18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов кайрадан журналисттерди сынга алды. Тагыраагы, “журналисттер мафиясы сөзүмдү бурмалады” деп доомат кылууда. 11-мартта парламент жыйынында президент Садыр Жапаровго суроо берген окуясын мисал кылды.
– Журналисттер аны эмне деп чыгарышты? “Эрулан Көкүлов президентке даттанды” деп чыгарышты. Мен бул жерден президентке суроолорду берсем, анан ал үчүн даттанган болсом, анда мен айыл өкмөткө деле даттанат экенмин, акимге деле, министрге деле даттанат экенмин да,- деди ал.
Бул арада депутаттар Көкүловду “жеке маселесин ыйык трибунадан эмес, башка жерден айтсын” деп сынга алышты. Депутат Акылбек Түмөнбаев минтти:
– Трибунага чыгып алып, өзүнүн жеке маселесин 10-15 мүнөт сүйлөп, депутаттардын убактысын алып жатат. Трибунага чыгып алып “мен милиция кызматкери менен уруштум, журналист менен уруштум” деп отурат. Урушса, анын өзүнүн жеке иши. Биз эмне, Эрулан мырзаны эле угуп отура беребизби?- деп нааразы болду.
Көкүловдун билдирүүлөрү журналисттер коомчулугунда да нааразы пикирлерди жаратууда.