Бактыбек Нурмат уулу, актёр: “АКЧАНЫН КУЛУ ЭМЕСМИН, БОЛБОСО БИЗНЕСТЕ ЖҮРМӨКМҮН”

Ондогон тасмаларга тартылып, таланты элдин таразасынан өтүп жаткан актёр Бактыбек Нурмат уулун кепке тарттык. Алдыда кандай максаттары бар? Кино тармагында эмнелерди өзгөрткүсү келет? Ырчылыкка ыкташы мүмкүнбү? Бул суроолорго маектен жооп ала аласыз, окурман. 

 

– Бактыбек мырза, учурда кайсы долбоордо иштеп жатасыз?

– Театрда “Туздуу чөл” деген спектаклди коюуга даярдык жүрүп жатат, репетициялар менен алекмин. Ал эми кинодо 2025-жылы “Атакебай”, “Акыркы дем”, “Өч” жана кыргыз-казак кинематографисттери биргелешип тарткан “Чёрный двор” криминалдык тасмасына тартылдым. Ойлоп көрсөм, баарында терс каарманды ойноптурмун.

– Актёрлук жолуңуз Орусиянын “Викинг” киносуна каскадёр катары тартылгандан башталган. Андан бери канча чет элдик тасмага тартылдыңыз?

– Эсептеп көрсөм, мен роль жараткан, каскадёрлук кылган кыргыз, орус, түрк, казак тасмаларынын саны 100дөй болуптур. Эсте калганы, 2 жолу оозумдан жаракат алганым. Кинорежиссёр Руслан Акундун “Көк бөрү” киносунда бетимди ат тебелеп кеткен. Дарыланып зорго айыккам. Экинчиси казак тасмасына тартылып жатып болду, актёр образга берилип кетип, калкан менен оозума бир чаап жыга койгон. Эрдиме 8 тигиш салынып тигилип, катуу кыйналгам. Жарааттын ордуна билинер-билинбес так калган. 

– Ден соолук жабыркаганда же өмүргө коркунуч жаралганда каскадёр болбой эле койбой деген ойлор келеби?

– Албетте, каскадёрлук кооптуу кесип. Бирок аны тандаганыма өкүнбөйм. Трюктарды ырахаттанып аткарам, андан адреналин алам. Жогоруда айткандай, жаракаттарга кабылып туруу – айныксыз нерсе. Акыркы учурларда катарыбызда каскадёр жаш жигиттер көбөйдү. Алардын өрт учуру да. Ошого “оор трюктарды биз жасайлычы” десе макул болуп, аз кыймылдап, акыркы кезде толуп кеттим. Эми кайра оорлорун аткарып, келбетти калыпка келтирейин деп жатам.

– Чет өлкөлүк атактуу актёрлорго аралашып калдыңыз, алардын деңгээлине жетиш үчүн кыргыз киносуна эмнелер керек деп ойлойсуз?

– Балким, аларга жетиш үчүн жакшы шарт, мыкты сюжет жана режиссёр, жакшы эмгек акы керектир. Аларга көп төлөнөт, ошого алар бизге окшоп “кошумча киреше табайын” деп жанталашпай, оюнун баарын жумушка бурушат. Ролдору мыкты чыгат. А бизчи? Эмгек акы аз, материалдык жактан камсыз боло электер бир тасмага тартылып жатып, бош убакта дагы кайсы киного тартыла калсам деп ою башка жактарда болот. 

– Сиздин материалдык абалыңыз кандай?

– Кудайга шүгүр. Үйүбүз, унаабыз бар. “Үңкүр да болсо үйүм бар” дегендей, Кудайга шүгүр, эл катары тиричилик өтүп жатат.

– Жакшы. Адистер “акчанын кулу болбой, аны туура колдоно билүүнү үйрөнүү керек” дешет. Сиз акчаны туура колдоно аласызбы?

– Театрда 15 миң сом айлыкка иштейм. Эгерде акчанын кулу болсом, өз ишимдин фанаты болбой бизнеске кетип калбайт белем?! Акчаны туура колдонууну, андан ырахат алып жашоону акырындап жашоо өзү үйрөтөт экен.

– Тасмага тартылууда өнөктөшүңүз ролду аткара албай кыйналса, сизде кандай эмоциялар болот?

– Ролду ийине жеткире аткара албай кыйналган учур менде деле болуп турат. Мээ чарчап калганбы, бир тасмага тартылууда 5 сап текстти такыр айта албай койгом. Режиссёр жанымдагы актёрлорду сыртка чыгарып, “эми айт!” десе да айта албайм десеңиз. Ошол режиссёрду көргөндө азыр да өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Ошондуктан жанымда ойноп жаткан актёр же актриса ролго кире албай жатса туура түшүнүүгө, ага жардам берүүгө аракет кылам. Эч ким идеалдуу эмес, ар кандай жагдай болуп калышы мүмкүн да.

– Сиздин оюңузча, кинонун башкы миссиясы эмнеде? Адамдарды тарбиялоо, ойлондуруу, алаксытуу, көңүлүн ачуу...  

– Менимче, кино эс алуу менен убакытты кызыктуу өткөрүүгө, көркөмдүк ырахат тартуулоого багытталат. Ошол эле кезде адеп-ахлак темасын, коомдогу олуттуу көйгөйлөрдү көтөрүүгө тийиш. Сюжети аркылуу адамдарды оңолууга, өзгөрүүгө түртүү, тарыхты, салтты, адамдык баалуулуктарды үйрөтүүгө, табияттын ыйыктыгын сездирүүгө, коргоого чакыруу. Адам баласындагы эң күчтүү сезим – сүйүүнү баалап, сактоону үйрөтүү жана башка. Кыскасы, жакшы фильм – сюжети терең, көрүүчүнү ойлонууга түрткөн фильмдер. Бир дем менен көрүп, кийин да кайра-кайра жадабай көрө бере турган тасмаларды мыкты деп билем. Азыркы кыргыз кинолорунун абалын жаман дегенге болбойт, өсүш бар. Бизде азыр драма, комедия жакшы өтүүдө, бирок тарыхый кинолор дээрлик тартылбай жатат. Азыркы муун тарыхыбызды жакшы билбейт. Ошого демөөрчүлөр чыгып калса баатырдык эпосторубузду, тарыхыбызды чагылдырган кино тартмакмын. Каскадёрлук ишим көбүнчө ат, кылыч, уруш өнөрүнө байланыштуу болгондуктан жакшы эле кино тартмакмын го дейм.  

– “Атка абдан жакынмын” деп айтканыңыз бар, үйдө ат кармайсызбы? 

– Мурун 3 миң долларга сатып алган Митхун деген таза кандуу атым бар эле. Аны минип көк бөрүгө түшүп жүрдүм. Кулактары узун, келишкен жылкы болчу. Аны сатып, менин тилимди түшүнгөн дагы бир жакшы күлүктүү болгом. 2 ай мурун аны темир тулпарга алмаштырып жибердим. Кудай буюрса, каражат болгондо кайра  ат сатып алайын деп турам. Анткени атсыз жашоомду элестете албайм.  Бирөөнүн атын минип болсо да биз жакта аптасына 1 жолу өткөрүлчү улак чабышка барып жатам. 100дөй тасмага тартылсам, анын 50дөйүнө ат менен тартылгам.  

– Киного аралашкан соң ырчылык талантыңыз унутта калып кетти окшойт? 

– 2013-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин аяктагам. Ошол жылдары актёр да, ырчы да болом деп аракет кылып баштагам. 2-3 ыр жаздырып, клип тарттыргам. Кийин “Курманжан датка” тасмасы тартыла баштаганда каскадёр байкелерге барып трюктарды жасап көрсөтсөм, “каскадёр болгуң келеби?” деп калышты. Ошону менен ырчылыкты таштап, каскадёрлукка ооп кеткем. Бирок ырдагым келет. Буюрса, жакын арада ырдап чыгып калышым да мүмкүн.

– Бардык адамдардын кемчилиги болот...  

– Болор-болбос нерсеге таарынып калмайым бар. Анан ачуум бат келет. Бирок бат таарынганыма жараша бат жазылам. Бул сапаттар өзүмө да жакпайт. Ошого аларды оңдогонго аракет кылып келем.

– Маек соңунда үй-бүлөңүз, жубайыңыз, балдар тууралуу айтып берсеңиз... 

– Атам, бир эжем, бир иним бар. 2015-жылы апамдын көзү өтүп кетти. Тилекке каршы, биздин жетишкендиктерди көрбөй калды. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Келинчегим Алтынай Муканбет кызы, актриса. Умай аттуу 3 жарым жашар таттуу кызыбыз бар. Биздин үйдө деле кээде казан-аяк кагышат, бирок аялга “сенин ордуң ашканада, баарын мен чечишим керек” дегендерден эмесмин. Кемчилик болуп калса келинчегиме туура түшүндүрүп, ачык айтам. Келинчегим үй ишин да, жумушун да чогуу алып келе жатат.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1206, 30-январь-5-февраль, 2026-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан