Биз социалдык тармакта

Убагында “Кумтөрдү” башкарган Бөлтүрүк баш көтөрдү      

"Кумтөрдүн” мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк өзүнө алтын кени боюнча мыйзамсыз кылмыш иши козголгонун, ишти кайра карап чыгуу керектигин айтып чыкты. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, “Кумтөрдү” өлкөгө кайтарууда салымы чоң болгонун белгилеп, убагында кендеги коррупция менен күрөшкөнүн айтты. “18 ай издеп, менден эч нерсе табышкан жок”,- дейт Бөлтүрүк.

Ошондой эле Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” ири коррупциялык иштер боюнча маалыматы бар экенин кошумчалап, кийинчерээк айтып берүүнү убадалады.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөр” ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык иштерден бюджетке 1 миллиард 146 миллион сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.

2023-жылы Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалгандардан 844 миллион 512 миң 858 сом өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1213, 20-26-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан