СЕЗИМ ТАМЧЫЛАРЫ

  • Унчукпа... Бакыт, сүйүү жөнүндө айтпагын. Сөздөр желге тарап кетет да, унутулат. Тек гана көздөрүмө тигил...
  • Сүйүү согуш сыяктуу: баштоо оңой... аяктоо кыйын... унутуу мүмкүн эмес...
  • Мен мурда эле билчүмүн: бир күн – 24 саат, ал эми бир саат – 60 мү­нөт. Бирок, сенсиз өткөн бир күн бир кылым экенин билген эмесмин.
  • Сен менин жүрөгүмдүн жай музыкасы, сүйүүмдүн ханышасы, бейиштин кушусуң.
  • Кел, чогуу саякаттап келели. Саякатта алган багытыбыз жылдыз, кемебиз сүйүү, жүргүнчүлөр сен жана мен бололу. Макулсуңбу?
  • Кандан сенин эмне айырмаң бар экенин билесиңби? Кан жүрөккө киргени менен кайра чыгат. А сен жүрөккө киргенден кийин кайра чыкпай түбөлүккө каласың.
  • Ааламда жети кереметтен тышкары дагы бир керемет бар, ал сенсиң.
  • Асмандагы жылдыздарды тыңшап көр­чү?! Алар менин сени кандай сүйөөрүмдү айтып беришет.
  • Эгер Кудай мага сенсиз түбөлүктүү жашоону сунуштаса, мен сени менен чогуу болоор көз ирмемди тандамакмын.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан