Ак шоколаддын өзгөчөлүгү эмнеде?

Ак шоколадды жеп жүрөсүз, бирок анын өңү эмнеге ак деп ойлодуңуз беле? Анда айтып беребиз. 

Адатта шоколаддар ак, кара жана сүттүү деп 3 типке бөлүнөт. Кара шоколадга какао майы, кара өң берүүчү какао порошогу жана кант кошулат. Сүттүүсүнө аталгандардын ичинен какао азыраак кошулат. Ак түстүүсүнүн курамында какао майы, кант жана кургак сүт, даамын арттыруучу ванилин болот. Какао порошогу жок болгондуктан өңү ак болот. Ошондой эле курамында антиоксиданттар (кофеин, теобромин) жок. Мындай шоколаддарды алгач 1936-жылы Швейцариядагы бир компания чыгарып баштаган. Айрым адамдар ак түстүүсүн толук кандуу шоколад деп эсептешпегени менен, ашпоздор көп колдонушат.

 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1206, 30-январь-5-февраль, 2026-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан