Жоон ичегинин оорулары тууралуу маалымат беребиз. Белгилүү болгондой, бул ичегиде K жана B витаминдери пайда болуп, канга сиңип турат. Ошондой эле ичке ичегиден келген тамак калдыктарынын суюктугу жоон ичегиде кайрадан сордурулуп, канга сиңирилет.
Полип – залалсыз өсүндүлөр
Полиптер – жумшак ткандуу, оорутпай турган залалсыз өсүндүлөр. Адатта алар жоон ичегинин былжыр челинде өсүп чыгып, өлчөмдөрү кичине кезде оорутуп белги беришпейт, маселе жаратышпайт. Андыктан жоон ичегиге колоноскопия жасалган учурда гана билинет. Айрымдарда 1 гана полип болсо, кээ бирлерде алардын саны бир нечеге жетиши мүмкүн. Полиптин козу карын сымал буту бар же жалпак болушу ыктымал. Көбүнчө жоон ичегинин төмөн жагында жана сигма сымал бөлүгүндө жолугат.
Полипти жаратуучу факторлор
• Вирустар
• Ичеги инфекциялары
• Ашказан-ичегидеги сезгенүүлөр. Жарым даяр фабрикаттар, майлуу, куурулган, ышталган азыктарды көп колдонуу. Булар жашылчаларды кошуп жебеген учурда сиңиши кыйын, ичегиде көп туруп калып сезгенүүнү жаратышы мүмкүн.
• Оорулар (жара, колит, энтероколит, крон дарты)
• Курсактан алган жаракаттар
• Курсак аортасынын холестерин менен бүтөлүп, жоон ичегиге кандын жакшы барбай калышы
• Кант диабетинин 2-түрү
• Өнөкөт ич катуу
• Тамеки чегүү, ичимдикти көп ичүү
• Туура эмес тамактануу
• Кыймылдын аздыгы. Мындан ичегинин иштеши бузулат
• Тукум куучулук
• Жаш курак. Өзгөчө 40 жаштан кийин
Белгилери
• Заң менен кошо былжырдын, кандын чыгышы. Кан кетүүлөрдөн улам анемиянын жаралышы
• Ичтин көп өтүшү менен ичтин катышынын катар жүрүшү
• Шалдыроо, алсыроо
• Ичтин төмөн жагындагы оорутуу
• Ичегиде бөтөн зат бар болгондой сезим
Өтүшүп баштаганда...
Полип акыркы стадияларында ичегини абдан дүүлүктүрүп, ичти тынымсыз оорутууга жеткирет. Өлчөмү чоң болсо ичегинин жолун тосуп, эч нерсе өткөрбөй калат. Ичеги жарылганда көп кан агат. Дагы бир коркунучу полиптин ракка айланып кетиши.
Операция жолу менен гана айыгууга болот
Дартты карап текшерүүдө гастроэнтеролог, проктолог катышат. Диагноз үчүн эндоскопиялык, колоноскопиялык, иррогоскопиялык текшерүүлөр, биопсия, кан, заңдын анализдери керектелет.
Дарылоодо дары-дармектер жардам бербейт. Бир гана жол – операция жасап алып салуу. Операцияны проктолог жасайт. Кандай ыкмада жасоону полиптин көлөмүнө жараша тандайт. Мисалы, кичине болсо эндоскоп аппараты менен алынат, чоң, саны бир нече жана ичегини бүтөп калса, ачып жасалат. Ракка айланган түрү онкологдор тарабынан алынат. Операциядан кийин толук айыгуу үчүн дары-дармек ичүү керек болот.
Колит – жоон ичегинин ич катуудан сезгениши
Колит – байыркы грек сөзү, “колон” – ичеги, “ит” – сезгенүү дегенди билдирет. Тагыраагы, жоон ичегинин былжыр челинин сезгениши. Көбүнчө 20-60 жаштагылар ооруйт. Жоон ичеги алкак сымал көрүнүштө болот жана бир нече бөлүктөн турат: аппендикс, сокур, өйдө кеткен, туурасынан кеткен, ылдый кеткен жана сигма сымал ичеги. Сезгенүү жоон ичегинин каалаган бөлүгүндө, мисалы, өйдө кеткен же ичке ичегиге кошулган жеринде, түз ичеги тарабында жайгашуусу же жоон ичегини толук камтышы мүмкүн. Курч кармаган, өнөкөткө айланган деп да бөлүнөт аталган дарт.
Дарттын жаралышы боюнча бөлүнүшү
• Ишемиялык түрү. Жоон ичегини кан менен жабдуучу курсак аортасы май түйдөкчөсү менен бүтөлгөндө жоон ичеги кан менен жакшы жабдылбай калат да, акырындап сезгенүү жаралат.
• Инфекциялык түрү. Муну бактериялар (стрептококк, стафилококк, шигелла, ичеги таякчалары), вирустар жана козу карын сымалдар козгойт.
• Жара менен коштолгон түрү. Бул сезгенүү өтүшүп кеткенде пайда болот.
• Дары-дармектен жаралуучу түрү. Бул оорутууну басуучу, дене тапты түшүрүүчү, сезгенүүгө каршы дарыларды, антибиотиктерди өз алдынча баш аламан жана көп кабыл алуудан жаралат.
• Туура эмес тамактануудан. Мисалы, тамак-ашка клетчаткаларды аз колдонуудан.
• Иммунитеттин жаңылыштыгынан.
• Спирттик ичимдиктерди көп ичүүдөн.
• Ичегинин Крон оорусунан.
• Катуу суук тийүүдөн.
Кайсы белгилер дарттан кабар берет?
• Ичтин төмөн жагынын түйүлтүп оорутушу, ичтин курулдашы, көбүшү
• Көтөн чучуктун ачышып оорушу
• Дене таптын көтөрүлүшү, чыйрыгуу
• Шалдыроо
• Ич катуу, ичти бошотууда кандын, ириңдин чыгышы
• Кан кете берүүдөн анемиянын жаралышы. Өңдүн бозорушу, баштын айланышы
• Заңдоо келгенсип улам дааратканага чуркоо
• Арыктоо, организмде витаминдердин жетишсиздигинин келип чыгышы
• Инфекциялык түрүндө ич өтүү, кусуу. Мындан улам организмдин кургашы. Дене тап абдан көтөрүлөт. Адам ичтеги көбөйгөн бактериялар бөлүп чыгарган уулардан улам шалдырайт.
Диагноз үчүн рентген сүрөтү керек
• Кан, заң (мите курттар бар же жок экендигин тактоо үчүн), заара, кусундунун анализи
• Ишемиялык түрүнө шек болгондо ангиография (курсак аортасы текшерилет)
• Ичегинин рентгени
Дарт өтүшүп кетсе...
• Өнөкөт түрүндө убак-убагы менен ич бошоткондо кан кетип, ич көөп, ичегинин иштөөсү андан ары бузула берет
• Ичегиде жара пайда болот (жаралуу колит)
• Ичеги жарылып, ичегидегилер курсак көңдөйгө куюлуп, өмүргө коркунуч туулат
Дарылоодо антибиотиктер да маанилүү
Дарылоо ичине төмөнкү ыкмаларды камтыйт:
• Диета
• Инфекциялык түрүндө антибиотиктерди, туздуу сууну көп ичүү. Оорунун бул түрүн инфекционист жана гастроэнтеролог врачтар дарылайт.
• Ич катса жумшартуучу, ич өтсө аны токтотуучу каражаттар
• Сезгенүүнү кетирүүчү, дене тапты түшүрүүчү, денеден ууларды чыгаруучу дары-дармектер
• Ичегини тазалоочу энтеросорбенттер
• Ичегинин микрофлорасын калыпка келтирүүчү пробиотиктер
• Мите курттар болсо аларды өлтүрүүчү дарылар
• Ичегиде жара болгондо жана ишемиялык түрүндө операция жасалат
Канымжан Усупбекова