Сиз актриса, ырчы катары жакшы тааныган таланттуу айым Гүлсина Чотонова камера артында да эмгек өтөп, режиссёр дагы. Бир адамда үч багытты камтыган талант кантип ачылды? Аялдык, инсандык күчтүүлүгү жана алсыздыгы эмнеде? Тагдыр сыноолору менен күрөшүүнүн азап-тозогу. Бул жолку маегибиз ушул суроолордун тегерегинде болду.
– Саламатсызбы, Гүлсина айым? Актриса, режиссёр жана ырчысыз... Бул жумуштар сиздин каалооңуздун жемишиби же башка себептери барбы?
– Саламатчылык. Жогорудагы үч кесип тең убагында жан дүйнөмдү ээлеп алып, тынчтык бербеген, тыбырчылаткан кесиптер. Мисалы, кино тартууда камеранын алдында болуу, образ жаратуунун өзүнчө ырахаты бар. Режиссёрлукта кадр сыртындасың, бирок жаратмандык тартуулаган түйшүгүн жана касиетин айтып берчү болсом кагаз түтпөйт. Ырчылыкта дагы башка сезимдер бар. Адам феникс сыяктуу күйүп кетип, кайра жаралып туруу керек экен. Кыска жашоону саймалуу төшөктөй кооздоп, каалаган нерсенин баарын татып, даамдап жашоо жакшы деп ойлойм. Бир топ жолду басып өтүп, аркаңа караганда эч нерсеге өкүнбөй тургандай болушуң керек деп ойлойм. Эң башкысы – таңкы шүүдүрүмдөй таза жашап өтсөк деген изги тилегим бар.
– Ырчылыкка кечирээк келдиңиз да, көптөн бери ичтен даярданып жүргөн окшойсуз?
– Сахнага чыгып ырдайм деп такыр ойлогон эмесмин. Мектепте бир аз ырдап жүрчүмүн, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институтта окуп жүргөндө да ырдап жүрдүм. Анан КТРКда иштеп жүргөнүмдө “Ала-Тоо таңшыйт” деген берүүгө тартылып калдым. Гүлсүн Мамашеванын образын окшоштурууга аракет кылган роль берилип, анын ырын ырдап чыккам. Ошондон башталып кетти окшойт. Кийин Расул Маматкулов мага “Кызгалдак” деген ырын берип калды, дуэт катары ырдап чыктык. Ошентип уланып кетти. Азыр катар-катар ыр жаздырып, ушул тармакта эмгектенип жатам. Мен көп жыл КТРКда иштедим да, ал жактан кеткениме жарым жыл эле болду. Менде чечимдер тез жана күтүүсүз болот (күлүп). “Карагыз” тасмасына тартылам деп чачымды кырып салгам, театрда иштеп жатып эле КТРКга кетип калгам. Анан заматта эле ырчылыкка кетип калдым. Айтайын дегеним, сүйгөн кесибиңден деле бир убакта кетиш керек болот экен. Башка дем менен бир нерсе жаратуу үчүн...
– “Карагыз” тасмасы менен элге таанылдыңыз да, ошол тасмага тартылганда канча жашта элеңиз?
– 27 жашта болсом керек эле. Ал эми мен ойногон майып кыздын жашы 35терде болчу, ошондуктан бырыш тартып бетимди грим менен жасашкан.
– Майып кыздын ролун аткарганда “жашоомо таасири тийип калбайбы” деп чочулаган жок белеңиз?
– Жок, анда эч нерсе ойлогон эмесмин. Бирок кийин корктум. Анткен менен ошол кино менин чыгармачылыгымдын башаты болду. Кийин Геннадий Базаровдун төрт тасмасында ойнодум. Анан чет өлкөлүктөр тарткан тасмаларга түштүм. “Акыркы көчтө” тартылдым. Мен фестивалга арналган тасмаларга көп тартылдым, ошондуктан аны көптөр көрбөй калышты.
– Күчтүү көрүнөсүз, сиздин күчтүүлүгүңүз жана алсыздыгыңыз эмнеде?
– Менин күчтүүлүгүм – эне болууда. Ар бир аялдын күчү ушунда деп ойлойм. Кудайдан аманат болгон жан жаратып жатабыз, мындан артык күч болобу? Тукум улоо – аялдын керемети, касиети, күчү. Ал эми алсыздык – өлүмдүн алдында экен. Өлүмдүн алдында падыша да алсыз тура. Баарын берип болсо да адамдын өмүрүн бир секундга узарта албайт экенсиң. Өлүмдүн алдында алсыздыкты сездим. Анткени жолдошум күтүүсүздөн каза болуп калды (жашып).
– Ажалга айла жок тура. Жолдошуңуз тууралуу айтып берсеңиз?
– Жолдошум түрколог болчу, Стамбул университетинде чагатай тили боюнча сабак берчү. Кийин апасынын ден соолугу үчүн Кыргызстанга келип, ишине улам барып турчу. Мен аны эч качан атынан айтчу эмесмин, дайыма “атакеси” дечү элем. Кызымдын тили “атаке” деп чыккан, ошондон улам айтып калгам. Атакебизди жоготконубузга үч жылдай болуп калды, депрессия болдум, кыйналдым, бирок ыраазычылык менен коё бердим. Мага оор болгону – тоодой болгон эки байкем каза болуп калды. Жоготуулар сындырып койду. Бир күйүп, бир өчүп отуруп тең салмактуулукка келдим.
– Мындан ары баары жакшы болсун дейли. Убакыттын өтүшү менен баалуулуктар өзгөрүүдө, буга көз карашыңыз кандай?
– Мен азыркы жаштарга суктанам. Эмне каалашса, баары даяр, ааламдашуу мезгили болуп жатат. Байкасаңыз, кыргыздын кыздарынын сулуулугу башкача болуп баратат. Кан алмашуубу, жаңылануу болуп жатабы, кыздарыбыздын ажары ачылууда. Бойлору узун, керилген, үлбүрөгөн, карап эле тургуң келген кыздар бар. Биздин учурубузда андай эмес эле. Баалуулуктардын өзгөрүшү ушул жерде байкалат, адамдар азыр сырткы сулуулукка баа берип калышты. Ушул жаатта не деген адис жок? Бой өстүргөн, арыктаткан, пластикалык операцияларды жасаган, деги койчу, санап бүтпөйсүң. Анткен менен ички сезимталдык алсызданып, рухтун бийиктиги, акылдын курчтугу деген нерселер баалуулук болбой бара жатат, тилекке каршы. Мурун Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморовдор коомго үлгү эле, ошолорго карап түздөнчүбүз. Азыркы коомдун каармандары кимдер? Ачык айтсам, жарым эс адамдар каарман болуп калбадыбы. Ошолордун болбогур кебине күлөбүз, ыйлай турган абалыбызга деле күлүп калдык. Баалуулуктар мына ушундай өзгөрдү деп ойлойм.
– Ушундай коомдо сиз дагы бала тарбиялап келесиз, кыйынчылыктар барбы?
– Күйөө – сырткы тон деп коёбуз го. Күйөөм барда көп нерседен кам жебей, эркелеп жашаган экенмин, эки тизгин бир чылбырды колго алып жашап кетүү кыйын болду. Чынын айтсам, жалгыз калганда карасам, мектепте балдарымдын мугалими ким экенин, кайсы класста окуй турганын чала-бучук эле билет экенмин (күлүп). Чогулушка атасы барчу, көп нерсени чечкен ал эле. Мен эртең менен КТРКга кирип кетип, кечинде чыкчумун. Тиричиликти тың эле кылчумун деңизчи, бирок тарбия жаатында атасы көбүрөөк жоопкер эле. Ошол үчүн жолдошумдан айрылганда дайынымды таппай калдым да. Бүт атасы кылчу... Сиздин сурооңузга “балдарыма ушундай мыкты тарбия берип салдым” деп айта албай жатканымдын себеби ушул.
– Мүнөзүңүздү өзүңүз кантип сүрөттөйт элеңиз?
– Начар эле адаммын (күлүп). Өзүмдү жаман көрөм. Эмнеге дегенде, аябай жумшакмын. “Адамдын жумшагын адам жейт” деп катуураак болоюн дейм да, кайра эле баягы адатыма түшөм. Ак көңүл, жумшактыгымдын айынан канча жолу алданып калдым. Бирөөнүн көңүлүн карап эле жүрөм. Маркум Бактыбек Мамытов агай менен көп иштешип калдым, ошол кишилердин сапаты жугуп калдыбы деп коём. Бирок өзүмдү азыр бир топ ийлеп, чыйралып алдым десем болот. Баладай болуп бат кубанам, кайгым болсо да тереңге кетип калам.
– Маектешүүгө убакыт арнаганыңыз үчүн рахмат! Ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн!
Нуржамал Жийдебаева