УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга кайтып келип, Ички иштер министрлигинде сурак берди. Маалыматты ИИМдин маалымат кызматы тастыктап, экс-чиновник “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык иштер боюнча суралганын маалымдады. Ташиевдин жакындары ал суракка мажбурлап чакырылбаганын, аэропортко конуп эле өз каалоосу менен ИИМге барганын айтышты.
Камчыбек Ташиев 17-февралда өлкөдөн чыгып кеткен эле. Жакында Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө жарыялап, анда Камчыбек Ташиев 4 жыл бою аталган ишкананы көзөмөлдөп, ишкананы текшерүү мүмкүн болбогону, жакында текшерүү жүрүп коррупциялык иштер аныкталганы белгиленет. Бул иликтөөдө Ташиевдин жана анын жакындарынын аттары аталып, алар өлкөгө миллиондогон суммада зыян келтиришкен деп айтылат.
Бул арада Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев иликтөөдө айтылган “Ташиевдер “Кыргызнефтегазга” монополия түзүп алган” деген маалыматты четке какты. Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев болсо депутаттык мандатын тапшырды.