйүлүп калбайт.

 

3. Кийимдин сыдырмасы оңою менен сыдырылбай, сынып кетчүдөй катуу болуп жатабы? Бул маселени чечүүгө самын жардамга келет. Сыдырманы бойлото сууланган самын менен сүртүп чыгыңыз, анан самын кургаганча күтүү керек. Мындан ары сыдырма оңой ачылып-жабылып калат.

4. Азыр кымбат кийим алсаң да, аның бат эле түлөп кетип адамды “нерв” кылган учурлар көп. Түлөгөн кийимди кийип жүрсөң өзүң эле ыңгайсыз абалда болосуң. Эмне кылабыз? Биринчи ыкма, кадимки устара менен түлөгөн жерлерди кылдаттык менен кырып койсо болот. Экинчи ыкмада идиш жууган губка керек. Губканын катуу тарабы менен түлөгөн аймакты сүртүп көрүңүз, жардам берет.

 

5. Үйүндө түктүү, жумшак килем салынып тургандар аны тазалоо канчалык кыйын экенин билсе керек. Бул кыйынчылыкты аз да болсо жеңилдетүү үчүн кесек тиштүү жыгач же темир тарак керек. Алгач килемди тарак менен тарап чыгып, аркасынан чаң соргучту колдонсоңуз, “катылып” жаткан чаң-чуңдар ачыкка чыгат.   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1206, 30-январь-5-февраль, 2026-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан