Бир бүркүм. Мектеп каникулу узартылды...

2026-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,4 миллиард метр кубду түздү.

 Учурда өлкөдө катталган 1 миллион 909 миңден ашык автоунаа бар.

 ТИМ Кыргыз жарандарын Мексикага барбай турууга чакырды.

 Ош мэриясынын 100 күндүк жана 1 жылдык планы коомчулукка жарыяланат.

 БУУ: Адам укуктары кеңири масштабда бузулууда. 

 ИИМ башчысы Улан Ниязбековго милициянын генерал-полковниги наамы берилди.

 Амантур Турсуниязов Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды.

 Окуучулардын жазгы каникулу узартылды, балдар быйыл 2-марттан 7-мартка чейин эс алышат.

 Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

 Кара-Балтада 17 жаштагы өспүрүмдү поезд сүзүп кетип, ал каза тапты.

 Эрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

 Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев камактан бошотулду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1210, 27-февраль-5-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан