“Эскирген эски бакта, экөөбүз эки жакта...” Ооба, бул ырды укканда назик үндүү ырчы эжебиз Нуриса Абазова көз алдыга элестейт. Көптөн бери маектеше элек болчубуз, чыгармачылык, жашоо, психология жана башка темаларды козгоп кызыктуу баарлашып кайттым.
– Саламатсызбы, Нуриса эже? Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Рахмат. Ден соолук жакшы, чыгармачылык менен алек болуп жүрөм.
– Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?
– Азыркы учурда маданияттын мыкты кызматкери, акын-драматург Сайра Батыркулованын сөзүнө жазылган “Жашоо белек” аттуу ырды жаздырып бүттүм. Ошондой эле Гүлнара Кахарова эжекемдин “Сага” деген ырын жаңылап жаздырып жатам. Айтор, акырындык менен, тынымсыз эмгектенип жүрөм.
– Студиядан жаздырып, бирок ырдалбай калган ырларыңыз барбы?
– Жаздырып, бирок ырдалбай калган ырларым аябай көп. Себеби кээде аранжировкасы жакпай калат. Ошол жакпаган жерин оңдоп коёлу десем, макул болушпайт. Акчасын төлөп койсом да, ыр көңүлүмө жакпаса чыгарбайм. Мисалы, “Сага” деген ырымды биринчи жаздырганда аранжировкасы жакпай калган, экинчи жолкусунда оюмдагыдай кылып кайра жазып беришти. Анан жаш ырчылар көп жаздырып жаткан студиядан үн жаздырсам, жаңырыгы жакпай калды. Эми кайрадан жаздырам. Өзүмө өзүм сынчымын (күлүп).
– Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңызды биринчи кимге айтасыз?
– Алгач бир тууган эжем Таалайкан Абазовага айтам. Биринчи угуучум да, сынчым да ошол киши.
– Сиздин чыгармачылыгыңыз замандын талабына канчалык ылайыкташа алды деп ойлойсуз?
– Негизи репертуарымды өзгөрткүм келет, азыр изденүүнүн үстүндөмүн. Ырларды өзүмдүн диапазонума жараша тандайм да, ошондуктан ал ыр башка чыгармаларыма окшош болуп калат.
– Адатта ырчынын багын бир гана ыры ачып коёт эмеспи. Сизди элге кайсы ырыңыз таанытты?
– Ооба, туура. Менин чыгармачылык жолум Бек Борбиевдин “Кыялымдагы жомок” ыры менен ачылган.
– Көпчүлүк жакшы көргөн “Эски бак” деген ырыңыздын экинчи өмүрү тууралуу айтып берсеңиз...
– “Эски бак” деген ырым былтыртан бери интернет желесинде кеңири тарап жатат. Бул ырды 2000-жылы жаздыргам. Жалпысы он жылдай ырдап жүрүп, кийин ырдабай калгам. Ал кезде бардык ырлар дискке сакталчу, диск сумкамдан уурдалып кетип, архивим толугу менен жок болгон. Чынын айтсам, буга кайгырган эмесмин. Анткени ал учурда ырдын маанисине сүңгүп кирип, анчалык маани бербептирмин. “Жалгызмын ушул тапта” саптары менин жеке жашоомо таасир берип жаткандай. Ошондон улам ырдабай жүрдүм. Ошондон улам жеке жашоомо таасир береби деп, кайра ырдагым келбей жүрдү. Социалдык тармактарда тарай баштаганда жакындарым “бул сенин ырың го, эмнеге кайра ырдабайсың?” дешти. Ойлонуп көрдүм да, ырды жаңыча, башка аранжировка менен кайра жаздырдым. Ал эми интернетте тараган версиясы – ырдын жасалма интеллект аркылуу жасалган варианты.
– Эски ырлар кайрадан хитке айланып жатат. Бул элдин табитинин өзгөргөнүбү же мыкты чыгармалар эскирбейт дегендин далилиби?
– Эски ырлардын жаңырып жатканы кубандырат. Бирок азыркы ырчылар изденбей, даяр ырларды гана сурап калышты. Мен ырдаган ырларды сурашса, каршы эмесмин. Болгону ар дайым автордун уруксаты керек экенин эскертип коём.
– Кийинки муунга бир кеңеш айтышыңыз керек болсо, эмне деп кеңеш бермексиз?
– Мен жаштарга үйрөтүп гана эмес, үйрөнгүм да келет. Алар тартынбайт, идеяга бай келишет. Тоскоолдуктарды сезбей алдыга кете беришет. Мына жаштыктын мааниси ушунда деп ойлойм. Башында кызымды көп чектеп, тыйып жүрчүмүн, азыр ал катамды артка алгым келет. “Тартынчаак болбо” деп кеңеш берем.
– Сизди элдин жакшылыктарынан, концерттерден көрүп жүрөбүз. Телеканалдардын долбоорлорунан негедир көрүнбөйсүз. Мунун себеби эмнеде?
– Мурун андай иш-чараларга өзүм кайрылып катышчумун. Акыркы жылдары болсо, тескерисинче, өздөрү чакыра башташты. Быйыл “Достор” тобу менен жаңы жылдык эфирлерге тартылдык. Жалпысынан чакырган жерден баш тартпайм.
– Азыркы шоу-бизнесте активдүүлүк маанилүү болуп калды. Бирок улуу муундун ырчылары чыгармачылыкта токтоосуздар. Жашоодо кандайсыз негизи?
– Мен эрегишип, ар бир сөзгө териккен адам эмесмин. Бала кезде тентек, шайыр болчумун. Убакыт өткөн сайын адам токтолот экен. Бир туугандарымдын жанында эркемин. Бул үй-бүлөдө 8 бир туугандын ичинде кыздардын кичүүсү болгондуктан окшойт.
– Социалдык тармактагы баракчаңыздан психологго кайрылганыңызды окуп калдым. “Жан дүйнөмдү кыйнап келген суроого жооп таптым” дептирсиз. Ал кандай суроо эле?
– Жашоодо таарыныч болбой койбойт экен. Майда-чүйдө көрүнгөн нерселер да акырындап чогулуп, кыжалат кылат. Кээде туура эмес сүйлөп койгон сөз да жанды оорутат. Айтпай койсоң да ичиңде толуп, кыйналып жүрө бересиң. Ошондой күндөрдө психологго кайрылып, жан дүйнөмдүн тынчтыгын таптым. Бирөө жаман сөз сүйлөсө, жанында турсам да кулагымды жаап алгандай болуп, укпагандай реакция кылууну үйрөндүм. Мурда жакындарымдын, досторумдун көйгөйлөрүн жүрөгүмө жакын алып, кыжалат болуп жүрсөм, алар болсо айтканын кайра эле унутуп коюшчу экен. Азыр ашыкча санааркап, таарынып жүрбөөнү үйрөндүм.
– Үй-бүлө демекчи, кызыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Кызымдын аты Айдай, 13 жашта. Өспүрүм куракка жараша кээде маанайы өзгөрүп турат. Бирок сабырдуу, тамашакөй, акылдуу кыз. Айткан сөздөрү көп учурда туура чыгып калат. Кээде мага да туура жол көрсөтүп турат. Азыркы учурда мага кийим жагынан кеңеш берип, стилист болуп калды. Кызым кыргыз мектепте окуйт, мага орусча сүйлөсө да, мен кыргызча жооп берем. Жалпысынан талапты катуу койгон апамын, бирок эмнени сураса да “жок” деп айта албайм. Кээде урушуп койсом, телефонума апасы менен кызы тууралуу видеолорду жөнөтөт. Бул да анын тамашакөй жигердиги жана биздин мамилебизди юмор менен сактап калуу ыкмасы. Канчалык оор, кыйын болсо да ар дайым чындыкты айт дейм. Анткени кичинекей кезимде апам менден да ушуну талап кылчу эле.
– Келечекте чыгармачылыкты тандаса колдойсузбу?
– Үнү абдан сонун. Эгер ырчы болом десе, сөзсүз колдойм. Кичинекей кезинде “ырчы болом” дечү. Азыр болсо "тиш дарыгери болом" деп жүрөт. Баланын кыялы убакыт менен өзгөрөт экен, мектепти бүткөндө дагы кандай жол тандайт, көрө жатарбыз.
– Кол өнөрчүлүккө болгон кызыгууңуз жана эс алуунун кайсы түрү жагары тууралуу айтып берсеңиз?
– Каалоом болсо, баарын жасай алам. Кичинекей кезимде апам шырдак шырып, сайма сайганды үйрөткөн. Былтыр кызымдын кол эмгек сабагынан ага сайма саюуну үйрөтүп көрдүм, колум унутпаптыр. Көбүнчө досторум менин бош убактыма карашат. Энергиямды топтоо үчүн тоо коюнуна барып эс алган жагат.
– Сизге чыгармачылыкта ийгилик, ден соолук жана эргүү каалайбыз!
Мээрим Дербишалыева