Биз социалдык тармакта

ИШЕНҮҮ ЖЕ ШЕК САНОО? Мамиледеги байлануунун түрлөрү

Романтикалык мамиле куруу өзүнчө искусство. Бир адам көңүлүнө туура келген адамын оңой эле табат жана аны менен өзүн ишенимдүү, коопсуз сезет. Ал эми экинчиси сүйгөн адамын табат, бирок ортодогу мамилеге, тандаган түгөйүнө, керекпи өзүнө толугу менен ишене албайт. Эки адамдын ортосундагы сүйүү мамилеси психологияда 4 типтеги байлануу менен сүрөттөлөт. Сиз кайсы түрүнө киресиз?

 

Байлануу деген эмне?

Байлануу – бул эмоционалдык байланыш. Бала төрөлгөндөн ата-энесине болгон байлануу, ал чоңойгонго чейинки үй-бүлөдө орун алган эмоционалдык фон баланын келечегине, башка адамдар менен болгон мамилесине (анын ичинде сүйүү мамилесине) таасир этүүчү фактор болуп саналат. Байлануу теориясы британиялык психолог Жон Боулби тарабынан изилденип чыккан. Ал ата-эненин мамилеси баланын келечегине кандай таасир этерине көңүл бөлгөн да, мамиледеги байлануунун 4 түрүн бөлүп чыккан.


4 түрү бар

Эмоционалдык байланыштын түрлөрү – бул мамиледеги жүрүм-турумдун өзгөчө үлгүсү. Ал мамиле курууда адамдын мүнөзүн ар тараптан ачат, кайсы бир окуяга карата эмоционалдык реакцияларын, өнөктөшү менен кандай мамиледе болгонун билдирет.

1. Ишенимдүү түр (коопсуз)

2. Тынчсызданган түр (амбиваленттик)

3. Качкан түр (качуу-баш тартуу)

4. Тынчсызданган-качкан түр (баш аламан)

 

Ишенимдүү байлануу

Ишенимдүү типтеги адамдар мамиледе өзүн ыңгайлуу сезет. Өнөктөшүнө толугу менен ишенет, аны менен өзүн коопсуз сезет, бардыгын ачык айта алат, оюн жашырбайт. Өзүнүн да, түгөйүнүн да жеке чек арасын сактай билет. Мындай адамдар бекем мамиле кура алышат.

Балалыкта: Ишенимдүү типтеги адамдар бала кезинен туруктуу жана коопсуз атмосферада чоңоюшат. Жанында дайыма коргой турган, чын дилден сүйгөн ата-энеси бар экенин билет. Психологиялык эч кандай жаракатка кабылган эмес. Кичинесинен башкалар менен тил табышып, достору көп болот. Чоңойгондо инстинктивдүү түрдө коопсуз мамиле кура алышат.

 

Тынчсызданган байлануу

Тынчсызданган байлануу тибине кирген адамдар түгөйүнө чектен ашкан эмоционалдык көз карандылыкта болот. Аларды дайыма “менден баш тартып кетпейби?..” деген коркунуч жана ашыкча кызганыч коштоп жүрөт. Өзүнө болгон баасы түгөйүнүн сөзүнөн, анын жактырган же жактырбаганынан көз каранды.

Балалыкта: Мындай типтеги адамдардын балалыгында ата-эненин камкордугу туруктуу болгон эмес. Бала кичинесинде өзүн керектүүмүнбү, баалуумунбу, мени таштап кетишпейби деген коркунуч каптаган эмоцияларды башынан кечирген болуусу мүмкүн. Мындай ой ата-эне балага көп көңүл бөлбөй, көпкө жалгыз таштап кетип, белгисиз адамдар менен таштап койгон учурларда жаралуусу мүмкүн. Кийин мамиле курганда мен керекминби, таштап кетпейби деген тынчсыздануу сезимдер балалыкта калган эмоционалдык фондон улам жаралат.

 

Качуу байлануусу

Мамиленин качуу түрүнө киргендер жалпысынан көз карандысыздыкка умтулган, башкалардан көз каранды болуудан корккон адамдар. Сүйүү мамилесинде терең эмоционалдык байлануудан качып, дистанция кармай беришет, өзүн эркин коё бере алышпайт, дайыма чектеп турушат. Мамиле курушат, бирок бат эле эки ажырым жолго түшө берет. Анан эмнеге түгөйүм жок деген суроо жаралат.

Балалыкта: Качуу-баш тартуу тибиндеги мамилени тандагандар кичинесинде жетиштүү түрдө эмоционалдык колдоо сезген эмес, ата-энесинин ортосунда да салкын мамилени сезип чоңоюшу ыктымал. Же болбосо анын жанында ал ишенген адам болгон эмес, кичинесинен өзү менен өзү калып, бардык маселесин өзү чечип көнгөн. Чоңойгондо да өз дүйнөсүнө башканы киргизүүсү оор, башкаларга ишенүүсү, ачылуусу, жардам суроосу кыйын, анткени баарын өзү кыла алат.

Тынчсызданган-качкан байлануу

Жогоруда жазылган тынчсызданган жана качуу байлануу түрлөрүндөгү мүнөздөмөлөрдүн аралашмасы – тынчсызданган-качкан байланууга кирет. Мындай адамдардын ичинде дайыма күрөш болуп турат: бир туруп түгөйүнө жакын болгусу келет да, бир туруп андан алыстагысы, кол үзгүсү келип калат. Аябай мамиле кургусу, сүйгүсү, сүйүктүү болгусу келет, ошол эле учурда түгөйүм таарынтат го, сатып кетет го деген ойлор менен жүрөт.

Балалыкта: Байлануунун бул түрүндөгү адамдар кичинесинде ата-энесинин карама-каршы жүрүм-турумун көрүп чоңойгондор болушу мүмкүн. Жек көрүү, коркуу жана сүйүү мамилелерин көрүп жүргөн.

Байлануу түрүн өзгөртүүгө мүмкүнбү?

Илимий дүйнөдө байлануунун түрүн өзгөртүүгө мүмкүн деген так жооп жок. Анткени балалыкта жетпей калган нерсени кийин толтуруш кыйын. Айрым психологдор мүмкүн, бирок оор дешет. Негизгиси өзгөртөм деген адамда күчтүү мотивация, каалоо жана бекем эрк болушу кажет. Ошондо байлануунун түрү өзгөрбөсө да, кесепети жеңилирээк болот. Эгер тынчсызданган, качуу байлануу тибиндегилер өзгөрүүнү каалабаса, алардын жашоосунда романтикалык мамиледе эле эмес, дос, туугандар арасында да байлануунун бул түрү үстөмдүк кыла баштайт.

Түгөйлөрдүн бири ишенимдүү, бири тынчсызданган түргө кирсе эмне болот?

Сүйүп калуу оңой, ошол сүйүүнү кармап калуу оор деп бекеринен айтылбайт. Түрдүү байлануу тибиндегилер мамиле куруусу толук мүмкүн. Негизгиси эки тарапта түшүнүшүү болушу зарыл. Мамиледе ишенимдүү типтеги адам өзөк (якорь) болот да, түгөйүнө коопсуздук, ишенимдүүлүк сезимин тартуулаганга жардам бериши кажет. Тынчсызданган, качкан типтегилер да аракет жасап, эмнеден коркконун, эмнеден тынчсызданганын, жактырганын-жактырбаганын ачык айтышы зарыл. Ишенимдүү тарап аны угуп (шылдыңдабай, маани бербей койбой), түшүнүп, өзү да ачык болуп, коркууга негиз жок экенин сездирсе жакшы. Бул учурда тынчсызданган тарап өзүн “коррекциялап”, ишенимдүү типке ыңгайлашып кетет.

Тынчсызданган тарапка кеңеш

 * Түгөйүңүздүн сүйүүсүн кабыл алганды үйрөнүңүз.

 * Ага ишеним артып көрүңүз. Ичиңизден “балким...” деген коркууларга жол бербеңиз.

  * Көп талап коё бербеңиз, ал адам кандай болсо ошондой кабыл алганга көнүңүз. Сиз да ага ишенимдүү, коопсуз, колдой ала турган адам экениңизди сездириңиз.

 * Мамилени кармап калам деп өзүңүз курмандыктын ролунда болуу да жарабайт. Сизди сыйлай билген адам болушу керек жаныңызда.

 * Маселе жаралганда качпаңыз, дистанция кармабаңыз. Эмне болгонун ачык айтканда гана маселе чечилет.

 * Эмоционалдык фонго көңүл буруңуз. Ишенимдүү түгөй эч качан сизге эмоционалдык жактан басым жасабашы керек. Тескерисинче, сиздеги тынчсыздануу абалын жеңилдеткенге жардам бергени дурус.

 

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1213, 20-26-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан