Биз социалдык тармакта

Кыргызстан аял депутаттардын саны боюнча дүйнөдө алдыда      

Кыргызстан дүйнөдө аял депутаттардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.

– Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстандын парламентиндеги айымдардын саны боюнча пикир болгон. Анын алкагында биз дүйнөдө биринчи орунда турабыз. Ошондой эле кечээ Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул биздин жетишкендикти дагы да бекемдеди. Белгилей кетүүчү нерсе, аялдардын 30 пайыздык өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин президиумунда да, комитеттерде да, эл аралык достук топторунда да сакталууда. Бул биздин өлкөдө аялдарды урматтап, баалашарын көрсөтөт,- деди Маматалиев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө жаңыланган мыйзамга ылайык, ар бир округдан бирден аял шайланып келүүгө милдеттүү. Тагыраагы, 3 жеңүүчүнүн бири аял болууга тийиш. Өлкөдө 30 шайлоо округу бар. Азыркы тапта парламенттин айрым депутаттары себебин айтпастан мандатын тапшырып берип, бошогон орундарга квоталык негизде жаңы депутаттар келишүүдө. Шайлоодо 700гө жетпеген добуш алган аял талапкерлер орун жылышуунун шарапаты менен депутаттык мандат алган учурлар болууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1213, 20-26-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан