9-март күнү Бишкектеги “Спартак” стадионунда “Лондон-2012” Олимпиадалык оюндарына жолдомо үчүн футбол боюнча Кыргызстан Олимпиадалык курама командасы ирандык атаандаштары менен беттеш өткөрүштү.
Мындай эл аралык оюнду сагынып калган кыргыз эли стадионго жык толуп, оюн аншлаг менен өттү. “Кыр-гыз-стан!” деген ураан менен футболчуларыбызды жогорку деңгээлде колдоп отурушту. Кол чабуулар, күйөрмандык толкундар, ураан, кыйкырыктар чыныгы футболдук майрам болуп жатканын айгинелеп турду. Европанын стадионунда отургандай эле болдум.Ал эми оюнду кыргызстандыктар кожоюн катары жакшы башташты. Ылдам чабуулдарга өтүүгө аракет кылып жатышты. Бирок чабуулдун аягы ийгиликсиз аяктай берди. Оюн акырындап талаанын орто ченине өтүп, акыры басаңдай түштү. Биздин оюнчулардын өткөргөн чабуулдарын ирандык коргоочулар эр жүрөктүк менен мизин кайтарып жатышты. Кезек биздин дарбазага да келип, коноктор айып тобун тебүү укугуна ээ болушту. Тебилген топ даана “тогуздук” деген чекитке бара жатканда биздин дарбазачы Руслан Амиров (сүрөттө) гепарддай шамдагайлык менен голдон сактап калды. Андан кийин дагы 6-7 жолу ирандыктар биздин дарбазаны алууга аракет кылышты. Бирок ал күнү Руслан баарынан мыкты ойноду. Беттештин мыкты оюнчусу деп атай кетсек, эч ким каршы болбостур. Ал эми биздин легионерлер Азамат Байматов менен Мирлан Мурзаевдер биз күткөн оюнду көрсөтө алышкан жок.
Ошентип, эсеп 0-0 менен аяктап, аншлаг натыйжасыз болуп, Русландын эрдиги да акталбады. 23-февралда Ирандын Тегеран шаарында өткөн биринчи беттеште Кыргызстан ирандыктардан 1:0 эсебинде утулуп калгандыктан, мындан ары Иран командасы өтүп отурат. Аягында ушундай футболдук майрамдар тез-тез болуп турса го деген ойдо калдым.
Залкар Карабалаев
sport@super.kg