Тилекмат Касияров – дүбүртү катуу чыгып келе жаткан жаш ырчылардын бири. Анын ырдаганын уккандар “Рыспай өлбөптүр” деп ыраазы болушат, анткени аккордеондо эски ырларды ийине жеткире ырдап, уккан кулакты ыраазы кылат. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин 5-курсунун студенти.
– Тилекмат мырза, жакында Рыспай Абдыкадыровду эскерүү концертинде сага “Рыспайдын үмүтү” дебюттук сыйлыгы тапшырылды. Сыйлык кут болсун!
– Рахмат! Бул сыйлык мен үчүн чынында жагымдуу болду.
– Концертте Рыспай Абдыкадыровго окшоп кийинип, анын мимикаларын, кыймыл-аракетин, үнүн туурап ырдадың. Социалдык тармактарда “Рыспайдын өзүн көрүп, үнүн уккандай болдук” деп мактап жатышат. Идея кимдики?
– Идея Улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов агайга таандык. Концертке 1 ай даярдандык. Рыспай агайдыкындай чач жасалганы, гримди Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактыгүл Асанова эже жасап берди. Гримди 2-3 вариантта жасап көрүп, бирин тандадык. Сахнага анын көз айнегиндей көз айнек тагынып чыгуу сунушу мага концертке 1 күн калганда айтылды. Концертке катышкан Рыспай атабыздын кыздары “атабызды көргөндөй болдук” деп бетимден өөп, ыраазычылыктарын айтышты. Улуу муундагы чыгармачал агайлар, Рыспай агайдын шакирттери Кадыралы Артыков, Ибрагим Жунусов, Абидин Темиров агайлар да аткаруума жогорку баа беришти. “Агайдын өзүн көрүп, үнүн уккандай болдук, азаматсың!” дешти.
– Чыгармачылыктын чыйырына түшүп, бийиктиктерди көздөп баратасың. Сендеги ырчылык таланттын учкуну кимден өткөн?
– Мен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын кулунумун. Айылдагы кадырлуу, элге сөзү өтүмдүү ата-эненин уулу болгонума сыймыктанам. Атам фермер, апамдын кесиби мугалим. Экөө көп жылдардан бери фермерлик менен алектенип, айылда дарылык касиетке ээ мышык тамыр (валериана) өстүрүп, сатышат. Экөө тең лидерлик, уюштургуч сапаттарга ээ. Бул сапаттарга кошо мага атамдын так жүргөн сапаты да өткөн. Экөө менин чыгармачылыгымды мектеп кезимден колдошту. Өткөндө концертке келип көрүп кетишти, ийгилигиме сыймыктанышты. Мындан да чоң ийгиликтеримди көрүп, төрүмдө отурушун тилейм.
Атам тарапта да, апам тарапта да баары сөз кадырлаган адамдар. “Эр тайын тартат” деп коюшат го, таятам санжыраны мыкты билген, китеп жазган киши. Кесиби мугалим. Атамдын агасы болсо музыкант. Илгери “Боз салкын” эстрадалык тобунда бас-гитарада ырдап жүргөн. Кыскасы, талант мага эки тараптан тең өткөн. Бирок аккордеон ойногондор атам тарапта да, апам тарапта да жок. Мен бул аспапты кичинемде телевизордон көрүп кызыгып калгам. Аккордеон үйрөнүп, ойносом деген кыял менен чоңойдум. Мектептен кайтканда китеп баштыгымды алдыма асынып алып, аны аккордеон деп элестетип, үйгө чейин ырдап кыялданып келчүмүн.
Тилектер орундалат дегендей, аккордеончу, ырчы болдум. Улуу муундагы ырчылардын ырларына жакынмын. Жан дүйнөм мааниси терең, обону менен сөзү төп келген, өлбөс-өчпөс ырларга тартып турат. Жаңы чыккан хит ырларды жаштар кууп угушат го, мен репертуарымды эски ырлар менен байытайын деп жүрүп, жаңы ыр элге жайылып бүткөндө угам. Досторум “бул ырдын чыкканына көп болбодубу” деп калышат.
– Аздыр-көптүр элге таанымал ырчы болуп калганың сезилип жатабы?
– Элге таанылып калдым деп айтуудан алысмын. Бирок өз угармандарым бар. Концерттерде, маданий чоң иш-чараларда, тойлордо суранып кайра-кайра ырдатышат. Бул мага мотивация берет. Бир нерсени айта кетейин, чакырган жерлердин баарына бара бербейм. Өнөрүмдү сыйлаган, мени тааныган адамдардын жакшылыктарында ырдагым келет. Талантымды төмөн баалагым келбейт.
Чыгармачыл интеллигенциядан, мисалы, Түгөлбай Казаков, Келдибек Ниязов, Саламат Садыкова жана башка агай-эжелер аткаруу чеберчилигиме, үнүмө жакшы бааларын берип жатышат. Ушундай залкарлар менен сахналаш болуп, алардын баталарын алганыма ыраазымын.
– Устатың Түмөнбай Колдошовдун сенден үмүтү чоң экенин жазган постторунан улам байкайм...
– Ооба, устатым пост жазып чыккан. Анда “бир күнү дыйкандын, эртеси базарчынын, буюрган күн келсе, падышанын алдында ырдаарсың. Баарына жагып, эргип ырдагын” деген саптар бар. Ушул жерден айта кетчү нерсе, мен агайдын көрөгөчтүк жагы да бар окшойт деп калдым. Себеби 2025-жылы ноябрда Кыргызстанда өткөн ЖККУнун саммитине биринчи болуп Орусиянын президенти келди. Ошондо концертте Орусия жана Кыргызстандын президенттеринин алдында ырдадым. Негизи бир эле ыр ырдамакмын, бирок экөөнө тең жагып, 3 ыр ырдадым. Ошентип Түмөнбай агайдын айтканы 4 айдан кийин эле келди.
– Атак-даңк, мактоолор адамды өзгөртүп жиберет дешет, сен атактуулукка канчалык даярсың?
– Жашоодо интригадан, чыр-чатактан алыс жанмын. Өз угармандарым бар деп чоң сүйлөп алгандан, текебер болуудан корком. Ар дайым жөнөкөй болуп жүрүүгө аракеттенем.
– Аккордеондон тышкары кайсы аспаптарда ойной аласың?
– Азыркы учурда комуз үйрөнүп жатам.
– “Алтын-күмүш дүнүйөңдөн эмне пайда, ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла” деген эле айтылуу Элмирбек Иманалиев. Уялбай турган эле абалдасыңбы?
– Ушул жагы сыр бойдон калуусун каалайм. Негизи өзүмө план түзүп алам. 6 айда, 1 жылда ушул нерселерди бүтүрүшүм, жетишүүм керек деп. Андан башка нерселерге орун бербейм. Убактымдын көбү чыгармачылыкка кетип жатат азыркы тапта.
– Материалдык өңүттөн караганда өзүңдү өзүң багып калдыңбы?
– Ырчылык, пародисттиктен тышкары соода-сатыкка шыктуумун. 9-класста Караколдун базарында байпак алып-сатып иштеп, кичинемден бери көксөп жүргөн аккордеонду 15 миң сомго сатып алгам. Өз каражатыңа сатып алган нерсе көзүңө жакшы көрүнөт экен. Бош убактым боло калса эле аккордеон кучактап отурчумун. Ошентип бат эле үйрөнүп алгам. Ийгиликке өзүмдүн аракетим менен жетүүнү жакшы көрөм. Мектепти бүткөндөн бери өзүмдү өзүм каржылоого аракет кылып келем.
– План менен иш кылам деп калдың. Алдыга кандай план, максаттарды коюп жатасыз?
– Эл менден кандай ырларды күтөрүн билем, ошондой ырларды аткарып Ютуб каналыма жүктөй бермекчимин. Эстрада жаатында да, ансамблде да ырдап жүрбөймүнбү? Андыктан эми ансамблге аккордеонду кошуп ырдасам деген тилегим бар. “Кайбар” этно-ансамбли гастролго чыкса, алар менен да эл-жер кыдырам деп турам. Аккордеонду немис саат устасы ойлоп тапкан экен, ошого немистердин улуттук аспабы катары саналып калган дешет. Бирок немистерге караганда бизде аккордеон менен ырдагандар көп экен. Германияга барып концерт коюп, аларды таң калтырууга эмнеге болбосун деген да ойлорум бар.
– Музыканын устаттары адатта автордук чыгарма жаратууга аракет кылышат...
– Элге жарыялана элек 2-3 автордук ырым бар. Буюрса, кайрыктарына жараша жакшы текст колго тийсе ырдап чыгам.
Канымжан Усупбекова