(Башы өткөн сандарда)
Аны менен кээде чогуу отуруп калабыз. Анткени бул үйдүн мыйзамдарынын бири – режимдин сакталуусу. Врач “ушул саатта уктоо керек” дедиби, Казат ата менен Гүлай апа баш ийишет. Бул жолу да ошондой болду. Килейген үйдүн тунжураган тынчтыгынан коркконсуп жаттым. Уйкум келбей жаткандыктан Илимдин кабинетине барып, китеп алмай болдум. Ал бир нерсе жазып жаткан экен. Сөздөн сөз чыгып отуруп, ал апам тууралуу сурады. Мурун бир нече жолу сураган. Кызык, эмнеге экенин билбейм, апам тууралуу айтсам ынтаа коюп, куду менин эмес, анын апасы тууралуу кеп болуп жаткандай кулагын төшөйт.
– Апаң сени мектепке бара жатканда узатчу беле?
Жылмайып алдым. Анткени апам мени мектепке узатканда өөп-жыттап, деги бир нече күнгө узатып жаткандай коштошчу. Болбосо, кечинде кайра эле көрүшчү элек да. Быдылдап айтып баштадым.
Апам көп учурда эки жумушта иштечү, анткени шаар ичинде батир акысын төлөп, андан кийин мени кийинтип, ичинтип, ийримдерге алып баруу кыйын болчу. Апам мугалим эле, бирок кошумча жумуштарды кылчу. Эсимде, ар каникулда тигүү цехине кирип кетчү. Биз жылда бир эле жолу эч нерсени үнөмдөбөй жашап калчубуз. Анткени апам жайы менен жакшы акча таап, мен каалаган кийимдерди алып берчү. Ал эми мектепке узатканда апам эрте туруп намазын окуп, анан мени ойготчу. Бетимден өөп, “күнүм, айым” деген сөздөрдү кулагыма шыбырап жатып ойготчу. Мен көзүмдү ачып-ача электе моюнуна асылып өөп алчумун. Эркелешип бүтүп, чачымды өрүп берчү. Мени жакшы билим алсын деп апам лицейде окуткан, өзү болсо жөнөкөй мектепте иштечү. Канча жолу сурандым, ал иштеген мектепке эле окуюн деп, бирок апам болчу эмес. Ким билет, балким, мени эркелеп жакшы окубай коёт деп ойлосо керек. Мен жакшы окуп бүттүм. Тилекке каршы, апам университетке узата албай калды. Анткени мен акыркы класста анын рак оорусуна чалдыкканы билинди. Көп аракет кылды, таякелерим көп жерге алып барышты. Бирок “акыркы стадия” деп үмүтүбүздү кесишти.
Мен апам тууралуу айтып бергенден жадабайм. Кимдир бирөө мени токтотуп койчудай болуп, ал тууралуу аптыга, шашып айтып жаттым. Анткени менин жашоомдогу жарык чачкан жалгыз адам апам эле. Анын жашоосун, мүнөзүн, жылмайышын бүт айткым келе берет. Анткени мен апамды унутуп калуудан корком. Өлүм жаман нерсе, таң калычтуу дагы... Жаныңа ушунчалык жакын болгон адамыңды топуракка берип, акырындап сууп, андан да жаманы – элеси күндөн күнгө көз алдыңдан өчө баштайт. Таптак, даана элестеткиң келет, бирок мезгилдин бүктөмдөрүндө калып кеткендей элеси эскирет. Мен апамды унуткандан корком. Өз ойлорума берилип кетиптирмин. Илим бир жерди тиктеген боюнча катып калыптыр. Эмне болуп кетти деп коркуп кеттим. Жанына барып акырын ийинине кол тийгиздим. Селт эте түштү.
– Эмне болду?- дедим.
– Эч нерсе.
– Апам тууралуу сурадың эле...- дедим таарына. Укпаган окшойт деп ойлоп кеттим.
– Ооба, апаң тууралуу сурагам. Мен өзүмдү элестетип кеттим.
– Сен укмуш эрке бала болсоң керек. Гүлай апа ушунчалык мээримдүү эне эмеспи.
– Апамбы? Ооба, апам мээримдүү адам, бирок эч качан сенин апаңдай болуп мени мектепке ойготкон эмес. Будильник ойготчу.
– Кандайча?
– Менимче, андай сүйүүнү өз энең гана бере алат.
– Өз энең?..
– Мен бакма баламын!
Оозумду ачып карап калдым. Аны бакма бала деп айтуу эч кимдин оюна келмек эмес, ата-энеси ушунчалык үстүнө үйрүлүп түшкөндөй сезилчү. Колум менен оозумду жаба калдым.
– Ишенбейм, чын элеби?
– Эмнеге калп айтмак элем, бул калп айтыла турган нерсеби?- деди ал нааразылана. – Баса, мен биринчи жолу кимдир бирөөгө бакма бала экенимди айттым. Эмнегедир бул нерсени айта алчу эмесмин. Сага кантип айтып салдым билбейм. Менимче, апаңа, сенин апаң менен болгон мамилеңе таасирленип кеттим окшойт.
Эмне дээримди билбей калдым. Мындай абалда эмне деш керек өзү? Бирок ишенгим келбей турду.
– Сен бакма экениңди...- деп барып токтоп калдым. Ал кесе сүйлөдү.
– Эс тарткандан бери эле билем. Менден эч качан жашырышкан эмес. Атам аябай чынчыл адам эмеспи. Чынчылдыктын да жаман жактары бар ушундай.
– Эмнеге?- дедим таң кала.
– Эс тарткандан баштап “мен кимдин баласымын?” деген суроо менен чоңойдум. Кийин суроо менин бүтүндөй максатыма айланды. Мисалы, сен билесиң. Каныңда кимдин каны жүрүп жатат, сенин кулк-мүнөзүң кимдики? А мен билбейм. Башымда толтура суроолор бар. Мисалы, менин апам кандай көрүнөт болду экен? Сулуу болсо керек... Ал эми атам кандай болду экен? Мен кимге окшошмун? Ушул суроолор менен өстүм. Көчөлөрдү карайм, базарларды карайм. А балким, менин апам ушудур деп кайсы бир аялдардын жүзүн тиктеп калам. Эмнеге мени таштап кетишти экен? Биринин да мага боору оорубадыбы, кийин бул баланын тагдыры эмне болот дешпедиби? Эмнеден корком, билесиңби, Тамчы?
– Жок, билбейм,- дедим араң үн чыгара.
Анын жүзүнө карай албадым. Анткени ага карасам, чыдай албай ыйлап жибермекмин. А балким, ал да мага кошулуп ыйламак. Андан кийин көп убакыт бири-бирибиздин жүзүбүздү тиктей албай качып жүрмөкпүз. Ошондуктан ага карагым келбеди. Корктум, уялдым, уялткым келбеди. Андагы айласыздыкты көргүм келбеди. Мен анын байкуш болгон каректерин көргөндөн көрө, өзүнө ишенимдүү жана текебер Илимди көрүүгө ыраазы болуп кеттим ушул тапта. Көз жашым тоголонуп кетти. Аны көрсөтпөш үчүн башымды көтөрбөдүм. Анын жүзү кандай өзгөрүлдү билбейм. Бирок үнү ушунчалык чарчаңкы болчу.
– Бул жашоодон ата-энем ким экенин билбей өтүп кеткенден корком. Үйлөнгөндөн корком, сүйгөндөн, сүйүлгөндөн корком. Анткени мен алар ойлогон бир адам эмесмин. Илимдүү академик менен профессор чоңойткон баламын. Мен алардын каны эмесмин, болгону алар өндүрүп чыгарган бир продуктмун. Алар менин кандай бала болуп чыгышыма чечим чыгарышты. А балким, мен таптакыр башка нерсе каалагандырмын, мен киммин?
Үнүн гана угуп жаттым, бирок жан дүйнөсүн так элестеттим. Сиз капаска камалган жапайы жаныбарды көрдүңүз беле? Жан далбастап чыкканга аракет кылганы менен чыга албай, жан алы калбай темир тор менен күрөшүп жатканын... Ал дагы ушундай болчу. Титиреген үнүнөн, кагазды мыжыга кармаган колдорунан сезип жаттым. Ал өзүнөн чыгып кеткиси келип жаткандай, жапайы азоо аттай жулкунуп жаткандай сезилди. Эч нерсе дей албадым. Тиктей да албадым. Эмнеге мага булардын баарын айтып салды? Аны да билбедим. Өзү да ашыкча эле сезимдерин ачыктап салганын түшүнө калды окшойт. Эмоция менен айтып жаткан үнү тып басылды. Ордунан секирип турду, тез-тез кадамдап кабинетинен чыга жөнөдү. Дарбаза жабылганын сездим. Каап, аман-эсен болсо экен, бир кырсыкка кабылбаса болду дедим санааркай. Дайыма сабырдуу, маданияттуу, сезимдерин дайым көзөмөлдөп тургандай сезилчү. Ичинде эмнелер гана сакталып жүргөнүн кара. Бул чети гана болушу мүмкүн... Мен адамдарды жакшы сезем. Бирок ушул жөндөмүмдү жек көрөм. Анткени кээде бул мага жамандык алып келет. Илимдин ички абалын сезип койгонумду ал дароо билди. Акылдуу адам да, ошону менен катар ал мага ачылып келе жаткан жан дүйнөсүн кошо жаап сала тургандай ой келди. Анткени мен билген адам анын сырына ортоктош болгон бирөөнү жөн койбойт эле. Же алыстатмак, же жакындатмак. Менимче, ал экинчисин тандайт...
(Уландысы кийинки санда)