Шекер – Кыргызстанга гана эмес, дүйнөгө белгилүү айыл. Анткени улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн айыл, залкар талант айылын жана айылдаштарын өзүнүн чыгармаларында кеңири жазат эмеспи. Төмөндө ошол айыл тууралуу маалымат беребиз.
Жайгашкан жери – Талас облусу, Айтматов району, Шекер айыл аймагы
Кожолуктун саны – 639
Элдин саны – 4594 адам
Саматбек Рыспаев, Күркүрөө маданият үйүнүн директору: “Айыл шекер уруусунун атынан аталган”
– Шекер айылы Талас Ала-Тоосунун этегинде жайгашкан. Андагы асман тиреген 2 чоку Манас жана Чыңгыз деп аталат. Тоо мөңгүлөрүнөн куралган суулар биригип айылды аралап агып өткөн Күркүрөө суусун түзөт. Улуу Октябрь революциясына чейин эл уруу-уруу болуп кокту-колотто жашаган эмеспи. 1928-1930-жылдары шекер уруусу байырлаган жер тегиз жана кенен жайык келгендиктен элди ушул жерге отурукташтырып башташкан. Ошого айыл Шекер аталып кеткен. Аталышынын дагы бир вариантын айылдын өйдө жагында суусу таттуу булактын болгондугуна байланыштырышат.
Айылдан жазуучулар Чыңгыз Айтматов жана Ашым Жакыпбеков, илимпоз Роза Айтматова, СССрдин Эл артисти, актёр Капар Медетбеков чыккан. Айтматовдун каармандары Ысмайыл менен Сейде, Толгонай менен Жамийла, Танабай менен Гүлсарат, Дүйшөн менен Алтынай шекерликтерден алынган образдар экени белгилүү.
Айылдагы тарыхый жерлер
• Айыл четиндеги Жер-Үй үңкүрү. Археологиялык изилдөөлөрдө бул жерден V-VI кылымдарга таандык карапа идиштер, таштан жасалган тиричилик буюмдары табылган. Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-Бет” повестиндеги согуштан качкан Ысмайылдын жашынып жүргөн жери болгон.
• “Дүйшөндүн дарагы”. 3-4 адамдын кучагы араң жете турган терек.
• “Суу тегирмен ташы” аталышындагы таштар. Суу тегирменди бир кезде Чыңгыз Айтматовдун чоң атасы Кимбилди иштетип, элдин дан эгиндерин тартып берип турган экен.
• “Бото көз” булак. Булак дагы эле оргуп чыгып турат. “Чыңгыз 3-класста окуп жүргөндө, “сенин атаң эл душманы” деп пионерге албай коюшат. Ызага муунган Чыңгыз булакка барып ыйладым эле деп кийин жетимишке чыкканда айтып берип жатпайбы. Ошол булакка көз жашым төгүлдү эле деп “Бото көз булак” деген аңгемесин жазган”,- деп жазган Роза Айтматова эскерүүлөрүндө.
3 атактуунун айкели жана музейи бар
1. Күркүрөө маданият үйүнүн алдында Чыңгыз Айтматов, Ашым Жакыпбеков жана Капар Медетбековдун айкелдери, ичинде үчөөнүн музейи бар. Анда алардын кийимдери, колдонгон эмеректери, китептери, сүрөттөрү жана башкалары коюлган. Жыл сайын өлкөбүздөн, чет өлкөлөрдөн көптөгөн турист келет.
2. Чыңгыз Айтматов атындагы ачык асман алдындагы музей. Мында жазуучунун чыгармаларынын каармандарынын таштан чегилген айкелдери тургузулган. Нургазы, Танабай Гүлсараты менен, Дүйшөн, Алтынай, Ысмайыл, Бугу эне, Жамийла, Данияр, Акбара, Момун чал жана башкалар бар.
3. “Чыңгыз Ордо” мемориалдык комплекси. 2018-жылы 15 гектар жер бөлүнүп берилген, куруу иштери бүтө элек.
Асан Камчыбеков, айыл башчы: “Элдин кирешеси – мал жана төө буурчак”
– Элдин негизги кирешеси – мал жана төө буурчак. Андан тышкары жүгөрү, беде, эспарцет, арпа, кызылча айдашат. Буурчактын 1 гектарынан 1-2 тоннага чейин түшүм алууга болот. Тазалоочу аппараттар бар, эл төө буурчагын алып барып, таштарынан тазалатып келишет.
Тургундар 2 жылдан бери жүгөрүдөн силос жасоону өздөштүрүп жатышат. Ун тегирменге каалоочулар данын алып барып, жем, ун, талкан тарттырып кетишет. Айылда асыл тукум кой, жылкы породаларын баккан фермерлер бар. Мисалы, арашан коюн 6-7 адам багат. Чоңун 150 миң, козусун 70 миң сомго чейин сатышат. “Шайыр апалар” тобу маданий иш-чараларга, сынактарга катышып келет. Уз, усталардан да уучубуз куру эмес.
Канымбү Турдалиева, уз: “Кийизден сувенир, чокой, панно жасайбыз”
– Айылда мен жетектеген уздар тобу бар. Кийизден сувенирлерди, чокой, панно жана башкаларды жасайбыз. Алардын айрымдарын Чыңгыздын айылы деп зыярат кылып келгендер эстеликке деп сатып алып кетишет. Буюртма менен жасаткандар болот. Өзүм узчулукту кичинемде апамдан үйрөнгөм. Курак курап, сайма саям, түймө түйөм, кийиз, шырдак жасайм. Термени эми үйрөнүп жатам.
Канымжан Усупбекова