Биз социалдык тармакта

“Бала ырысы” жөлөк пулуна онлайн арыз тапшырууга болот       

Эмгек министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова “Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды онлайн тапшыруу маселеси каралып жатканын билдирди. Ал “Кабар” агенттигине берген маегинде айткандай, бул үчүн “Түндүк” тиркемеси аркылуу арыз берилет. Өтүнмөлөр 2026-жылы 1-июндан тарта кабыл алынат. “Бизде көп учурда наристелердин документтери санариптештирилбей калган. 1-июнга чейин аларды тариздөөгө убакыт бар”,- деди Жомартова.

Жөлөк пул үчүн керектүү документтер: энесинин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Ошондой эле жеке идентификациялык номердин болушу шарт.

Эскерте кетсек, 6-мартта президент “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү жарлыгына кол койгон. Расмий маалыматка таянсак, бул жөлөк пулду өлкөдө 450 миңге жакын наристе алары күтүлүүдө. Анын суммасы ай сайын 3 жашка чейинки ар бир балага 1200 сом деп белгиленген. Үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан тегиз берилет. Аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жана “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алгандар жогорудагы жөлөк пулду ала алышпайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1213, 20-26-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан