Биз социалдык тармакта

Өжөр, эмгекчил, таланттуу Сүмейе  Айдоган

Сүмейе  Айдоганды актриса Серенай Сарыкаяга окшоштургандар көп. Учурда популярдуу болуп жаткан “Жер алды” сериалында мафиозилердин кланындагы көрүнүктүү адам – Султан Ханоглунун ролун аткарып жатат. Бул роль Сүмейе  Айдоган үчүн дүйнөлүк атактуулук алып келди десек болот. Таланттуу актрисанын чыгармачылык чыйыры макалабызда.

 

Туулган жери: Түркия, Стамбул шаары

Туулган жылы: 1999-жыл, 2-апрель

Жылдыз белгиси: кой

Бою: 168 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Жер алды”, “Мени ук”, “Ырайымсыз”, “Тропиктер” жана башка

 

Полиция

Полиция кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөсү. Ата-энесинин бул олуттуу жумушуна байланыштуу бир канча шаарларга көчүп-конуп жашашкан. Мындан улам мектепте окуп жүргөндө Сүмейеге дос-курбу күтүү кыйын болгон. Жаңы окуу жайда канча күн же канча ай, жыл кармалары белгисиз болчу. Андыктан башкалардыкындай балалык кезден бери келе жаткан курбулары жок экенине өкүнөт.

Жалгыз кыз

Ата-теги Түркияга көчүп келген албандар, Сүмейенин ата-энеси түрк жеринде төрөлүп-өсүп, дээрлик түрк болуп калышкан. Актрисанын башка бир туугандары жок, үйдө жалгыз кыз. Аскер кызматкерлери болсо да жалгыз кызын эркелетип чоңойтушкан. Кичинесинен активдүү, чыгармачылыкка таланты күчтүү кыз эле. Бул талант кайдан келгени белгисиз, анткени ата-энесинде же башка туугандарында чыгармачылыкка жакыны жок. Мектепте окуп жүргөндө алгач бий, анан театралдык ийримдерге барчу. Жогорку класска жеткенде вокалдан да сабак ала баштаган.

Аракетке берекет

“Эсимде, мурда өзүмдү дайыма видеого тартып жүрчүмүн. Бул камера алдындагы толкундоолорго даяр болуу, уяңдыкты жеңүү максатым эле. Анан да дайыма жылмайып тартылганга аракет кылчумун”. Болочок актрисанын бул аракети текке кеткен эмес. Стамбулдагы Билги университетинин кино жана театр бөлүмүнө тапшырып, 3-курсту бүткөндөн кийин болгон кино компанияларга өзүнүн резюмесин, тартылган видеороликтерин жөнөтө баштаган. Киного чакырууга чейин эле моделдик агенттиктер менен иштешип, подиумду да багынтууга жетишкен.

“Сүйүү – бул сокурлук”

“Сүйүүнү сокурлук катары сүрөттөйт элем, жакшы маанисинде. Ал дүйнөнү мен өзүм курап чыгам, эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок, эч ким көрбөйт, кээде өзүм да эч нерсе көрбөй калам, эч кимге ал тууралуу айта албай калам. Айтор, кызык дүйнө сүйүү деген”,- деп ой бөлүшөт улуу сезим тууралуу. Мырзаларда чынчылдык, сыйлаганды билген, эр жүрөк, ишенимдүү, камкордук сапаттарын баалайт. Чынында эле жеке жашоосун сөз кылганды жактырбайт. Андыктан анын чыныгы сүйүү романдары тууралуу так маалымат дээрлик жок. Ал эми имиш кептер көп эле, өзгөчө ар бир жаңы тасмага тартылган сайын андагы өнөктөш актёр менен “роман курдурган” сөздөр желдей тарайт да, ошо менен жок болуп кетет.

Спортту сүйөт

“Акыркы жылдары спортту ушунчалык сүйүп калдым десеңиз, бир күн машыга албай калсам, кадимкидей апатия сезими келет” дейт актриса. Тыгыз графиктеги жумушуна, негизи эле жашоого болгон күчтү, энергияны дал ушул спорттон тапканын белгилейт. Кичинесинен максат коюп, ага жетүүгө бүт аракетин кылган өжөрлүгү спортто да жардам берип келет.

Кино

Кинодогу дебюту 2020-жылы “Үй-бүлөлүк өкмөт” аттуу комедия жанрындагы тасмада болду. Чакан роль болсо да анын оюну көрүүчүлөргө эле эмес, продюсерлерге да жагып, биринин артынан экинчи тасмага чакыруу ала баштаган. Эң жемиштүүсү Netflix платформасынан иштешүү сунушун алып,  жаштарга арналган “Жай 96” фильмине тартылууга жетишкен. Телевидениеге, тагыраагы, тасмадан сериалга 2021-жылы өттү. Анын алгачкы тартылган сериалы “Менин атам баатыр” деп аталат. Сүмейе Айдоганды баш каарман катары да, актриса катары да тааныткан “Мени ук” сериалы болду. Студенттердин жашоосун чагылдырган долбоордо директордун кызы Мелиссанын ролун ойноо менен актрисалык потенциалын ачып, күйөрмандарынын санын көбөйткөн десек болот. Дал ушул сериалдан кийин ал түрктөрдүн суроо-талапка ээ актрисаларынын катарына кошулду. Учурда экрандан кетип жаткан “Жер алды” сериалы бир нече өлкөдө көрсөтүлүүдө. Анда Сүмейе эр жүрөк Султан аттуу кыздын ролунда, образ жарашканын айтууда көпчүлүк.

Кызыктуу фактылар

• 2019-жылы алгачкы “Гүлдөр” аттуу ырын чыгарган.

• Үй-бүлөсүндө чыгармачыл адамдар жок болгону менен, анын актриса болуу тилегин бардык туугандары колдоп чыгышкан.

• Студент кезинде бий сынактарына катышып жүргөн.

• Ар бир күнүн кофе менен баштайт. Бош убактысын жакындары менен өткөргөндү, саякаттаганды баалайт.

• Азыркыга чейин актёрлук чеберчилик боюнча сабак алып турат. Түркиядан эле эмес, Европага да барып курстардан окуп келет.

• Дагы да болсо вокалдан сабак алат. Өзүнө таандык ырлардан куралган музыкалык альбом чыгаруу максаты бар.

• Жарнамалык келишимдери көп, моделдик кесипти да активдүү аркалап турган учуру. Актуалдуу болуп, жаштык, сулуулук кете электе иштеп алган туура деп эсептейт.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1213, 20-26-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан