Жаз мезгилинде айрым оорулар күч алары белгилүү. Төмөнкү макалада алардын катарындагы 2 илдет тууралуу маалымат берип, алдын алуу жолдорун айтып берүүнү туура көрдүк. Материалды даярдоого Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын врачы Халида Азимбаева көмөктөштү.
Суу чечекти кандай вирус козгойт?
Суу чечек – бул варицелла-зостер вирусу козгой турган аба аркылуу жугуучу дарт. Аталган вирус баланын организмине кирген соң суу чечекти пайда кылып, оорутат. Бала айыккандан кийин вирустардын аман калгандары анын нерв түйүндөрүндө өмүр бою калып кетет. Бала чоңойгондо иммунитети төмөндөп кеткен учурда жашырынып жаткан вирус чыга калат да, белди курчап чыкчу учукту жаратат. Андыктан үйдө чоңдордун бири белди курчаган учук менен ооруса, андан балага жуккан вирустан суу чечек пайда болот.
Кимдер көп оорушат?
Дарт 1-10 жаштагы балдарды жана кичинесинде бул дарт менен оорубаган чоңдорду тооруйт. Эң көп ооругандар – 3-4 жаштагылар. Кош бойлуу аялдар ооруп калса, анда дарт ичтеги балага терс таасирин тийгизбеши үчүн оору белгилери билинер замат врачка көрүнүү керек.
Кантип жугат?
Ооруган адам сүйлөгөндө, жөтөлгөндө вирустарды бөлүп чыгарат. Ал вирустар соо баланын организмине ооз, мурун, көздүн былжыры аркылуу кирет. Алардын жашыруун көбөйүү мезгили – 9-21 күн. Суу чечекке каршы вакцина Кыргызстанда жок, айрым өлкөлөрдө колдонулат.
Кызамыктан айырмасы
Кызамык, кызылча ооруларында да денеге кызыл тактар чыгат. Бирок суу чечектен айырмасы – аталган оорулар жукканда балдардын көзү чылпактайт, жөтөлөт, мурдуларынан суу агат.
Канча убакытка созулат?
Оору 5-14 күнгө чейин созулат. Дарттын белгилери билинер замат “Тез жардам” чакыруу зарыл. Дене табы 1-2 күн азыраак көтөрүлсө, баланы үйдө караса болот. Эгер дене табы 2 күндөн ашык абдан көтөрүлүп, түшпөсө же исиркектер ириңдеп кетсе, анда баланы ооруканага жаткырып дарылоо кажет. Дарт менен бир жолу ооруган адам экинчи жолу оорубайт.
Оорунун белгилери
• Дене таптын көтөрүлүшү
• Баштын оорушу, уйкунун бузулушу
• Шалдыроо, тамакка табиттин жоголушу
• Алакан жана тамандан башка дененин бардык бөлүгүндө кызыл тактардын пайда болушу (тактар чачтын арасына, ооздун ичине, жыныстык органдарга да чыгат)
• Тактардын көлөмүнүн чоңоюшу жана ичинде суюктук бар исиркектерге айланышы
• Исиркектердин кычышуусу
• Дене табы көтөрүлгөн сайын жаңы тактардын пайда болушу
• Исиркектердин жарылып, ордуларынын карттана башташы жана жок болушу
• Айрымдарда исиркектер ичегинин былжырларында да чыгат. Бала ичим деп ыйлайт.
Дарылоо
Дарылоо оорунун белгилерине карап жүргүзүлөт.
• Дары-дармектер
Дене табы абдан көтөрүлгөндө аны түшүрүүчү таблетка же свеча берилет. Исиркектер тырмагандан улам ириңдеп кетсе, анда врач антибиотик кошуп жазып берет.
• Зелёнка
Так пайда болгондо эле сыйпалбайт. Ал ириңдеп кеткен исиркектер жарылган соң орду кургашы үчүн сыйпалат. Зелёнканын ордуна дезинфекциялоо үчүн фукорцин колдонсо да болот.
• Диета
Буларды жеп-ичкенге болбойт: таттуулар, ачуу, туздуу, кычкыл, ышталган тамак-аштар, цитрустар. Буларды жеп ичкенге болот: суусундуктар (компот, кайнатылган суу). Пюре, сүт жана сүттөн жасалган тамак-аштар.
Ооруган балага кам көрүү
• Өзүнчө бөлмөгө бөлүү. Бул башка балдарга оору жукпашы үчүн зарыл.
• Баланын тырмагына көз салуу. Эгер кир тырмагы менен тырманса, исиркектердин бети сыйрылып, бактериялар кирип кетет да, ириңдейт. Бул айыгууну кечеңдетет.
• Бөлмөнү салкын кармоо. Анткени ысыкта бүдүрчөлөр абдан кычыштырат.
• Ич кийимдерин күндө алмаштыруу.
Оору ырбап кетсе...
Дарт өтүшүп кетсе төмөнкү ооруларга алып келет: сепсис, пневмония, теринин ириңдеши, тамактын буулушу жана үндүн бузулушу.
ЭМНЕ БОЛГОН ДАРТ?
Тепме — кулак түбүндөгү шилекей бездерин, уйку жана жыныстык безди сезгентүүчү, аба аркылуу жугуучу оору. Дартты парамиксовирустар козгошот. Оору аба аркылуу жана дарттын вирусу түшкөн идиш, оюнчук жана башкалардан жугат. Мурун, ооз чел кабыгы аркылуу кирет. Шилекей, жыныс жана уйку безинде чогулуп, көбөйөт. Тепмеге каршы 15-18 айлык балдарга эмдөө жүргүзүлөт. Эмделбей калган балдар оорушат.
Кимдер оорушат?
Көбүнчө 5-15 жаштагы балдар, кээде чоң кишилер да ооруйт. Ооруп айыккан бала кайра оорубайт.
Оорунун белгилери
• Баштын оорушу
• Кулак түбүндөгү бездердин шишиши. Бир кулакта же экөөсүндө тең болушу мүмкүн
• Тамак чайнай албай калуу
• Дене таптын көтөрүлүшү
• Уйку бези сезгенгенден панкреатит оорусунун белгилери да билинет. Бейтап кээде кусат, ичи ооруйт
• Эркек балдарда урук калтасы шишийт, бирөөсү же экөөсү тең. Кыздарда цистит күтүлөт
• Бала айыгып баратып кайрадан дене табы көтөрүлсө – бул илдеттин ырбап кеткенинин белгиси. Мисалы, плеврит, отит, менингитке өтүп.
Дарылоо
• Бейтапты 9 күн өзүнчө бөлүп жаткырып, шишиген жерге күндө кургак, жылуу компресс жасоо зарыл.
• Ооз баттан кургайт. Ошого физраствор, суу менен бат-баттан чайкоо керек.
• Сезгенүүгө каршы дарылар берилет.
• Диета кармалып, блендерден өткөрүлгөн суюк тамактар берилет.
• Суюктук (чай, шире, минералдык суулар) көп берилет.
Канымжан Усупбекова