Бул жолу “Кыргызда эркек кишиге урмат кандай болгон?” деген суроонун тегерегинде сөз кылабыз. Азыр мырзаларга илгеркидей урмат-сый барбы? Жок десек, эмне үчүн? Эркек менен аялдын коомдогу орду өзгөрүп кетти деп да айтыла калып жүрөт. Бул нерсе, мисалы, кинолордо, интермедияларда көп чагылдырылган тема.
Атага болгон сый
Ата – үй-бүлөнүн коргоочусу, намыстын жана жоопкерчиликтин символу болгон илгери. Албетте, азыр деле. Ага урмат көрсөтүү сөз, иш-аракет, мисалы, ыйбаа кылуу менен чагылдырылган. Бул урмат үй-бүлөдө тартипти, берекени жана муундарга кала турган адеп-ахлакты сактоонун негизи эле.
Мисалы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ата келгенге чейин тамактанбай күтүүсү, ал келгенде анын ооз тийишин күтүп, анан тамакка кол салуу адатын алалы. Мунун философиясы – урмат, экинчиден, ата биринчи ооз тийген тамакта береке болот деген ишеним болгон. Учурда мындай көрүнүш кээ бир гана үй-бүлөлөрдө болбосо, дээрлик жоктой сезилет. Бул адатты таштоо менен биз балдарга атаны катардагы эле үй-бүлө мүчөсү катары көрүүгө макулдук берип жаткандайбыз. Ал эми атага урмат кылып чоңойбогон бала келечекте ээн баш, өзүм билем, текебер болуп чоңоюп калышы мүмкүн. Ата бардык чечимдин ээси болушу керек эле, азыркы тапта аталар үйдө чечим чыгаруучу эмес, чыгарылган “даяр чечимге” макул деп “кол коюучу” гана болуп калган жокпу?
Күйөөгө болгон сый
Кыргыз салтында күйөөгө болгон аялдын сыйы өзгөчө. Анын чечимин урматтоо – аялдын эң башкы милдети эле. Пикири каршы келип калса аны элдин көзүнчө айтпай, башкалар жок жалгыз калышканда акырын, жай, сылык түшүндүрүүнү туура деп эсептешкен. Эмнеге? Далил келтирүүгө аракет кылалы. Кыргызда эркектин жоопкерчилиги жана мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болгон. Себептерин карасак:
• Эркек жоопкерчиликти толук алып жүргөн. Ал үй-бүлөнү, мал-мүлктү, урууну жана коомду коргоонун камында болгон. Тажрыйба көрсөткөндөй, жоопкерчилик канчалык көп болсо акыл-эс, чечим чыгаруу жана тактык, тактикалык ички туюм ошончолук күчөйт. Мисалы, кайсы журтка кайсы убакта көчүү жеңил жана ыңгайлуу болорун эркек билген.
• Эркек көбүнчө сыртта болуп, соода жүргүзүп, кыйынчылыктарга туш болгон. Жашоо тажрыйбасын, билимин жана чечим чыгаруу жөндөмүн өнүктүргөн.
• Жоого аттануу, өлүм менен каршылашуу, тирүү калууга аракет, мунун баары акылдын өсүшүнө салым кошкон. Бул – аялдар акылсыз дегендик эмес, эркектер көбүрөөк тажрыйбалуу болушкан деген сөз.
Мырзаны сыйлоонун сырткы көрүнүштөрү
• Сөз менен. Эркек кишинин сөзүн бөлбөө керек болгон, мырзанын сөзү чоң салмакка ээ. Аны урматтоо — анын чечимдерин сыйлоо, кеңешине кулак салуу менен ишеним көрсөтүлгөн. Айылдын аксакалдарынын алдынан баспоо, алар өтүп кеткиче күтүп туруу менен да сыйды билдиришкен. Бул кыргыз аялдарындагы ыйбаа кылуунун жана сыйдын белгиси. Келин кайната, кайнага, уруулаш эркектерге жүгүнүү менен урматын билдиришкен. Келиндерге азыркыдай үнүн угузуу өөн көрүнүш эле, унчукпай жүгүнүү менен амандашкан.
• Буюмдар аркылуу. Мырзанын кылычы, камчысы, ат жабдуулары, кийим-кечеси урмат менен сакталган. Мисалы, мырзанын камчысын өйдө илүү, баш кийимин балдардын колу жетпеген жакка коюу керек болгон. Ал эми жоокердин куралы анын уруксатысыз ордунан козголбош керек деп саналган. Казатта каза болуп калгандардын куралын уулу же ошол үйдүн кичүү эркеги эр жеткенде гана кынынан суурулуп, өзүнө өткөрүп алган. Аялдар андай буюмдарды сактоочу гана милдетти аркалашчу.
• Мээрим жана кызмат көрсөтүү аркылуу. Аялдар мырзага жылуу мамиле жасашкан, ал ата болобу, күйөө болобу, уул бала болобу акырын гана айтып, мээрим менен камкордук көрсөтүшкөн. Тамакты сый менен даярдоо, керек учурда жардам берүү, акыл айтуу да зарыл деп билишкен. Балким, ошол үчүн азыркыдай “сен же мен” деген акыйнектер жаралбаса керек.
Эркектерди сыйлоонун утушу
Чынында “эмне утабыз?” деген суроо болбошу керек. Бирок азыркы мамилелер пайда-зыян деп көбүрөөк өлчөнүп калгандыктан бул нерсени көз жаздымда калтырууга болбойт. Адамдын табияты “эмне утам?” деген суроонун үстүндө курулат эмеспи. Эркекти сыйлоодо төмөнкү пайдаларга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар.
• Үй-бүлөнүн берекесин сактап калууга жол ачылат. Ажырашуулар аз болот, балдардын жетим болуп калуу коркунучу азаят. Психологиялык жактан алып караганда эркекти сыйлоо менен үй-бүлөдөгү бекем тартипти жана гармонияны сактоого шарт түзүлөт.
• Аял урмат менен мамиле кылган сайын күйөө үй-бүлөнүн башкаруучусу катары ишенимге ээ болот, ал үй-бүлөнү коргойт жана чечимдерин туура чыгарат. Жалпак тил менен айтканда, “мен кыйын, сен кыйын” деген темалар азаят. Жоопкерчиликти берип коюп аял тынч уктайт.
• Коопсуздук жана коргоо. Урмат көрсөтүлгөн эркек үй-бүлөдө күчтүн жана коргоочулук функциясын жакшы аткарат. Ал балдарынын жана аялынын материалдык жактан муктаж абалда калышына жол бербейт. Аял өзүн коопсуз сезет жана балдар коргоодо тарбияланып чоңоёт.
• Балдарга үлгү берүү. Аял эркекти сыйлаганда балдар урмат-сый, намыс жана жоопкерчилик философиясын үйрөнөт. “Атам чечти, демек, туура” деген ой аларга келечекти камсыздайт. Бул тарбия муундарды коомго пайдалуу, адептүү кылат.
• Социалдык жана маданий статус. Эркекти сыйлоо менен аялдын коомдогу орду бекемделет. Белгилүү инсандын аялы болгону үчүн гана сыйлуу жерлерде жүргөн айымдарды көрүп эле жатсаңыз керек. Күйөө сыйлуу болгонун сезгенде анын айымына да коом тараптан урмат көрсөтүлөт. Ал эми аял башкарган үй-бүлөдө экөө тең ыңгайсыз абалда болушат. Куду башка бирөөнүн көйнөгүн кийип алып, ал жарашпагандай сезим тартуулайт. Баркталган күйөөнүн жанында аялдын да кадыр-баркы өсөт. Буга мисал, Алымбек датка менен Курманжан датканы элестетсеңиз болот.
Жыйынтыктап айтканда, аял эркекти сыйлаганда, ал үй-бүлөдө тынчтык, урпактын келечеги, балдардын тарбиясы жана өзүнүн кадыр-баркын утат. Урмат жана сый – бул кыргыз философиясында үй-бүлө жана коомдун негизги баалуулугу.
Нуржамал Жийдебаева