Биз социалдык тармакта

Минур Алтынбеков, ырчы: “ӨЗҮМ МЕНЕН АТААНДАШЫП ЧАРЧАЙМ”

Бул жолку каарманыбыз — ырчы жана тамада Минур Алтынбеков. Сахнада ырдап, тойлордо алып баруучулук кылып эл кызматында келе жаткан таланттуу мырза. Чыгармачылык жаатта кеп кылып, окурманды кызыктырган суроолорго жооп алдык деп ишенебиз. 

 

– Минур мырза, кош келипсиз! Жаңылык сурашып алалы алгач...

– Кош келдим, рахмат. Жаңылыктардын бири – студия ачкам. Былтыр жакшы изилдей элек болгондуктан анча көп алек болбодум эле ал иш менен, быйыл ишке киргизип, ырларды жаздырып жатам. Өзүм да обон жазгандыктан жакшы болду деп сүйүнүп турган учурум. Сөзү, обону өзүмө таандык ырларды жаздырып жатам азыркы тапта.

– Ырчылардын көбү жеке студия ачышат. Бул киреше табуу булагыбы же ырчынын эргүүсүнөн келип чыккан муктаждыкпы?

– Жакшы иштетсе, акча тапса болот, бирок мен үчүн маанилүүсү – ыңгайлуулугу. Анткени ырды түрдүү жаздыргың келет, анан улам эле бирөөгө барып сурана албайсың. Ал эми өзүңдүн студияң болсо, үнүң жакшы ачылып турганда, маанайың жакшы учурда, эргүү келип турганда барып ырдап, түрдүү эксперименттерди кылып көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ырчынын студиясы  болгону мен үчүн эң чоң жетишкендик.

– Обон жазам деп калдыңыз, музыкалык атайын билим алгансызбы?

– Ооба, музыкалык жогорку билимим бар, өзүм да кичинемден ыр жазып жүрчүмүн. Биринчи обонум келинчегим менен кыз-жигит катары мамиледе жүргөндө чыккан. Келинчегим Жазгүлгө арнап төрт сап обон чыгаргам, ал мага ишенбей “мындай ыр бар болуш керек” деп жатпайбы (күлүп). Толук обон бүткөндө анан ишенген. Учурда бир нече обонум бар.

– Бардык иштин башаты болот. Ырчылыкка алгачкы кадамдарды таштаган убакты эстеп берсеңиз...

– Кенже Дүйшеева түптөгөн “Жебе” тобунун солисти катары сахнага кадам таштагам. Студент элем, Нияз деген тайпалашым Самат (ред: ырчы Самат Муратбеков) экөөбүзгө “силер жакшы ырдайсыңар го, кастинг болуп жатыптыр, барып көрбөйсүңөрбү?” деп калды. Биз барып жандуу үн менен ырдап бердик, ошол боюнча 6-7 ай кабарлашкан жокпуз. Кийин Кенже апабыз телефон чалып биздин топко өткөнүбүздү айтты. Аябай сүйүнгөм. Ошентип баары башталып кетти. Биринчи жолу Чубак Сатаевдин элесине арналган концертте сахнага ырдап чыкканбыз.

– “Жебе” топ катары кайра жанданышы мүмкүнбү?

– Биз чачырап кеткен деле жокпуз. Болгону үйлөнүп, балалуу болгондо ар кимдин өз түйшүгү өзүндө болуп, жеке ырчы катары кеттик. Былтыр чогуу ыр жаздырып, клип тарттырганбыз. Кумар чет өлкөдө болуп калгандыктан чогулуп калганда чыгып жатабыз. Жакында Москвада ырдап келдик, жеке ырчы катары да, топ катары да чыга беребиз.

– Топ популярдуу болуп турганда “жылдыз оорусу” жуккан учур болдубу?

– Ишенбейсиз, бирок такыр болгон жок (ойлонуп). Анткени бизди жетекчибиз ага жеткирген жок, катуу эле тарбиялап турчу. “Мен силерге витамин берип коём” деп айтчу. Ошол сөзү эле жетиштүү болчу. Адепти жакшы үйрөттү, бирок өзүмдүн чоң энем да түптөп кеткен пайдубал жакшы менде.

– Тамада катары да кызматтасыз, ал тармакта эмне кеп болууда?

– Ырчы боло электе эле мектепте иш-чараларды алып барып жүрчүмүн, кийин ырчылыкка кызыгып кеттим. Ошол тарапка кеттим, бирок Кенже апабыз “сен жакшы сүйлөйсүң, ушул тарабыңды өнүктүрсөң жакшы болот эле” деп калчу. Кийин бир кудамдын тоюн алып барып калдым, байкасам, колдон келчүдөй иш экен, ошентип тамада болуп кеттим. Булар мен үчүн куштун эки канатындай өнөр. Тамадалыкта да чыгармачылыктын үрөнү болбосо той алып бара албайсың. Ошондуктан эки жакты тең алып кетүүгө аракет кылам.

– Ырчылардын жумушу көбүнчө түндө эмеспи, бул нерсе адамды чарчатып жибербейби?

– Азыр тойлор жакшы өтүп калды. Көбүнчө ичимдик жок, адал тойлор. Мурункудай кеч калбайсың дегендей, убакытка чектөө коюлбадыбы. Мындан он жыл мурун тойлор ызы-чуу менен өтчү, азыр мени кубандырган нерсе – жаштардын көбү ичимдиктен алыс. Орто муун, улуу муун арасында бир аз бар, такыр жок деп да айта албайм. Бул элибиз үчүн жакшы нерсенин белгиси деп сүйүнүп калам, демек, келечегибиз бар.

– Чоң ата, чоң эненин колунан чоңойгон экенсиз. Ата-энеңиздин колуна келгенде көнүү оор болгон жокпу?

– Бөбөк кезимде чоң энемдин колунда тарбиялангам. Чоңоюп, мектепти бүтүргөндө ата-энемдин колуна келдим. Ал кезде кан кайнап турган учур да,  бир аз мүнөздөрүбүз келишпей калып жатты. Көнүш кыйын болду башында, кийин көнүп кеттим. Бирок “бала баккандыкы” деп жөн жерден айтышпайт экен, чоң энемдин орду мен үчүн өзгөчө. Каза болордо студент элем, ооруп жатканын угуп бардык. Энем жанында өз балдары турса тааныган жок, бир гана мени таанып, мага сүйлөдү. Сүйүүнү, тарбиянын башатын ошол кишиден алдым деп эсептейм. Азыр арбагына арнап Куран окуп турам. Бирок азыр ата-энем, бир туугандарым менен мамилем сонун.

– Чыгармачылыкта болобу, жашоодо болобу, кимдир бирөөдөн ашышым керек деген атаандашуу болдубу?

– Жок, башкалар менен атаандашуу болгон жок. Мен Минурдун мурункусу менен атаандашам. “Сен бир жыл мурун мындай элең, эми мындай болушуң керек” деп өзүмө бийик планкаларды коюп алам. Ушул жерим өзүмө жакпайт, анткени чарчатып жиберет. Өзүңдү көп жемелеп каласың. Жакшы жагы – кайсы бир ийгиликтерге жетүүгө жардам берет.

– Сиз баа берген адам?

– Чыгармачылыкта Бек Борбиевди баалайм. Ал өзүнүн легенда экенин далилдеп койгон. Канча ырчылар анын ырын ырдашты. Биз да топ учурунда бир нече ырларын ырдап калдык.

– Маегиңизге рахмат!

 

Кыска суроо – кыска жооп...

– Эң көп колдонгон сөзүңүз?

– Машааллах деп көп айтам.

– Кыялдарыңызга жеттиңизби?

– Көбүнө жеттим, аябай ыраазымын, бактылуумун.

– Балдарыңызга бергиңиз келген насаат...

– Бала көргөнүн эле кылат, ошондуктан өзүмдү жакшы алып жүрүүм керек деп ойлойм.

– Катуу уят болгон окуяңыз...

– Күздө көп той болгондуктан чарчап, 10 секундга үнүм такыр чыкпай чыйкылдап калып уят болгом.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1213, 20-26-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан